Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин, туруктуу иш ордунан тышкары кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн, тескеме боюнча аларды белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын чегиндеги, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарларына (мындан ары - кызматтык иш сапары) жиберүү тартибин, ошондой эле кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды төлөп берүү шарттарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери (мындан ары - Аппарат кызматкерлери) - Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу кызматкерлер (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары, спичрайтери жана басма сөз катчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери, депутаттардын жардамчылары жана консультанттары), ошондой эле Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери.
1.2. Кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды (жол кире, турак жай жалдоо, суткалык чыгымдар (тамак-аш) төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына жараша түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын тиешелүү беренесинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына кеткен чыгымдар, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө, анын ичинде суткалык, жашап турууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу, тамак-аш жана автотранспорт, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга, орун жайларды ижаралоого, ошондой эле республиканын региондоруна депутаттардын барып-келүүсүнө, жана авиаучууларына байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.б.у.с.) ордун толтуруу, Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий жана парламенттик делегациялардын курамында, ошондой эле расмий иш-чараларга катышуу үчүн өлкө ичине, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына чыккан учурларын кошпогондо, бир депутатка белгилеген бир айлык сумманын өлчөмүндө Жогорку Кеңештин сметасы боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын фондунан жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамындагы жана Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегиндеги иш сапары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарга акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн - 500 сом;
- турак жайды жалдоого акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн - 2500 сомдон көп эмес;
- кызматтык иш сапары өтүүчү жерге баруу жана кайра кайтып келүү боюнча чыгымдарды төлөө (кызматтык автотранспорт менен кеткен учурларды кошпогондо) - иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча бул чыгымдарды тиешелүү документтер аркылуу тастыктоо менен. Тастыктоочу документтер катары контролдук-кассалык машиналардан алынган кассалык чектер эсептелет.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамындагы, Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапары менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарды жана турак жай жалдоо боюнча чектелген чыгымдарды төлөө - иш сапарларына баруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өлчөмдөрдө. Өзгөчө учурларда турак жай жалдоо чыгымдарынын ордун Жогорку Кеңештин жетекчилигинин тескемесине ылайык расмий делегациянын курамындагы адамдар тарабынан иш жүзүндө жумшалган сарптоолору боюнча толтурууга жол берилет;
- авиа жана темир жол транспорту (кызматтык автотранспорт менен барган учурларды кошпогондо) менен иш сапары өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү боюнча чыгымдарды төлөө -эконом-класс категориясынын билеттеринин наркынан ашпаган бул чыгымдарды тиешелүү документтер аркылуу тастыктоо менен - иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча.
1.3. Кызматтык иш сапарлары Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын, Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин, ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарынын тескемеси менен жол-жоболоштурулат.
1.4. Иш сапарына жиберилген адамдарга кызматтык иш сапарына баруудан 3 күн мурун жол кире төлөө, турак жай жалдоо боюнча жана суткалык чыгымдарга эсептелген суммалардын чегинде акчалай аванс берилет.
Иш сапарына жиберүү жөнүндө Төраганын тескемеси чыккандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты чет өлкөгө иш сапарына баруудан баш тарткан учурда, депутат күн мурунтан сатып алынган авиабилеттер жана башка сарптоолор боюнча чыгымдарды Жогорку Кеңештин бюджетине компенсациялайт.
Иш сапарлары жөнүндө Төраганын тескемеси чыккандан кийин депутатка көз каранды болбогон жагдайлар боюнча чет өлкөгө иш сапарына баруу үзгүлтүккө учураганда, күн мурунтан сатып алынган авиабилеттер жана башка чыгымдар Жогорку Кеңештин бюджетине компенсацияланбайт.
1.5. Кызматтык иш сапарына жиберилген адамдар кызматтык иш сапарынан кайтып келгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнө чыгымдалган суммалар жөнүндө аванстык отчет берүүгө милдеттүү.
Аванстык отчет белгиленген мөөнөттө берилбегенде, аванс катары берилген акчалай суммалар алардын эмгек акысынан кармалып алынышы мүмкүн.
