Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 1433-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А.Масабировду Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масабиров Талайбек Айтмаматович Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун 7-пунктчасында:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Масабиров Талайбек Айтмаматович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |