Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 токтому менен бекитилген |
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жана жүгүртүү
§1. Бул Жобонун жөнгө салуу предмети
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздарды (мындан ары - ислам баалуу кагаздары) эмиссиялоодо жана жүгүртүүдө пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
2. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жана жүгүртүү ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
§2. Исламдык каржылоонун негизги принциптери
3. Баалуу кагаздарды чыгарууда эмитент төмөнкүлөргө укуксуз:
- эгерде баалуу кагаздар базалык активдин менчигине ээлик кылуунун үлүшүн салым катары кошулган каражаттардын өлчөмүнө пропорционалдуу күбөлөндүрсө, баалуу кагаздардын наркынан процент түрүндө сый акы эсептөөгө;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерге кепилдик берүүгө.
4. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан жана жайгаштыруудан алынган каражаттар укукка каршы жана Кыргыз Республикасына, анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян келтире турган, ошондой эле тамеки, алкогол продукцияларын, куралды жана ок дарыларды, порнографиялык мүнөздөгү продукцияларды өндүрүү жана (же) сатуу, оюн бизнеси жана Шариаттык кеңеш каржылоого тыюу салган ишкердиктин башка түрлөрү менен байланышкан башка иштерди каржылоого жумшалбашы керек.
Шариаттык кеңеш ислам баалуу кагаздарынын эмитентинин ишине милдеттүү түрдө аткарылуучу башка талаптарды кошумча аныктоого укуктуу.
§3. Бул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар
5. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) аффилирленген адам - жеке жана юридикалык жак, ал башка жеке же юридикалык жактын кабыл алуучу чечимдерине тикелей же кыйыр түрдө таасир бере алат жана юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына түзүлгөн келишимдин негизинде же башкача жол менен олуттуу таасир тийгизе алат;
2) исламдын атайын финансылык компаниясынын бөлүнгөн активдери исламдын атайын финансылык компаниясы сатып алган мүлк жана талап коюу укуктары, алар боюнча түшкөн каражаттар;
3) ислам баалуу кагаздарын кармоочу - эмитенттин мүлкүнө болгон милдеттүү түрдөгү укукту берүүчү кеминде бир ислам баалуу кагазына ээ болуп, ушуга байланыштуу ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары жана милдеттенмелери бар жеке же юридикалык жак;
4) ислам баалуу кагаздарын ишеним берип башкаруу - карамагына өткөрүп берилген ислам баалуу кагаздарын белгилүү бир мөөнөттүн ичинде сый акы үчүн юридикалык жактын ишеним алып өз атынан башкарууну жүргүзүүсү;
5) инвестициялык долбоор - иш-чаралардын комплекси, бул иш-чараларда материалдык жана материалдык эмес активдер киреше алуу жана (же) пайдалуу натыйжага жетишүү түрүндөгү белгилүү бир жыйынтыктарга багытталып салым катары салынат жана мында инвестор өзүнүн инвестицияларына карата практикалык иштерди жүргүзөт, ошондой эле бул иш-чаралар белгилүү бир мезгилдин ичинде ишке ашырылат жана бүтүүчү мүнөзгө ээ болот;
6) исламдын атайын финансылык компаниясы - оригинатор тарабынан акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак, ал ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык ислам баалуу кагаздарын чыгарууну жүргүзөт;
7) ислам баалуу кагаздары - эмиссиялык баалуу кагаздар, аларды чыгаруунун шарттары исламдык каржылоонун принциптерине ылайык келет, мында материалдык активдердин бөлүштүрүлгүс үлүшүнө ээлик кылуу укугу, активдерди жана аларды пайдалануудан түшкөн кирешелерди, каржылоо үчүн ушул баалуу кагаздар чыгарылган конкреттүү долбоорлордогу кызмат көрсөтүүлөрдү же алардын активдерин тескөө укугу күбөлөндүрүлөт;
8) ислам ижара сертификаттары - ислам баалуу кагаздары, алар ислам банкы же исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан чыгарылат, мында аларды жүгүртүүнүн мөөнөтү алдын ала белгиленип, бул баалуу кагаздарды кармоочулар ижара келишими (финансылык лизинг) боюнча алынуучу кирешелерди алуу укугуна ээ болушат;
9) ислам катышуу сертификаттары - ислам баалуу кагаздары, алар исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан чыгарылат, мында аларды жүгүртүүнүн мөөнөтү алдын ала белгиленип, бул баалуу кагаздардын максаты жаңы инвестициялык долбоорду уюштуруу, иштеп жаткан инвестициялык долбоорду өнүктүрүү же келишимдин негизинде ишкердикти каржылоо үчүн тартылган каражаттарды пайдалануу эсептелет;