Отчет берүүгө алынган акча каражаттары боюнча толук эмес отчет берүүчү адамдарга кийинки кызматтык иш сапарына аванс берилбейт.
1.6. Кызматтык иш сапарына жиберилген адамдар келгенден кийин аны жөнөткөн адамдын талабы боюнча жасаган иштери жөнүндө 3 жумуш күндүн ичинде отчет берүүгө тийиш.
1.7. Аппараттын кызматкерлери Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгон учурда, Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын, Аппарат Жетекчисинин чечими боюнча өз убагында тескемени жол-жоболоштурбастан, шашылыш түрдө иш сапарына чыгып кеткен учурда, иш сапарына кеткен чыгымдардын орду иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча төлөнөт.
1.8. Кызматтык жана депутаттык ишке байланышпаган маселелер боюнча кызматтык иш сапарына жиберүү Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөйт.
Жогорку Кеңештин расмий делегацияларын коштоп жүрүүчү Аппараттын штаттык кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана күзөт кызматкерлеринин өкүлдөрүнө жол кире, турак жайды ижарага алуу жана суткалык (тамак-аш) төлөө Жогорку Кеңештин сметасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөйт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кызматтык иш сапарларына жиберүү тартиби
2.1. Депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө баруусу эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын, программалардын негизинде чакыруунун же депутаттын жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде жана баруунун максатын, өтүүчү жерин, иш сапарынын айкын мөөнөттөрүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын резолюциясына ылайык чыгымдарга акы төлөөнү көрсөтүү менен эл аралык жана парламенттер аралык кызматташууну жетектөөчү Жогорку Кеңештин комитетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Депутаттын бардык чыгымдарды чакырган тараптын төлөөсү менен коштолгон жеке чакыруу боюнча иш сапарына баруусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын резолюциясынын негизинде эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескөөчү Жогорку Кеңештин комитети менен макулдашуусуз негизде жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
2.2. Жогорку Кеңештин депутаттарын депутаттык фракциялар, депутаттык топтор жана депутаттардын иш тартиби менен аныкталган республиканын региондоруна жиберүү Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
2.3. Депутаттын республика боюнча кызматтык иш сапарына баруусу зарыл болгондо (расмий делегациянын, депутаттык комиссиянын курамында, Жогорку Кеңештин комитетинин чечими боюнча), депутат Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын атына кызматтык иш сапарына баруу ордун, айкын мөөнөттөрүн жана максатын көрсөтүү менен кат жиберет.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын бул иш сапарына макулдугу болгондо, депутаттын каты жүйөлүү себептер боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына катышпаган депутаттарды протоколго киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын Уюштуруу бөлүмүнө жиберилет.
Бул учурда иш сапары жөнүндө тескеме чыгарылат жана чыгымдар (суткалык, транспорттук чыгымдар жана турак жай жалдоо) ушул Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгымдарынын сметасынын тиешелүү беренесинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
3. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлерин кызматтык иш сапарларына жиберүү тартиби
3.1. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин ишин камсыз кылуучу кызматкерлерди (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары, спичрайтери жана басма сөз катчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын жана депутаттык фракциялардын лидерлеринин, ошондой эле депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери) республика боюнча иш сапарына жиберүү Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн белгиленген шарттарда жүзөгө ашырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлерди иш сапарларына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басары тарабынан иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, айкын мөөнөттөрүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн каттын негизинде кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү көрсөтүлгөн каттын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын резолюциясынын негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
3.2. Депутаттардын ишин камсыз кылуучу Аппарат кызматкерлерин (депутаттардын жардамчылары жана консультанттары), депутаттык фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлерин республика боюнча кызматтык иш сапарларына жиберүү иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, айкын мөөнөтүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен Жогорку Кеңештин финансылык-чарбалык иш маселелерин жетектөөчү Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын атына Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык фракциясынын жана депутаттык тобунун катчылыгынын бөлүм башчысынын жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде Жогорку Кеңештин депутатынын жана депутаттык фракциянын жана депутаттык топтун катчылыгынын бөлүм башчысынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жана депутаттык фракциянын, депутаттык топтун катчылыгынын бөлүм башчысынын кароосу боюнча ар бир жардамчыга, консультантка жана катчылыктын кызматкерине жылына 10 күндөн жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү көрсөтүлгөн каттын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын резолюциясынын негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
3.3. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу Аппарат кызматкерлеринин жакынкы же алыскы чет өлкөлөргө иш сапары жөнүндө чечим кызматтык иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, айкын мөөнөтүн көрсөтүү менен чакыруунун жана Жогорку Кеңештин депутатынын Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын атына жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын тескемеси менен жол-жоболоштурулат.
Майыптыгы бар, коштоого муктаж болгон Жогорку Кеңештин депутаты иш сапарына жөнөтүлгөн учурда Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жокто - Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын тескемеси менен консультант же анын жардамчыларынын бири кызматтык иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин жана акы төлөөнүн конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн каттын негизинде иш сапарына жɵнɵтүлɵт.
3.4. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын убагында жүзөгө ашырылуучу телефон аркылуу шаарлар аралык сүйлөшүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдарынын ордун толтуруу Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин финансылык-чарбалык ишин жетектөөчү орун басарынын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн эсебинин бастырып чыгарылган эсептери, шаарлардын коддору Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнө берилгенде, ошондой эле кызматтык маселелер боюнча шаарлар аралык телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгы өз кызматкерлерин кызматтык иш сапарына жиберген Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана депутаттары тарабынан ырасталганда гана жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылган кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын убагында жүзөгө ашырылуучу эл аралык телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.
4. Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлерин кызматтык иш сапарларына жиберүү тартиби
4.1. Аппарат Жетекчисин жана анын орун басарларын кызматтык иш сапарына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басары тарабынан кабыл алынат.
4.2. Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана жооптуу кызматкерлерин республиканын чегинде кызматтык иш сапарына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракцияларынын жана депутаттык топторунун жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын, депутаттарынын, Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин жана орун басарларынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, айкын мөөнөттөрүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде тиешелүүлүгүнө жараша Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү көрсөтүлгөн каттын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилигинин резолюцияларынын негизинде Жогорку Кеңештин Аппаратынын жооптуу кызматкерлерин кызматтык иш сапарына жиберүү жөнүндө тескеменин же буйруктун долбоорун даярдайт.
4.3. Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарына баруу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басары тарабынан кабыл алынат жана иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, айкын мөөнөттөрүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен чакыруунун жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракцияларынын жана депутаттык топторунун жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын, депутаттарынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилигинин жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде тескеме менен жол-жоболоштурулат.
Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарларына жиберүү зарыл болгондо, ал Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин тескемелеринин жана буйруктарынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4.4. Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчилигинин жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарларынын убагында жүзөгө ашырылуучу шаарлар аралык жана эл аралык телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу кызматтык маселелер боюнча шаарлар аралык жана эл аралык телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгы ырасталганда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнө телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн бастырып чыгарылган эсептери, шаарлар менен өлкөлөрдүн коддору берилгенде Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин финансылык-чарбалык ишин жетектөөчү орун басарынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
4.5. Өзгөчө учурларда кызматтык иш сапарынын баруунун мөөнөттөрүн, бара турган жери, айкын мөөнөттөрүн жана Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлери үчүн белгиленген шарттарда акы төлөөнү көрсөтүү менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракциялардын жана депутаттык топтордун жетекчилеринин, комитеттердин төрагаларынын, депутаттардын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилигинин жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде эмгек келишими боюнча ишке тартылган адистерди жана эксперттерди кызматтык иш сапарларына жиберүүгө Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жол берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө ЖОБО
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2908-VII токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин, туруктуу иш ордунан тышкары кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн, тескеме боюнча аларды белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын чегиндеги, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарларына (мындан ары - кызматтык иш сапары) жиберүү тартибин, ошондой эле кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды төлөп берүү шарттарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери (мындан ары - Аппарат кызматкерлери) - Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу кызматкерлер (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары, спичрайтери жана басма сөз катчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери, депутаттардын жардамчылары жана консультанттары), ошондой эле Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери.
