Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 1-октябры №612
"1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу
1-статья.
"1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 120 ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 7-августу, № 56) Мыйзамы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|