10) ислам баалуу кагаздарынын номиналдык наркы - ислам баалуу кагаздарынын наркынын акчалай белгилениши, бул нарк ислам баалуу кагаздары алгачкы жайгаштыруунун алкагында сатып алынганда, ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспектинде белгиленген шарттарда инвестор тарабынан төлөнөт;
11) оригинатор - ислам банкы, анын активдери исламдын атайын финансылык компаниясына сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде берилет жана (же) бул банк исламдын атайын финансылык компаниясын уюштуруучу болуп эсептелет;
12) ислам баалуу кагаздарын тындыруу - кармоочуга таандык ислам баалуу кагаздарынын санынын ушул чыгаруудагы ислам баалуу кагаздарынын жалпы санына болгон пропорционалдуу катышындагы үлүшкө туура келген акчалай сумманы мөөнөтүндө төлөө, бул мөөнөт ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспектинде белгиленет, ал эми акчалай сумма бөлүнгөн активдердин эсебинен ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган башка нормативдик укуктук актыларына ылайык төлөнөт;
13) ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, ал эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде ислам баалуу кагаздарын кармоочунун кызыкчылыгында иштейт;
14) ислам баалуу кагаздарынын эмитенти - юридикалык жак, ал ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдында ушул ислам баалуу кагаздарында бекитилген укуктарды жүргүзүү боюнча милдеттенмелерди өзүнүн атынан алат;
15) резервдик фонд - ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган акча каражаттарын инвестирлөөнүн натыйжасында пайда болгон чыгымдарды жабуу үчүн арналган каражаттар, резервдик фондду түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспекти менен аныкталат;
16) шариаттык кеңеш - банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү көзкарандысыз орган, ал компанияны уюштуруучулардын чогулушунун уставына ылайык түзүлүп, ислам банкынын бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариаттын стандарттарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.
§4. Оригинатор жана исламдын атайын финансылык компаниясы (ИАФК)
6. Оригинатор өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы бар болсо, банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүргүзөт.
7. Катышуунун ислам ижара сертификаттарын чыгарууда оригинатор сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде активди исламдын атайын финансылык компаниясына сатат, исламдын атайын финансылык компаниясы ушул активди ислам ижара сертификаттарын жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен сатып алат. Исламдын атайын финансылык компаниясы ижара келишиминин (финансылык лизингдин) негизинде оригинаторго өткөрүп берет жана ушул активди ижаралоо келишими боюнча түшкөн төлөмдөрдү ислам ижара сертификаттарын кармоочуларга бөлүштүрөт.
Ислам катышуу сертификаттарын чыгарууда оригинатор ислам катышуу сертификаттарын чыгаруудан түшкөн каражаттардан каржылануучу инвестициялык долбоорго катышат, мындай катышуу ушул долбоорго мүлктү кошуу жана (же) исламдын атайын финансылык компаниясына таандык акцияларды (катышуу үлүштөрүн) ишеним алып башкаруу аркылуу жүргүзүлөт. Оригинатор жана исламдын атайын финансылык компаниясы өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүшөт, анда оригинатор активди кошот, ал эми исламдын атайын финансылык компаниясы ислам катышуу сертификаттарын чыгарууда тартылган каражаттарды кошот.
8. Инвестициялык долбоор боюнча кирешелер (пайдалар) жана чыгымдар баалуу кагаздарды чыгаруу проспектинин шарттарына ылайык исламдын атайын финансылык компаниясы менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт.
9. Оригинатор ислам катышуу сертификаттарын чыгаруу проспектинде белгиленген өлчөмдөгү комиссиондук сый акы алууга укуктуу.
10. Оригинатор өзүнүн каражаттары менен коммерциялык же башка банктык эмес уюмдарга жана финансылык мекемелерге катыша алат.
Оригинатор төмөнкүдөй учурларда ислам баалуу кагаздарын сатып алат:
- ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектинде белгиленген учурларда;
- өнөктөштүк жөнүндө келишимдин шарттарында каралган учурларда;
- исламдын атайын финансылык компаниясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда.