1.2. Кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды (жол кире, турак жай жалдоо, суткалык чыгымдар (тамак-аш) төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына жараша түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын тиешелүү беренесинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына кеткен чыгымдар, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө, анын ичинде суткалык, жашап турууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу, тамак-аш жана автотранспорт, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга, орун жайларды ижаралоого, ошондой эле республиканын региондоруна депутаттардын барып-келүүсүнө, жана авиаучууларына байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.б.у.с.) ордун толтуруу, Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий жана парламенттик делегациялардын курамында, ошондой эле расмий иш-чараларга катышуу үчүн өлкө ичине, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына чыккан учурларын кошпогондо, бир депутатка белгилеген бир айлык сумманын өлчөмүндө Жогорку Кеңештин сметасы боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын фондунан жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамындагы жана Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегиндеги иш сапары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарга акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн - 500 сом;
- турак жайды жалдоого акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн - 2500 сомдон көп эмес;
- кызматтык иш сапары өтүүчү жерге баруу жана кайра кайтып келүү боюнча чыгымдарды төлөө (кызматтык автотранспорт менен кеткен учурларды кошпогондо) - иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча бул чыгымдарды тиешелүү документтер аркылуу тастыктоо менен. Тастыктоочу документтер катары контролдук-кассалык машиналардан алынган кассалык чектер эсептелет.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамындагы, Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапары менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарды жана турак жай жалдоо боюнча чектелген чыгымдарды төлөө - иш сапарларына баруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өлчөмдөрдө. Өзгөчө учурларда турак жай жалдоо чыгымдарынын ордун Жогорку Кеңештин жетекчилигинин тескемесине ылайык расмий делегациянын курамындагы адамдар тарабынан иш жүзүндө жумшалган сарптоолору боюнча толтурууга жол берилет;
- авиа жана темир жол транспорту (кызматтык автотранспорт менен барган учурларды кошпогондо) менен иш сапары өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү боюнча чыгымдарды төлөө -эконом-класс категориясынын билеттеринин наркынан ашпаган бул чыгымдарды тиешелүү документтер аркылуу тастыктоо менен - иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча;
Жогорку Кеңештин Төрагасынын өлкө ичиндеги, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө болгон иш сапарларынын, анын ичинде суткалык чыгымдары, жашап турууга кеткен чыгымдары, тамак-аш жана транспорт пайдалануу, байланыш кызматтарын көрсөтүү, орун жай ижаралоо үчүн чыгымдарынын ордун толтуруу, ошондой эле сыртка чыгуусуна жана авиаучууларына байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.б.у.с.) ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын атайын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2908-VII токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Кызматтык иш сапарлары Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын, Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин, ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарынын тескемеси менен жол-жоболоштурулат.
1.4. Иш сапарына жиберилген адамдарга кызматтык иш сапарына баруудан 3 күн мурун жол кире төлөө, турак жай жалдоо боюнча жана суткалык чыгымдарга эсептелген суммалардын чегинде акчалай аванс берилет.
Иш сапарына жиберүү жөнүндө Төраганын тескемеси чыккандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты чет өлкөгө иш сапарына баруудан баш тарткан учурда, депутат күн мурунтан сатып алынган авиабилеттер жана башка сарптоолор боюнча чыгымдарды Жогорку Кеңештин бюджетине компенсациялайт.
Иш сапарлары жөнүндө Төраганын тескемеси чыккандан кийин депутатка көз каранды болбогон жагдайлар боюнча чет өлкөгө иш сапарына баруу үзгүлтүккө учураганда, күн мурунтан сатып алынган авиабилеттер жана башка чыгымдар Жогорку Кеңештин бюджетине компенсацияланбайт.
1.5. Кызматтык иш сапарына жиберилген адамдар кызматтык иш сапарынан кайтып келгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнө чыгымдалган суммалар жөнүндө аванстык отчет берүүгө милдеттүү.
Аванстык отчет белгиленген мөөнөттө берилбегенде, аванс катары берилген акчалай суммалар алардын эмгек акысынан кармалып алынышы мүмкүн.
Отчет берүүгө алынган акча каражаттары боюнча толук эмес отчет берүүчү адамдарга кийинки кызматтык иш сапарына аванс берилбейт.
