Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15-январы № 13
"Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 76 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциптерин натыйжалуу ишке киргизүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун 1-фазасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
|
|