11. Инвестициялык долбоор аяктаган учурда оригинатор ислам катышуу сертификаттарын каралган милдеттенмелери боюнча мөөнөтүнөн мурда тындырууга милдеттүү.
Инвестициялык долбоор төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет:
- өнөктөштүк жөнүндө келишимде каралган инвестициялык долбоордун мөөнөттөрү аяктаган учурда;
- ислам катышуу сертификаттарын чыгаруу проспектине ылайык ислам катышуу сертификаттары толугу менен тындырылган учурда;
- киреше алуу жана (же) пайдалуу башка натыйжага жетишүү түрүндө коюлган максаттарга жана натыйжаларга жетишкен учурда.
12. Оригинатор жоюлган учурда, исламдын инвестициялык катышуу сертификаттарын кармоочулардын өкүлдөрү ушул инвестициялык долбоорду түзгөн мүлктү сатып, аталган мүлктү сатуудан түшкөн акчалай каражаттарды исламдын инвестициялык катышуу сертификаттарын кармоочуларга төлөп берүүгө тийиш, төлөп берүү кармоочулардын ислам катышуу сертификаттарын чыгаруунун көлөмүндөгү үлүштөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
13. Каржылоо үчүн долбоорлор тандалып жатканда, ислам катышуу сертификаттарын кармоочулар оригинатор менен бирдикте ислам катышуу сертификаттарын чыгаруунун шарттарында каралган учурларда, чечим кабыл алууга укуктуу. Бул учурда оригинатор өзүнүн ишин "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларда берилген компетенциясынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт.
Шариаттык кеңеш оригинатордун ишине талаптарды аныктоого укуктуу, бул талаптар оригинатор үчүн милдеттүү түрдө болот.
14. Исламдын атайын финансылык компаниясы ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап түзүлдү деп эсептелет.
Исламдын атайын финансылык компаниясы оригинатор тарабынан гана түзүлөт, ал исламдын атайын финансылык компаниясына мүлктү өткөрүп берет жана активдерди бөлүп берет.
Исламдын атайын финансылык компаниясын түзүүгө жана анын ишине коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
15. Исламдык атайын финансылык компаниясы тарабынан ислам баалуу кагаздарын уюштуруучу катары чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.
16. Исламдык атайын финансылык компаниясынын уставдык капиталы акчалай каражаттардан гана түзүлөт.
17. Мурда чыгарылган ислам баалуу кагаздарын тындыруу аяктаганга чейин кийинки ислам баалуу кагаздарын чыгарууга тыюу салынат.
18. Исламдын атайын финансылык компаниясы жылдын финансылык отчетун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудиттен өткөрүүгө милдеттүү.
19. Исламдык атайын финансылык компанияны ыктыярдуу кайрадан уюштуруу же жоюу чыгарылган ислам баалуу кагаздарын тындыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет бекитилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
Исламдык атайын финансылык компанияны ыктыярдуу кайрадан уюштурууга же жоюуга макулдук берүү жөнүндө чечим жана жазуу жүзүндөгү кабарлоо исламдын атайын финансылык компаниясынын тиешелүү арызы түшкөн күндөн баштап отуз календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт. Ыктыярдуу кайрадан уюштурууга же жоюуга уруксат берилбесе, исламдын атайын финансылык компаниясы баш тартуунун негизи көрсөтүлүп, кабарланат.
Иштеп жаткан исламдын атайын финансылык компаниясын кайрадан уюштуруу (кошуу, бөлүштүрүү, ажыратуу же кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
20. Исламдын атайын финансылык компаниясын ыктыярдуу кайрадан уюштурууга же жоюуга уруксат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
21. Исламдын атайын финансылык компаниясы бөлүнүп берилген активдер боюнча түшкөн каражаттарды чыгарылган ислам баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди аткарууга гана пайдаланат, буга ислам баалуу кагаздары боюнча тиешелүү түрдөгү резервдик фонддорду түзүү да кирет. Биринчи кезекте чыгарылган ислам баалуу кагаздары боюнча исламдын атайын финансылык компаниясынын милдеттенмелери аткарылат, андан кийин ушул чыгаруу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн акылары төлөнөт.
22. Бөлүп берилген активдер исламдын атайын финансылык компаниясынын өздүк каражаттарынан өзүнчө эсепке алынат.
