Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-январы № 4
"Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2007-жылдын 20-апрелиндеги жооп катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2007-жылдын 20-апрелиндеги жооп катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2007-жылдын 20-апрелиндеги жооп катын ратификациялоо тууралуу
1-берене. Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2007-жылдын 20-апрелиндеги жооп каты ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги кытай тарапка аталган макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|