ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №594 «Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция19.09.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 19-сентябры №594

Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган иш-чараларды турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы № 552 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун 24-пункту;

- "Озон катмарын коргоо боюнча Вена конвенциясы жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы № 552 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 860 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын , контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов