Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-сентябры № 1440-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ынтымак" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кокулов Эрулан Калчороевич Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 2-пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кокулов Эрулан Калчороевич - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан";
3) 7-пунктчада:
- үчүнчү жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"Ханджеза Карим Лемзарович - № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан";
4) 8-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Рысбаев Равшанбек Рысбаевич - № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан";
- тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |