Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы N 567 токтому менен бекитилген |
1. Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча штаб Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну (мындан ары - ИМЖ) өз убагында даярдоо жана жүргүзүү маселелери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн коллегиялуу координациялык орган болуп саналат.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишине жетекчиликти төрага, ал жокто - төраганын орун басары жүзөгө ашырат.
4. Штабдын негизги милдети Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча чараларды өз убагында көрүү болуп саналат.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- ИМЖны даярдоо жана жүргүзүү боюнча жумуштардын аткарылышынын жүрүшүн караштырат;
- алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- иштерди илгерилетүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Камбарата ГЭС-2де тосмонун тулкусун тургузууга карата курулуш объекттеринин даярдыгынын мониторингин жүзөгө ашырат;
- Камбарата ГЭС-2де ИМЖы жүзөгө ашырылганга чейин жана андан кийин турак жай фондунун абалын белгилөө үчүн мониторингди жүзөгө ашырат;
- укук бузууларга жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрөт;
- Камбарата ГЭС-2де тосмонун тулкусун тургузуу үчүн ИМЖны даярдоо жана жүргүзүү боюнча иштерди контролдойт.
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин штабдын максаттары менен милдеттеринин чегиндеги маалыматын угууга;
- өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден зарыл болгон материалдарды жана маалыматты суратып алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбашына жана Камбарата ГЭС-2де ИМЖ жумуштарын даярдоо боюнча милдеттерди аткаруунун үзгүлтүккө учурашына жол берген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиликтерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- курулуш, ИМЖны даярдоо жана жүргүзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоого;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан компетенциясына ылайык Штабдын чечимдерин кыйшаюусуз аткарууну талап кылууга;
- ИМЖны даярдоо жана жүргүзүү мезгилинде Камбарата ГЭС-2ге жакын жайгашкан калктын, ишканалардын жана уюмдардын ишине жана кыймыл-аракетине белгиленген тартипте чектөө киргизүүгө.
7. Штаб Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт. Штабдын мүчөлөрүнүн персоналдык курамы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилеринин макулдашуусу боюнча Штабдын төрагасы тарабынан аныкталат. Штабдын мүчөлөрү Штабдын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды Штабдын талкуусуна коюуга укуктуу болушат.
8. Штабдын иш формасы заседание же селектордук кеңешме болуп саналат, алар анын жетекчисинин чечими боюнча зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү заседаниелерге же селектордук кеңешмелерге жеке өздөрү катышат. Штабдын мүчөсү заседаниелерге жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда ага белгиленген тартипте тартиптик жаза чарасы колдонулушу мүмкүн.
9. Штабдын заседаниесинин жыйынтыгы боюнча төрага кол коюучу протокол түзүлөт.
10. Штабдын чечими Штабдын мүчөлөрүнүн жалпысынын жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу кабыл алынат жана аларды ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдардын бардыгына маалымдалат.
11. Штаб тарабынан кабыл алынган чечимдер зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