Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 5
Кабыл алынган
2010-жылдын 12-январы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
90960

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция12.01.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-январы № 5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу

Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүү мектебинин макулдашылган долбоору боюнча, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берген кайтарымсыз каражаттарды өздөштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев бекиткен, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаонун 2007-жылдын 14-15-августундагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектепти долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп Бишкек шаарынын мэриясы аныкталсын.

2. Бишкек шаарынын мэрине Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектептин курулуш объектиси боюнча тышкы долбоордун контрактына кол коюу тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектепти курууга даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын мэриясына ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.