23. Исламдын атайын финансылык компаниясы чыгарган ислам баалуу кагаздарын камсыздоо болуп эсептелген бөлүнүп берилген активдерге жаза чарасын көрүү исламдын атайын финансылык компаниясынын милдеттенмелерин аткаруу үчүн гана колдонулушу мүмкүн.
24. Исламдын атайын финансылык компаниясы өздүк каражаттары жана бөлүнүп берилген активдер боюнча өз-өзүнчө бухгалтердик отчетту жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.
25. Исламдын атайын финансылык компаниясынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Өзүнүн ишин жүргүзгөндө исламдын атайын финансылык компаниясы оригинатордун жана Шариаттык кеңештин талаптарын жетекчиликке алат.
26. Исламдын атайын финансылык компаниясынын аталышы анын ишине шайкеш келүүгө жана "ИАФК" деген аббревиатураны камтууга тийиш.
Бул Жобого ылайык исламдын атайын финансылык компаниясы катары катталбаган юридикалык жактар өзүнүн аталышында "ИАФК" аббревиатурасын пайдаланууга укуксуз.
27. Исламдын атайын финансылык компаниясы жана компаниянын кызмат адамдары өздөрүнүн укук бузган иш-аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
§5. Ислам баалуу кагаздарынын түрлөрү
28. Ислам баалуу кагаздарына төмөнкүлөр кирет:
- ислам ижара сертификаттары;
- ислам катышуу сертификаттары.
29. Ислам ижара сертификаттары аларды кармоочуларга төмөнкүдөй укуктарды берет:
- ижара келишими боюнча (финансылык лизинг) алынуучу кирешелерди алууга;
- бөлүнүп берилген активдерди түзгөн мүлктүн үлүшүнө шайкеш келген акчалай сумманы алууга, бул сумманын өлчөмү кармоочуга таандык ислам ижара сертификаттарынын санынын ислам ижара сертификаттарынын жайгаштырылган жалпы санына болгон пропорционалдуу өлчөмүндө барабар;
- эмитенттин жана (же) оригинатордун иши жөнүндө маалыматты алууга, анын ичинде ислам ижара сертификаттарын чыгаруу проспектинде аныкталган тартипте эмитенттин (оригинатордун) финансылык отчету менен таанышууга;
- коомдун каттоочусунан же номиналдуу кармоочудан ислам ижара сертификаттарына болгон менчик укукту ырастоочу көчүрмөлөрдү алууга;
- ушул Жободо каралган башка укуктар.
30. Исламдын атайын финансылык компаниясы ислам ижара сертификаттарын чыгаруу, аларды жайгаштыруудан алынган акчалай каражаттарга мүлктү сатып алуу, ошондой эле ушул мүлктү ижаралоо келишими (финансылык лизинг) боюнча түшкөн төлөмдөрдү ислам ижара сертификаттарын кармоочуларга бөлүштүрүү.
31. Оригинатор (ислам банкы) исламдын атайын финансылык компаниясынан мүлктү сатып алган учурда, ислам ижара сертификаттарын мөөнөтүнөн мурда тындыруу шарты ислам ижара сертификаттарын чыгаруу проспектинде каралууга тийиш.
32. Ислам ижара сертификаттарын чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун башка шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.
33. Исламдын атайын финансылык компаниясы чыгаруучу ислам катышуу сертификаттарын чыгаруудан алынган каражаттар пайда табуу жана аны келишимге ылайык тараптарга бөлүштүрүү максатында инвестициялык долбоорлорду же ишкердикти каржылоо үчүн колдонулат.
34. Ислам катышуу сертификаттары аларды кармоочуларга төмөнкүдөй укуктарды берет:
- өнөктөштүк жөнүндө келишим боюнча кирешелерди алууга;
- эмитенттин жана (же) оригинатордун иши жөнүндө маалыматты алууга, анын ичинде ислам катышуу сертификаттарын чыгаруу проспектинде аныкталган тартипте эмитенттин (оригинатордун) финансылык отчету менен таанышууга;

35. Исламдын атайын финансылык компаниясы ислам катышуу сертификаттарын чыгаруу жана ислам сертификаттарын жайгаштыруудан алынган акчалай каражаттарды инвестициялык долбоорлорго катышууга берүү, ошондой эле чыгарылган ислам катышуу сертификаттары боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн түзүлөт.
