Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1404-VII
Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Түп, Тоң жана Ысык-Кѳл райондорунда сел жүрүүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга материалдык жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Түп, Тоң жана Ысык-Кѳл райондорунда сел жүрүүнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын эки күндүк эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда сел жүрүүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды чогултуу боюнча атайын эсепке которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин финансы-чарбалык ишин тейлѳѳчү Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т. Шакиев |