Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди уюштуруу жаатындагы ведомстволук бөлүкчөсү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Министрликтин нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Департаменттин толук расмий аталышы төмөнкүдөй:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча департаменти;
- расмий тилде: Департамент по предупреждению и ликвидации чрезвычайных ситуаций при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзгөн, казыналык системада эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
Департаментти кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдагы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин юридикалык дареги төмөнкүдөй: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ж.Бөкөнбаев көчөсү, 182.
7. Департамент жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Департаменттин түзүмү жана штаттык саны министр тарабынан бекитилет.
8. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү, табигый кырсыктардын, авариялардын, катастрофалардын, кесепеттерин жоюу, курулуш жана калыбына келтирүү иштери боюнча мамлекеттик заказ берүүчүнүн функцияларын аткаруу;
- табигый кырсыктардын алдын алууга жана жоюуга багытталган курулуш жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин мамлекеттик программаларын артыкчылыктуу милдеттерге жараша иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
10. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- табигый кырсыктардын, авариялардын, катастрофалардын алдын алуу жана жоюу, курулуш жана калыбына келтирүү иштери боюнча мамлекеттик заказ берүүчүнүн функцияларын жүзөгө ашырат;
- куткаруу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча кечиктирилгис башка иштерди аткарат;
- Министрликтин программасына киргизилген коргоочу курулмалардын жана башка объекттердин курулушуна, бүтпөй калган курулушту кыскартуу максатында капиталдык салымдардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролдук жана техникалык көзөмөл жүргүзөт;
- андан ары ишканаларга (уюмдарга) пайдаланууга берүү үчүн кабыл алуу комиссиясына аяктагын курулуштарды жана объекттерди берет;
- калыбына келтирилип жаткан жана табигый кырсыктын айынан бузулгандардын ордуна курулуп жаткан объекттерди материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылат, ошондой эле алар үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып алат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргызстан макулдашуу түзгөн башка мамлекеттердин аймагында өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча авариялык иштерди уюштурат жана өткөрөт;
- селдерден, суу ташкындарынан жана башка өзгөчө кырдаалдардан калктуу конуштарды жана объекттерди коргоону камсыз кылган иш-чараларды жүргүзөт;
- коргоо иш-чаралары жана авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча маселелерди Министрликтин техникалык кеңешинин кароосуна киргизет;
- коргоочу инженердик курулмалардын долбоорлорунун экспертизасын өткөрөт;
- авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгат;
- өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу, кырсыктарда жардам көрсөтүү менен байланышкан проблемалардын жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүргүзөт, ушул багыттагы эл аралык тажрыйбаны окуп-үйрөнүүнү, жалпылаштырууну жана жайылтууну уюштурат;
- мамлекеттик капиталдык салымдардын жана Министрлик бекиткен каржылоонун башка булактарынын эсебинен алдын алуучу жана калыбына келтирүүчү мүнөздөгү өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес арналыштагы объекттерди куруунун программасын ишке ашырат;
- оперативдүү башкаруу укугунда Департаментке берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылат.
11. Бул Жобо менен аныкталган негизги милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана алар боюнча жоопкер болууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Департаменттин карамагындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга чараларды көрүүгө;
- уюштуруу, өндүрүштүк, финансылык-чарбалык маселелерди өз алдынча чечүүгө;
- калкты жана курчап турган чөйрөнү өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган факторлорду эске алуу менен өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун схемалары, аймактарды пландоонун жана куруунун долбоорлору боюнча сунуштарды даярдоого өзүнүн компетенциясынын чегинде катышууга;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу менен байланышкан маселелер боюнча жазма буйруктарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга жана уюмдарга берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
12. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары болот. Директордун орунбасары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ал түздөн түз директорго баш ийет, Департаменттин ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык уюштурат. Директор жок болгон учурларда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Департаменттин башкы бухгалтери Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн-түз баш ийет;
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним каты жок эле Департаменттин атынан иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциянын сотторунда анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин директорунун орун басарынын жана башкы бухгалтеринин кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди министрге сунуш кылат;
- орун басардын жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн функционалдык милдеттерин бекитет;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын министрге бекитүүгө берет;
- түзүмдүк бөлүкчөлөр (башкармалыктар, бөлүмдөр, кызматтар) жөнүндө жоболорду жана Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана жаза берүү чараларын колдонот;
- Департаменттин милдеттеринен жана функцияларынан келип чыккан, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
15. Департаменттин мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алуу, кызмат өтөө жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
16. Негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар Департаменттин мүлкүн түзөт.
17. Департаменттен анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департаментти кайрадан уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
20. Департаменттин ишинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
|
|