36. Инвестициялык долбоор аяктаганда, оригинатордун ислам катышуу сертификаттарын мөөнөтүнөн мурда тындыруусунун шарты ислам катышуу сертификатын чыгаруу проспектинде каралууга тийиш.
37. Ислам катышуу сертификаттарын чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун башка шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен аныкталат.
§1. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспекти
38. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектисинин ажырагыс бир бөлүгү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- финансылык отчет;
- акыркы аяктаган үч финансылык жыл үчүн же эгерде эмитенттин иштегени үч жылга толо элек болсо, анда ар бир финансылык жыл үчүн эмитенттин жылдык бухгалтердик отчету - аталган бухгалтердик отчеттун аудитордук (аудиторлордун) корутундусу;
- проспект түзүлгөн учурга карата аяктаган акыркы отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчету;
- акыркы аяктаган үч финансылык жыл үчүн оригинатордун жылдык финансылык отчету, ал аудитордук отчет менен ырасталууга тийиш жана документ берүү күнүнө карата акыркы квартал үчүн оригинатордун финансылык отчету. Эгерде эмитенттин иштегени үч жылга толо элек болсо, анда отчет ар бир финансылык жыл үчүн берилет;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын кызыкчылыктарында иштөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү, бул келишим ислам баалуу кагаздарынын эмитенти менен ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт;
- инвестициялык долбоордун бизнес-планы, мында долбоордун, болжолдонгон финансылык агымдардын, долбоордун потенциалдуу тобокелдиктеринин, өзүн-өзү актоо мөөнөттөрүнүн толук баяндалышы камтылып, ал оригинатордун башкаруу органы (байкоо кеңеши) тарабынан бекитилет жана Шариаттык кеңеш менен (ислам катышуу сертификаттарын мамлекеттик каттоо үчүн) макулдашылат.
39. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспекти төмөнкүдөй талаптарды камтууга тийиш:
1) проспекти түзүү күнү;
2) проспект Шариаттык кеңеш менен макулдашылгандыгы жөнүндө маалымат, мында Шариаттык кеңештин аталышы көрсөтүлөт;
3) эмитент жана оригинатор жөнүндө төмөнкүдөй жалпы маалыматтар:
эмитенттин, ошондой эле оригинатордун жана алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн аталышы жана даректери;
эмитенттин жана оригинатордун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө маалыматтар;
эмитенттин жана оригинатордун ишинин түрлөрү;
акыркы аяктаган үч финансылык жыл үчүн эмитенттин жана оригинатордун финансылык отчетуна аудит жүргүзүүчү (жүргүзө турган) аудитордук уюмдардын расмий толук аталышы;
эмитенттин өнөр жай, банк жана финансы топторуна, башка бирикмелерге катышуусу;
4) эмитенттин башкаруу органдары жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
эмитенттин башкаруу органдарынын түзүмү жана компетенциялары жөнүндө жана директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) мүчөлөрүнө, аткаруу органынын мүчөлөрүнө жана эмитенттин жетектөөчү башка адамдарына төлөнүүчү сый акы жөнүндө маалыматтар;
эмитенттин уюштуруу түзүмү;
5) эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жана аффилирленген адамдары жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалыматтар;
эмитенттин аффилирленген башка адамдары жөнүндө маалыматтар, эмитенттин кызмат адамдарын кошпогондо;
эмитент жүргүзүүчү, аффилирленген адамдар катышуучу бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар;
эмитенттин жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө түзүлгөн жактары жөнүндө маалыматтар;
6) эмитенттин ишин баяндоо;
7) эмитенттин жана оригинатордун финансылык абалы жөнүндө маалыматтар;
8) эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар;
эмитенттин ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө чейин катталган эмиссиялык баалуу кагаздарынын чыгарылышы жөнүндө маалыматтар;
ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жөнүндө маалыматтар;
9) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар.
40. Бул Жобого ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актыларда проспектин курамына, мазмунуна жана аны тариздөөнүн тартибине коюлуучу талаптар белгилениши мүмкүн.
41. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспекти Шариаттык кеңеш менен макулдашылууга тийиш.
42. Эгерде чыгаруу проспектиндеги шарттар ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, эмитент чыгаруу проспектинде белгиленген баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун шарттарын өзгөртүүгө укуксуз.
43. Ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өтүп, мамлекеттик каттоонун номерлери ыйгарылган учурдан баштап эмитент ислам баалуу кагаздарын чыгарууга укуктуу. Ислам баалуу кагаздарын чыгарууну мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин ушул ислам баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.
Ислам банктары же исламдын атайын финансылык компаниялары ислам ижара сертификаттарынын жана ислам катышуу сертификаттарынын эмитенттери боло алышат.
§2. Эмиссиялык баалуу кагаздардын төлөмдөрү жана ушул баалуу
кагаздарды мамлекеттик каттоо
44. Ислам баалуу кагаздарынын төлөмдөрү акчалай каражаттар менен гана жүргүзүлөт. Жайгаштырылган ислам баалуу кагазы толук төлөнгөндөн кийин эмитент ушул ислам баалуу кагазын аны сатып алуучунун ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрлеринин системасындагы (номиналдуу кармоочуну эсепке алуу системасындагы) жеке эсебине которууга укуктуу.
45. Ислам баалуу кагаздарын чыгарууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
§3. Шариаттык кеңеш
46. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен каржылануучу объекттердин исламдык каржылоонун принциптерине шайкеш келүүсүн аныктоону ислам банкынын Шариаттык кеңеши жүргүзөт.
47. Шариаттык кеңеш ислам банкынын акционерлеринин (уюштуруучуларынын) жалпы чогулушунда дайындалат жана чечим кабыл алууда көз карандысыз болуп эсептелет.
48. Ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен каржыланып, жаңыдан түзүлө турган бүтүмдү Шариаттык кеңеш ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбейт деп тапса, бүтүм түзүлбөйт жана аткарылбайт.
49. Ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен каржыланып, түзүлгөн, бирок аткарылбаган же толук эмес аткарылган бүтүмдү Шариаттык кеңеш ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбейт деп тапса, бүтүм ислам банкынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
§4. Ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү
50. Ислам баалуу кагаздарын чыгарууда жана жүгүртүүдө ислам баалуу кагаздарын кармоочунун таламдарын эмитенттин жана үчүнчү жактардын алдында ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү коргойт.
Ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлүн баалуу кагаздар рыногунда брокердик жана дилердик иштерди жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын арасынан эмитент өз алдынча тандайт.
Ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү эмитенттин аффилирленген адамы болбошу керек.
51. Ислам баалуу кагаздарын кармоочунун таламдарын коргоо ислам баалуу кагаздарынын эмитенти (мындан ары - эмитент) менен ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлүнүн ортосунда ислам баалуу кагаздарын кармоочунун таламдарын коргоо жөнүндө келишим түзүү аркылуу ислам баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө чейин жүргүзүлөт жана ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) келишимдин предмети;
2) тараптардын укуктары жана милдеттери;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ислам баалуу кагаздарын кармоочунун таламдарын коргоо жөнүндө келишимде каралган функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн өкүл үчүн зарыл болгон маалыматты ага берүүнүн тартиби;
4) ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга өкүл тарабынан отчет берүү тартиби;
5) келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн эмитенттин жана өкүлдүн жоопкерчилиги;
6) өкүл тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акынын өлчөмү жана төлөөнүн тартиби;
7) өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби жана учурлары;
8) келишимдин колдонуу мөөнөтү жана аны жоюу тартиби;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар.
