Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 1432-VII
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Р.Ш.Жакышов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Л.Х.Лурова - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Н.К.Алимбеков - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Н.А.Ражабалиев - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |