Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы № 20
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-статья.
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 7, 371-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. 16-статьясынын 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча" деген сөздөр "соттолгондугу жоюлганга же алып салынганга чейин" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. 19-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) эгер Кыргыз Республикасынын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолушса, жазасын өтөп бүткөндөн кийин.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|