52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн өкүлгө зарыл болгон маалыматты берүү тартиби, эмитент тарабынан өкүлгө төмөнкү маалыматтардын формасы жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) эмитент жана оригинатор органдарынын ислам баалуу кагаздарын кармоочунун укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча боло турган жыйынынын күн тартиби жөнүндө жана аталган маселелер боюнча эмитент жана оригинатор органдарынын мурда кабыл алынган чечимдери тууралуу;
2) ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө эмитенттин ислам баалуу кагаздарын кармоочунун алдындагы отчеттору, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча:
ижара келишими (финансылык лизинг) боюнча келип түшкөн же инвестициялык долбоор боюнча алынган кирешелерди бөлүштүрүү жана исламдык баалуу кагаздар боюнча тиешелүү резервдик фонддорду түзүү;
жаңы инвестициялык долбоорду уюштуруу, учурдагы инвестициялык долбоору өнүктүрүү же ишкердикти каржылоо үчүн катышуунун ислам сертификаттарын жайгаштыруудан келип түшкөн жана тартылган каражаттарды пайдалануу;
ислам ижара сертификаттарын жайгаштыруунун натыйжасында алынган акчага мүлк сатып алуу;
ислам ижара сертификаттарын жайгаштыруунун эсебинен алынган мүлктү ижаралоо келишимин (финансылык лизингди) түзүү жана (же) жоюу, ошондой эле ушул келишимдерге каалагандай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
эмитенттин иши, эмитенттин финансылык отчеттуулугу, анын ичинде ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспектиси менен аныкталган тартипте аудитордук отчет менен такталган жылдык финансылык отчеттуулук жөнүндө маалыматты ислам баалуу кагаздарын кармоочуга берүү;
ислам катышуу сертификаттарын кармоочунун укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалымат берүү, каржылоо үчүн инвестициялык долбоорду тандоодо чечим кабыл алууда катышуу;
3) ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген тартипте оригинатордун иши, анын финансылык отчеттуулугу жөнүндө;
4) юридикалык жактардын финансылык отчеттуулугу жөнүндө, алардын активдерине ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан түшкөн каражаттар инвестицияланган;
5) ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан түшкөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктүн абалы жөнүндө.
53. Ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдында ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген милдеттенмелерди эмитент тарабынан аткарылышын контролдойт;
- ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун шарттарына каржылоо объекттеринин шайкештигин контролдойт;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочунун укуктарын жана таламдарын коргоого багытталган чараларды көрөт;
- ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруунун эсебинен сатып алынган мүлккө, ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан келип түшкөн каражаттардын эсебинен каржылоо боюнча бүтүм түзүү жагында эмитенттин, ошондой эле көрсөтүлгөн каражаттар активдерине инвестицияланган юридикалык жактардын финансылык отчеттуулугуна мониторинг жүргүзөт;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга ушул пунктка ылайык өзүнүн иш-аракеттери тууралуу жана ал иш-аракеттердин натыйжалары жөнүндө маалымат берет.
54. Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын жана таламдарын коргоо максатында ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарынын жана таламдарынын бузулушуна алып келүүчү жагдайларды аныктоо жана үч календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн жагдайлар тууралуу ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга билдирүү;
- мамлекеттик органга жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан келип түшкөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктүн абалы жөнүндө маалымат берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органга жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга эмитент менен келишим бузулган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде өкүл катары анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маалымат берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органга жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга алардын суроо-талабы боюнча ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү катары анын ишмердигине тиешелүү маалыматтарды жана документтерди берүү;
- кызматтык, коммерциялык жана мыйзамдар менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарбоо.
55. Ислам баалуу кагаздарын кармоочунун өкүлү тарабынан функцияларды жана милдеттенмелерди аткаруунун тартиби төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) ислам баалуу кагаздарынын эмитенти тарабынан аларды кармоочунун алдында Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарында жана ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен каралган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдында эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө эмитенттин отчетторун жана ушул отчеттордо берилген маалыматтын анализин алуу аркылуу өкүл тарабынан жүргүзөт;
2) ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун шарттарына каржылоо объекттеринин шайкештигин контролдоо өкүл тарабынан төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- эмитент менен өкүлдүн ортосунда түзүлгөн ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын таламдарын коргоо жөнүндө келишимде белгиленген көлөмдөрдө жана мөөнөттө каржылоо объектиси тууралуу эмитенттен документтерди жана маалымат алуу жана алынган документтерди жана маалыматты талдоо;
- шайкеш келбестик фактысы аныкталган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен ислам баалуу кагаздарын чыгаруу шарттарына каржылоо объектисинин шайкеш келбестиги жөнүндө маалымат берүү:
ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспектинде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо аркылуу же ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспектинде каралган башка ыкма менен ислам баалуу кагаздарын кармоочулар;
жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган;
ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын тиешелүү кайрылуусунун негизинде ушул кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун шарттарына каржылоо объектисинин шайкеш келбестиги себеби боюнча ислам баалуу кагаздарын мөөнөтүнө чейин тындыруу жөнүндө талаптарды эмитентке же оригинаторго жиберүү;
3) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын жана таламдарын коргоо өкүл тарабынан төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарынын жана таламдарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон жагдайларды аныктоо жана ушундай жагдайлар аныкталган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен ушул тууралуу кармоочуларга маалымат берүү;
- кармоочунун алдында ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген милдеттенмелерди эмитент тарабынан аткарылышы тууралуу талабы менен ага кайрылуу;
- оригинаторго төмөнкү талаптар менен кайрылуу:
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдары жана ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген учурларда ислам баалуу кагаздарын сатып алуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдары жана ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен белгиленген учурларда ислам баалуу кагаздарын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө;
оригинатордун иши жана анын финансылык отчеттуулугу жөнүндө маалымат берүү жөнүндө;
- мамлекеттик органдарга жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга алардын суроо-талабы боюнча өкүлдүн ишине байланыштуу маалыматтарды жана документтерди берүү;
- кызматтык, коммерциялык жана мыйзамдар менен корголуучу башка сырды түзүүчү маалыматтын сактыгын камсыздоо;
- мамлекеттик органдарга жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга өкүлдүн ыйгарым укуктары токтогондугу тууралуу эмитент менен келишим бузулган күндөн тартып үч календардын күндүн ичинде билдирүү;
4) ислам баалуу кагаздарын кармоочуларды чыгымга дуушар кылуучу жагдайлар болгон учурда, анын ичинде эгер мүлктүн абалы эмитенттин милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылбаса же ижара келишими (финансылык лизинг) боюнча ушул келишимде белгиленген мөөнөттө кирешелердин төлөп берилбешине алып келсе өкүл ушул жагдайлар тууралуу ага белгилүү болгон күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде ислам баалуу кагаздарын кармоочуларына маалымат берет.
5) мүлккө мониторинг ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын таламдарын коргоо жөнүндө келишимде белгиленген формада жана мөөнөттө эмитент берген документтер жана маалымат менен таанышуу аркылуу өкүл тарабынан жүргүзүлөт.
Мониторинг тууралуу маалыматтар жылына эки жолудан кем эмес жана өкүлдүн талабы боюнча берилет. Мониторинг өзүнө төмөнкү маалыматтар менен таанышууну камтыйт:
- мүлккө эмитенттин укуктарын тастыктоочу документтердин түп нускасы;
- мүлктүн абалы тууралуу маалымат. Ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга өкүл ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен каралган мүлккө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты эмитенттен маалымат алынган учурдан тартып он календардык күндөн кечиктирбестен берет;
6) эмитенттин финансылык отчеттуулугуна ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган, ошондой эле көрсөтүлгөн каражаттар активдерине инвестицияланган юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен каржылоо боюнча мониторинг жүргүзүү өкүл тарабынан төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- өкүл суроо-талап берген каалагандай күнүнө карата эмитент берген финансылык отчеттуулук, ошондой эле аудитордук отчет менен тастыкталган эмитенттин жылдык финансылык отчету менен таанышуу;
- ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан түшкөн каражаттар активдерине инвестицияланган юридикалык жактардын ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын таламдарын коргоо жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө жана өкүл суроо-талап берген каалагандай күнүнө карата берилген финансылык отчеттуулугу менен таанышуу.
7) исламдык финансылык атайын компаниянын таламдарын коргоо өкүл тарабынан ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен каралган тартипте жана шартта жүргүзүлөт.
56. Өкүлдүн ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу төмөнкү учурларда келип жетет:
- баалуу кагаздар рыногунда бир айдан ашык мөөнөткө брокердик жана дилердик иштерди аткарууга өкүлдүн лицензиясын алып салынган же колдонулушу токтотулган;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу себеби боюнча өкүлдүн иши токтотулган;
- тараптардын макулдугу боюнча;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын он же андан ашык проценти өкүлдү алмаштыруу жөнүндө талабы менен эмитенттин дарегине кайрылган же өкүл тарабынан өзүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы жөнүндө ислам баалуу кагаздарын кармоочулардан эмитент алган маалымат тастыкталган учурда эмитенттин демилгеси боюнча;
- келишимди бузуу жөнүндө сот чечиминин негизинде.
57. 56-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн пайда болгондо, бул жөнүндө өкүл эмитентке жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү аркылуу үч календардык күндүн ичинде билдирет.
56-пункттун бешинчи абзацында аталган учурлар пайда болгондо, эмитент өкүл менен келишимди токтотуу боюнча чараларды жети жумушчу күндүн ичинде көрөт.
58. Эмитент жаңы өкүл менен келишим түзгөндөн кийин жана ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин келишимди колдонуу токтотулат.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