1.6. Кызматтык иш сапарына жиберилген адамдар келгенден кийин аны жөнөткөн адамдын талабы боюнча жасаган иштери жөнүндө 3 жумуш күндүн ичинде отчет берүүгө тийиш.
1.7. (КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2908-VII токтомуна ылайык алынып салынды)
1.8. Кызматтык жана депутаттык ишке байланышпаган маселелер боюнча кызматтык иш сапарына жиберүү Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөйт.
Жогорку Кеңештин расмий делегацияларын коштоп жүрүүчү Аппараттын штаттык кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана күзөт кызматкерлеринин өкүлдөрүнө жол кире, турак жайды ижарага алуу жана суткалык (тамак-аш) төлөө Жогорку Кеңештин сметасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөйт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кызматтык иш сапарларына жиберүү тартиби
2.1. Депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө баруусу эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын, программалардын негизинде чакыруунун же депутаттын жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде жана баруунун максатын, өтүүчү жерин, иш сапарынын айкын мөөнөттөрүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын резолюциясына ылайык чыгымдарга акы төлөөнү көрсөтүү менен эл аралык жана парламенттер аралык кызматташууну жетектөөчү Жогорку Кеңештин комитетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Депутаттын бардык чыгымдарды чакырган тараптын төлөөсү менен коштолгон жеке чакыруу боюнча иш сапарына баруусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын резолюциясынын негизинде эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескөөчү Жогорку Кеңештин комитети менен макулдашуусуз негизде жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
2.2. Жогорку Кеңештин депутаттарын депутаттык фракциялар, депутаттык топтор жана депутаттардын иш тартиби менен аныкталган республиканын региондоруна жиберүү Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
2.3. Депутаттын республика боюнча кызматтык иш сапарына баруусу зарыл болгондо (расмий делегациянын, депутаттык комиссиянын курамында, Жогорку Кеңештин комитетинин чечими боюнча), депутат Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын атына кызматтык иш сапарына баруу ордун, айкын мөөнөттөрүн жана максатын көрсөтүү менен кат жиберет.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал жок болгондо - Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн анын орун басарынын бул иш сапарына макулдугу болгондо, депутаттын каты жүйөлүү себептер боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына катышпаган депутаттарды протоколго киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын Уюштуруу бөлүмүнө жиберилет.
Бул учурда иш сапары жөнүндө тескеме чыгарылат жана чыгымдар (суткалык, транспорттук чыгымдар жана турак жай жалдоо) ушул Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгымдарынын сметасынын тиешелүү беренесинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
3. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлерин кызматтык иш сапарларына жиберүү тартиби
3.1. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин ишин камсыз кылуучу кызматкерлерди (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары, спичрайтери жана басма сөз катчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын жана депутаттык фракциялардын лидерлеринин, ошондой эле депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери) республика боюнча иш сапарына жиберүү Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн белгиленген шарттарда жүзөгө ашырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн Аппарат кызматкерлерин иш сапарларына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, кызматтык иш сапарынын так мөөнөттөрүн жана төлөмдү көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн каттын негизинде кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү аталган каттын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын резолюциясынын негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2908-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Депутаттардын ишин камсыз кылуучу Аппарат кызматкерлерин, депутаттык фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын кызматкерлерин республика боюнча кызматтык иш сапарларына жиберүү иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, айкын мөөнөтүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен Жогорку Кеңештин финансылык-чарбалык иш маселелерин жетектөөчү Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын атына Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык фракциясынын жана депутаттык тобунун катчылыгынын бөлүм башчысынын жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде Жогорку Кеңештин депутатынын жана депутаттык фракциянын жана депутаттык топтун катчылыгынын бөлүм башчысынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жана депутаттык фракциянын, депутаттык топтун катчылыгынын бөлүм башчысынын кароосу боюнча ар бир жардамчыга, консультантка жана катчылыктын кызматкерине жылына 10 күндөн жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары кызматтык иш сапарларына Жогорку Кеңештин депутаты республика боюнча шайлоочулар менен иштеген учурунда чыгышат.