Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 28-январы №31
"2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуунун 5-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|