Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры №609
Ялта шаарында 2007-жылдын 25-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Ялта шаарында 2007-жылдын 25-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ялта шаарында 2007-жылдын 25-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине маалымдасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | "И.Чудинов |