Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №596
"Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүү процесстерин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "2010-жылга чейин кыргыз республикасынын айыл жергесинде автомобилдик жол тармагын өнүктүрүү" деген 3-бөлүм күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган программага "Телекоммуникация тармагын 2010-жылга чейин өнүктүрүү боюнча чаралар пакети" деген № 1 тиркемеде:
1, 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
"Финансы-техникалык камсыз кылуу" деген графанын 2-пунктундагы "Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер" деген сөздөр "Республикалык жана жергиликтүү бюджет (макулдашуу боюнча), "Кыргызтелеком" ААКынын каражаты (макулдашуу боюнча)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- № 3-7 тиркемелер күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |