Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-январы №26
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1998-ж. № 9, 325-б) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик кайра структуралашкан заемдун облигациясы (МКСЗО) боюнча карызы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарына өзгөртүп таризделиши мүмкүн".
2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 619000000,00 сом өлчөмдөгү жөнөкөй вексели Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарга өзгөртүп таризделет.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|