Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15-январы № 14
Республиканын жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 374 Жарлыгы менен бекитилген Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун планынын жана концепциясынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын мамлекеттик башкарууну реформалоонун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-сентябрындагы кайрылуусундагы милдеттерди ишке ашыруу жана Куралдуу Күчтөр үчүн запастын офицерлерин даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги:
- жарандык жогорку окуу жайлардын студенттерин аскер факультеттерине жана кафедраларына кабыл алууну 2010-окуу жылынан баштап токтотушсун;
- 2008-окуу жылында аскер факультеттерине кабыл алынган студенттерди окутуу 2010-жылы аяктагандан кийин жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын 2010-жылдын 31-декабрына чейин жоюуну жүргүзүшсүн;
- аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү үчүн комплекстик комиссияларды түзүшсүн. Өздөрүнүн чечимдери менен иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана комиссиялардын (аймактык) курамын көрсөтүп, биргелешкен планды даярдашсын жана ишке ашырышсын.
2. Комплекстик комиссиялар аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюунун жүрүшүндө бошогон мүлктү жана башка материалдык баалуулуктарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- запастагы офицер аскер наамын ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын аяктаган жана 2009-2010-окуу жылында аскер факультеттеринде жана кафедраларында даярдыктан өткөн студенттерди сунуштоонун тартибин өзүнүн чечими менен аныктасын;
- аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюунун жүрүшүндө бошогон окутуу-күжүрмөн техниканы, куралдарды жана башка материалдык-техникалык мүлктү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин окутуу борборлору (аскер бөлүктөрү) боюнча бөлүштүрсүн.
4. 2010-жылдын 31-декабрынан баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-ноябрындагы № 836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июлундагы № 260 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-январындагы № 22 "Ош мамлекеттик юридикалык институтунун калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15-январы № 14
Республиканын жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу жөнүндө
(2010-жылдын 6-сентябрындагы №190 токтомунун редкциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 374 Жарлыгы менен бекитилген Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун планынын жана концепциясынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын мамлекеттик башкарууну реформалоонун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-сентябрындагы кайрылуусундагы милдеттерди ишке ашыруу жана Куралдуу Күчтөр үчүн запастын офицерлерин даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги:
- жарандык жогорку окуу жайлардын студенттерин И.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Ош технологиялык университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасын кошпогондо, аскер факультеттерине жана кафедраларына кабыл алууну 2010-окуу жылынан баштап токтотушсун;
- 2008-окуу жылында аскер факультеттерине кабыл алынган студенттерди окутуу 2010-жылы аяктагандан кийин И.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Ош технологиялык университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасын кошпогондо, жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын 2010-жылдын 31-декабрына чейин жоюуну жүргүзүшсүн;
- аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү үчүн комплекстик комиссияларды түзүшсүн. Өздөрүнүн чечимдери менен иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана комиссиялардын (аймактык) курамын көрсөтүп, биргелешкен планды даярдашсын жана ишке ашырышсын.
(2010-жылдын 6-сентябрындагы №190 токтомунун редкциясына ылайык)
2. Комплекстик комиссиялар аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюунун жүрүшүндө бошогон мүлктү жана башка материалдык баалуулуктарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- запастагы офицер аскер наамын ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын аяктаган жана 2009-2010-окуу жылында аскер факультеттеринде жана кафедраларында даярдыктан өткөн студенттерди сунуштоонун тартибин өзүнүн чечими менен аныктасын;
- аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюунун жүрүшүндө бошогон окутуу-күжүрмөн техниканы, куралдарды жана башка материалдык-техникалык мүлктү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин окутуу борборлору (аскер бөлүктөрү) боюнча бөлүштүрсүн.
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө муктаждык бар болсо, контракт боюнча аскер кызматын өтөө тууралуу бүтүрүүчүнүн милдеттенмесин камтыган контракттын формасын иштеп чыксын.
(2010-жылдын 6-сентябрындагы №190 токтомунун редкциясына ылайык) 4. (2010-жылдын 6-сентябрындагы №190 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
|
|