Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 28-январы №36
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-сентябры, №67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "жакын туугандары" деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын органдарына, бажы органдарына жана баңги каражаттарынын психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдарга" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, бажы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "кызмат" жана "баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдар" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы бөлүктөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
3. 17-берененин экинчи бөлүгүндөгү "камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 19-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү ", башка мыйзамдарында" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы бөлүктөгү "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөр "жана башка нормативдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 20-берененин биринчи бөлүгүндөгү ", башка мыйзамдар" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|