Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 1479-VII
Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук сигареталардын айрым түрлөрүн чегүүгө тыюу салуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренеcине ылайык калктын саламаттыгын сактоо, тамеки чегүүгѳ каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
-электрондук сигареталар, чегүүчү аралашмалар, никотин камтылган суюктукту ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү электрондук технология буюмдары үчүн суюктуктун жана аралашмалардын химиялык курамына талдоо жүргүзсүн;
-электрондук сигареталардын, никотин камтылган суюктукту электрондук технологиялардын жардамы менен ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдардын организмге тийгизген терс таасиринин даражасына жараша тобокелдиктердин классификациясын иштеп чыксын жана бекитсин;
-электрондук сигареталардын, никотин камтылган суюктукту электрондук технологиялардын жардамы менен ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдардын керектөө таңгактарында товардын өндүрүлүшү, курамы, чыгарылган күнү жана убактысы, жарактуулук мөөнөтү жөнүндө ярлык, символ, белги, сүрөттөөчү же башка сыпаттоочу материал түрүндө маркалоону классификацияга ылайык киргизсин;
-электрондук сигареталардын, тамекиси жок буюмдардын керектөө таңгагында алардын зыяндуулугу жөнүндө мамлекеттик (бет жагында) жана расмий (арткы бетинде) тилдерде керектөө таңгагынын ар бир негизги бетинин 65%дан кем эмес аянтын ээлеген эскертүүсү бар маалыматты жайгаштыруу жөнүндө чараларды караштырсын жана көрсүн;
-тамак-аш азыктары, тамак кошундулары же дары каражаттары, анын ичинде дары чѳптѳр менен буюмдун ассоциациясын түзгөн, тамак-аш азыгынын же дары каражатынын, ага кошо дары чѳптѳрдүн даамы бар деген элести түзүүчү ар кандай сөздү, сөз айкашын, сүрөттү (анын ичинде “алча”, “кулпунай”, “алма”, “шоколад”, “жалбыз” сыяктуу сөздөрдү), мындай сөздөргө уңгулаш сөздөрдү, сөздөрдүн чет тилдердеги аналогдорун, ошондой эле чет тилдерден мамлекеттик жана (же) расмий тилге трансляцияланган сөздөрдү, мындай сөздөрдүн аналогдорун, белгилерди, символдорду жана башка электрондук сигареталарда, никотин камтылган суюктукту электрондук технологиялардын жардамы менен ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдардын таңгындагы башка белгилөөлөрдү колдонууга тыюу салуу боюнча чара көрсүн;
-электрондук сигареталардын организмге тийгизген терс таасиринин даражасына жараша тобокелдиктердин бекитилген классификациясын эске алуу менен, электрондук сигареталардын (вейп) адамдын организмине терс таасир этүүчү белгилүү бир түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга, ташып келүүгө, ѳткѳрүүгѳ жана сатып ѳткѳрүүгѳ тыюу салуунун салык жыйымдарын жогорулатуу боюнча чараларды караштырсын жана кѳрсүн;
-электрондук сигареталарга акциз салыгынын ставкасын жыйырма эсеге кѳбѳйтүү маселесин караштырсын;
-тамеки чегүү сценаларын көрүүгө жана аларда тамекини, кальянды, электрондук сигареталарды колдонгон эпизоддорду, никотин камтылган суюктукту электрондук технологиялардын жардамы менен ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдарды колдонуу эпизоддору көрсөтүлгөн роликтерди көрсөтүүгө чектөө киргизсин;
-бардык жайылтуу каналдары (кинотеатрлар, телекѳрсѳтүү, онлайн-берүүлөр ж.б.) боюнча тамеки буюмдарын колдонуу сценалары камтылган тасмаларды көрсөтүүнүн алдында тамекиге каршы жарнак көрсөтүү жөнүндө милдеттүү талап киргизсин;
-электрондук сигареталар, никотин камтылган суюктукту электрондук технологиялардын жардамы менен ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдардын наркотикалык жана аябай зыяндуу таасири жөнүндө калкка маалымдоо максатында орто мектептердин окуучуларынын жана окуу жайларынын студенттеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
-калк арасында тамекиге (никотинге) болгон көз карандылыктын келип чыгуусунун алдын алуу жана электрондук сигареталардын, никотин камтылган суюктукту электрондук технологиялардын жардамы менен ысытуучу (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдардын бардык түрлөрүн азайтуу боюнча чараларды көрсүн;
-жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү бейшемби күнүндѳ белгиленүүчү “Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгѳ каршы күнүнѳ” карата Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки чегүүгө, сатууга жана сатып алууга бир күндүк тыюу салууну белгилөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-декабрына карата ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндѳн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О.Сыдыгалиев |