Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-декабрындагы № 2634-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 1480-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) А.Т.Маткеримов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) М.А.Маматалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
3) А.Д.Абдылдаева -Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүчүлүгүнүн эксперти;
4) Г.М.Баатырова - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
5) А.К.Бакетаев - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
6) А.Б.Баетов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага карата түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |