Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-апрели № 1102-VII
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2022-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2022-жыл үчүн ар жылдык баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) 2022-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы эске алынсын.
2. Улуттук борбордун баяндамасынын жыйынтыктары боюнча төмөнкү сунуштар мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө, ченемге салынбаган жумуш күнү менен иштегендиги үчүн кызматкерлерге компенсацияларды төлөөнү камсыз кылууга, ошондой эле Улуттук борбордун төрт аймактык өкүлчүлүгүндө кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүү үчүн Улуттук борбордун ишин каржылоону көбөйтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- кыйноолордун курмандыктарынын гумандуу мамилеге жана бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө болгон укуктарын камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында эл аралык жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу астында кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмин регламенттөөчү мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- объекттерди куруу, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайлары болуп саналган имараттарды жана курулмаларды башка жерге көчүрүү, капиталдык оңдоо боюнча иштерди (Бишкек шаарынын ШИИБ УКЖнын, № 9 мекеменин, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тергөө изоляторлорунун, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунун ИИБ УКЖнын, Чаткал районунун ИИБ УКИнин; Ош шаарындагы ТИЗО-5тин камераларын, Жети-Өгүз районунун ИИБ УКИнин, Каракол жана Балыкчы шаарынын УКЖсы, Каракол шаарынын № 23, УКИнин имараттарын диний экстремизм жана терроризм менен соттолгондор үчүн № 16 мекеменин изоляцияланган участогун жана № 2 мекеменин корпустарын, Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык оорукананын имараттарын куруу же көчүрүү) улантсын;
- камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун жагдайларын (кош бойлуулуктун, жаш балдардын, майыптыктын, оорунун ж.б. болушу) кайра кароого, параллелдүү медициналык кызматтарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин, абактагы психиатриялык жардамды саламаттык сактоонун жалпы тутумуна интеграцияласын;
- соттолгон адамдардын документтерди (паспортторду, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, майыптыгы жана курагы боюнча жөлөкпулдарды жана пенсияларды ж.б.) тариздөө жана алуусу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иштерин консолидацияласын;
- шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болуучу катуу оорулардын тизмегин жана эркиндигинен ажыратууга соттолгон, катуу оорулардан жапа чеккен адамдарды медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууга сунуштоо тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- кармалган адамдардын бардык талаптарга ылайык түзүлгөн Медициналык кароо формасы болбогондо, ИИБ УКИге кармалган адамдарды киргизүү практикасын жойсун;
- дары-дармек каражаттарын жетиштүү санда берүүгө жана медициналык кызмат көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү максатында бардык жабык мекемелердин муктаждыктарын баалоону жүргүзсүн, анын ичинде жашоо үчүн зарыл дары-дармек каражаттарынын тизмегин, аларды эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдардын оорууларына ылайык берүү тартибин жана мөөнөттөрүн кайра карап чыксын;
- АУЗО камераларын жабуу же болбосо анда кармалып турган адамдарды тийиштүү шарттар менен камсыз кылсын, ЖАК мекемелеринин жертөлөдөгү кабаттарынын камераларында кармалып турган соттолгондорду башка камераларга которсун;
- мөөнөттүү кызмат өтөөнүн өмүргө жана ден соолукка карата коопсуз шарттарын камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү, аскерге чакырууга чейинки мезгилде, ошондой эле кыска мөөнөттүү кызмат өтөө мезгилинде адам укуктарынын жана эркиндиктеринин маселелери боюнча аскер кызматчыларын үзгүлтүксүз даярдоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын медициналык кызматынын, ошондой эле ведомстволук мамлекеттик органдардын жана мекемелердин медициналык кызматтарынын ишине Стамбул протоколунун жана Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмонун принциптерин киргизүү боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
- эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдын өлүмүнүн болжолдуу себептерине карабастан, ар бир каза болуу фактысы жөнүндө токтоосуз Улуттук борборго маалымдасын;
- кармалган адамдарды ИИО УКИге алгачкы камоодо, ошондой эле аларды анын чегинен чыгаруунун жана изоляторго кайра жеткирүүнүн ар бир учурунда милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү жөнүндө процессуалдык талаптын аткарылышына контролду күчөтсүн;
- ИИО УКИде санитардык ченемдердин сакталышына, аларды бузгандыгы үчүн күнөөлүү кызмат адамдарын жоопко тартуу менен контролду күчөтсүн;
- Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүн ачуу жөнүндө маселени карасын;
- Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык оорукананын жана Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык оорукананын № 8 бөлүмүндө кармалып турган адамдарды кайтаруу боюнча функцияларды контракттык негизде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын Күзөт жана конвой менен коштоо департаментине жүктөө жөнүндө маселени карасын;
- "Мендес принциптерин" имплементациялоо максатында укук коргоо органдарында кармоо, сурак жана көрсөтмө алуу жол-жоболорун аудио жана видео жазуу үчүн жабдууларга жана тиешелүү техникалык каражаттарга каражат бөлсүн, ошондой эле кызматкерлерди сурак жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларына окутсун;
- ИИБ УКИге бекитилип берилген кармалган адамдарды жөнөтүүгө багытталган транспорт каражаттарын жаңылоого каражат бөлсүн;
- психикасы бузулган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу, комплекстүү, интеграцияланган кызматтарды көрсөтүү, мекемелерде кармалып турган психикасы бузулган адамдардын укуктарын коргоо боюнча, ошондой эле ушул маселелер боюнча социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү органдарынын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө сунуштарды алты айлык мөөнөттө киргизсин;
- кыйноолор жөнүндө ар бир арызды текшерүүдө психологиялык жабыркоонун даражасы жөнүндө кесипкөй корутунду түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине психолог адистигин киргизүү жөнүндө маселени карасын;
- калктын социалдык жактан аялуу катмарларындагы адамдар кармалган учурда квалификациялуу укуктук жардам менен камсыз кылуу үчүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестриндеги адвокаттардын санын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- улгайган адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөтүүчү жеке менчик уюмдардын маалымат базасын түзсүн;
- ЖАК мекемелеринде көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн, соттолгон адамдарды диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу үчүн ушул мекемелерге үзгүлтүксүз барууларды жүргүзсүн;
- Мөөнөттүү кызматтагы жоокерлердин арасында өз жанын кыюунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыксын жана бекитсин, кыска мөөнөттүү кызматтагы жоокерлердин арасында өз жанын кыюунун көйгөйлөрү боюнча кенже жана улук офицердик курамдардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн, ошондой эле аскер бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн жазуу функциясы бар видео байкоо тутуму менен жабдышсын;
- жаңыдан чакырылган мөөнөттүү кызматтагы жоокерлерге эскирген кийимдерди берүүгө жол берилбешине контролду камсыз кылуу, буюм үлүшүнүн ченемдерин кайра карасын;
- министрликтерге караштуу мекемелерде балдардын тамак-ашынын ченемдерин, көлөмүн жөнгө салууга, сапатын жана ассортиментин жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Улуттук борбордун ишин жетиштүү каржылоого контролду камсыз кылсын жана кошумча транспорт каражаты менен камсыз кылуу жөнүндө маселени карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- ИИО УКИде тергөө камагындагы адамдарга бөгөт коюу чараларын тандоо жана кармоонун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө токтом чыгаруу практикасын жойсун;
- Кылмыш-жаза кодексинин "кыйноолор" беренеси боюнча кылмыш-жаза иштерин кароонун соттук практикасын жалпылоо боюнча Жогорку Соттун Пленумунун токтомун кабыл алууну камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- изин суутпай издөө ишине, кармоо учурунда, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармоо мезгилинде адамдардын укуктарын сактоо боюнча укук коргоо органдарынын тергөө иштерине натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылсын (медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу, медициналык жардамды өз убагында эмес жана сапатсыз көрсөтүү жөнүндө камакта кармоо жайларынан даттанууларды кароо ж.б.), ИИО УКИде кармоонун мөөнөттөрүнө жана айыпталуучуларды тергөө изоляторлоруна өз учурунда жөнөтүүгө контролду күчөтсүн;
- кыйноолор фактылары боюнча кылмыш-жаза иштерин кароонун, судьянын/судьялардын кыйноолор жөнүндө кылмыш-жаза иштерин кароонун мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруусунун жана узартуусунун мөөнөттөрү боюнча контролду күчөтсүн, даттанууларды Судьялар кеңешине жиберсин;
- Улуттук борбордун жылдык баяндамаларында көрсөтүлгөн оорунун катуулугуна жана ден соолугунун абалы начарлаганына байланыштуу жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде, жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде камакта жаткан мезгилде же болбосо жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийинки кыска аралыкта каза болгон ар бир факты боюнча иликтөө жүргүзсүн.
3. Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары кабыл алган сунуштардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана кезектеги ар жылдык баяндаманы Жогорку Кеңешке киргизүүдө маалымат берсин.
Төраганын орун басары | Н.А.Азыгалиев |