Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-октябры №615
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №502 "Камбар-Ата-2 гидроэлектрстанциясынын курулушу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Республикага берилген жаратылыш газы үчүн төлөөгө финансылык каражаттардын кайрадан бөлүштүрүлгөндүгүнө байланыштуу 2009-2010-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү өтүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №502 "Камбар-Ата-2 гидроэлектрстанциясынын курулушу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун экинчи абзацы алып салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |