Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 2-августундагы № 533 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2010-жылдын 28-январы №37 

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., №8, 376-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин системасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде" деген сөздөр "мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти