ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 2 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-январы № 2

"Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин бекитилген штаттык санынын чектеринде түзүмүн жана штаттык расписаниесин өз алдынча аныктоо боюнча экспериментке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 124 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Токтом кылат:

1. "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

7-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"

3-1

Башкы адис

4500

".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

 

 Премьер-министри

Д.Үсөнов