КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы №16
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Шериктештик Комиссиясынын ортосундагы "Айыл жеринде инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү (DCI-ASIE/2008/019-238)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Шериктештик Комиссиясынын ортосундагы "Айыл жеринде инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү DCI-ASIE/2008/019-238)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен/ Европалык Шериктештик Комиссиясынын ортосундагы "Айыл жеринде инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү (DCI-ASIE/2008/019-238)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Шериктештик Комиссиясынын ортосундагы "Айыл жеринде инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү (DCI-ASIE/2008/019-238)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Европалык Шериктештик Комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кирише үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|