Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-августу №548
Республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 2009/2010 - жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы билим берүүчү уюмдарды 2009/2010-жаңы окуу жылына даярдоонун негизги багыттары 2008/2009 окуу жылындагы билим берүү системасында жетишилген натыйжалар менен аныкталгандыгын белгилейт.
Билим берүү органдары тарабынан жалпы билим берүүчү уюмдарды алдыда турган күзгү-кышкы мезгилден өтүүгө, окуу жайларын, жылытуу системаларын, отканаларды, электр жарыгын, чатырларды ремонттон өткөрүүгө даярдоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Мектеп жашындагы балдарды эсепке алуу, мектептерди кадрлар менен камсыздоо жана мугалимдин классификациясын жогорулатуу маселелерине чоң көңүл бөлүнүүдө.
Республикада 2188 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинде 2108 мамлекеттик мектеп, 55 жекече-мамлекеттик жана жекече мектеп жана республикалык баш ийүүдөгү 25 билим берүү мекемеси бар, аларда 1041564 окуучу окуйт, ошондой эле 63875 баланы камтыган 503 мектепке чейинки уюм бар.
2009-жылдын 10-августуна карата абал боюнча республиканын бардык мектептеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде учурдагы ремонт аяктоо абалында турат, ремонт жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом бөлүнгөн.
2009-жылы каржылоонун ар кандай булактарынын эсебинен 151 мектептин жана иштеп жаткан мектептерге 37,0 миң орундуу кошумча курулуштарды куруу жүргүзүлүүдө, анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 389,3 млн. сом каржылоо көлөмүн түзгөн 92 объект жана жергиликтүү бюджеттин, стимулдаштыруу гранттарынын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен 59 мектеп жана кошумча курулуштар ишке киргизилет.
Жаңы окуу жылынын башталышына карай 15 мектеп жана 2,4 миң орундуу кошумча курулуштарды куруу аяктайт, алардын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен 9 мектеп жана эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 6 мектеп жана кошумча курулуштар бүткөрүлөт.
Жалпы билим берүүчү мектептерди компьютердик техника менен камсыз кылуу боюнча иш улантылууда. Алсак, Дүйнөлүк банктын "Айылдык билим берүү" долбоорунун чегинде Талас жана Ысык-Көл облустарынын мектептери үчүн 8928,0 миң сом суммада уюштуруу техникасы сатылып алынган.
Мектептерди окуу китептери жана окуу адабияты менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын апрель айында кыргыз жана өзбек тилдеринде окутуучу мектептер үчүн жалпы тиражы 1 млн. нускадан ашкан 26 наамдагы окуу китептерин басып чыгарууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 85 млн. сом бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ошондой эле Жакырчылыкты кыскартуунун борбордоштурулган фондунун комиссиясынын чечими менен мектеп китепканалары үчүн маалыматтык жана көркөм адабияттык президенттик комплектин басып чыгарууга 9,168 млн. сом бөлүнгөн, аларды пландаштырылган көлөмдө берүү аякталып калды.
Дүйнөлүк банк каржылаган "Айылдык билим берүү" долбоорунун чегинде республиканын бардык мектептерине жалпы суммасы 1 млн. АКШ долларындагы 8 наам боюнча окуу китептери жана методикалык колдонмолор жеткирилген.
Республиканын 650 мектепке чейинки мекемелерине жана Баткен, Нарын жана Чүй облустарынын 325 башталгыч мектептерине 11 млн. сомдон ашуун суммадагы маалыматтык-методикалык жана көркөм адабият жеткирилген. Жылдын аягына чейин кенже класстагылар үчүн 285 миң АКШ доллары суммасында 90 миң хрестоматияны жеткирип берүү аякталат. Мындан тышкары, орус жана кыргыз тилдеринде окутуучу мектептерге 800 миң АКШ доллары суммасында 10 наамдагы окуу китептерин берүү пландаштырылууда. "Борбордук Азияда базалык билим берүүгө көмөктөшүү" региондук программасынын чегинде Германиялык техникалык борбор тарабынан республиканын 40 пилоттук мектептерине жардам көрсөтүлүүдө, алар 25 миң евродон ашуун жалпы суммада окуу китептерин жана көркөм адабиятты сатып алышкан.
Үстүбүздөгү жылда кыска мөөнөттүү 100 сааттык программа 1-класска кирүү үчүн мектепке чейинки балдарга бирдей старттык мүмкүнчүлүк берди. 2008/2009-окуу жылы жана 2009-жылдын жайкы мезгили ичинде 100 сааттык программа боюнча 70400 бала даярдыктан өтүштү.
Билим берүү органдарынын оперативдүү маалыматтары боюнча алдыдагы окуу жылында 1-класска кабыл алынган балдардын саны 96 миңден ашуунду түзөт.
Мектеп окуучуларынын окууга келүүлөрү чоң кабатырлык туудурат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте көрүп жаткан иш-чараларга карабастан, мектепке барбаган окуучулардын белгилүү бир саны бар.
Республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарында 72 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Ошону менен бирге эле мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу проблемасы орун алууда, алардын жетишсиздиги жылына 3 миңден ашуун мугалимди түзөт. Республиканын айылдык жалпы билим берүүчү уюмдарын педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Жаш мугалимдин депозити" программасын 6 жыл бою ишке ашырууда, бул программа жер-жерлерде жаш адистердин иштеп калуусун белгилүү бир ченемде жакшыртууга мүмкүндүк берди, бирок жалпысынан проблема чечилген жок.
Жер-жерлерде педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги жана жаш педагогдордун иштеп калуусу проблемасын чечүү максатында үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мамлекеттик билим берүүчү гранттардын негизинде педагогикалык адистерди окутууга абитуриенттерди максаттуу кабыл алуу механизми киргизилген, анда педагогикалык адистиктерге 644 максаттуу орун аныкталган жана августтун башына карай 515 адам кабыл алынган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы билим берүүчү уюмдар тарабынан кенже мектеп окуучуларынын сапаттуу тамак-ашын уюштуруу боюнча иш жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 1-4-класстардын окуучулары үчүн тамак-аш уюштурууну өз убагында финансылоо жүзөгө ашырылды. Ошону менен бирге эле мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштурууда ашканалардын материалдык-техникалык базасынын деңгээлинин жетишсиздиги (ашкана эмерегинин, ашкана жана муздаткыч жабдууларынын, идиш-аяктын ж.б. жоктугу), ичүүчү таза суу менен талаптагыдай эмес камсыз кылуу (борбордоштурулган суу менен жабдуунун жана канализациянын жоктугу), мектептин штаттык санында ашпозчулар, ашкана кызматкерлери жана медициналык айымдар бирдиктеринин жоктугу негизги проблемалар боюнча калууда. Тамак-аш азыктарына баанын өсүшүнө байланыштуу бөлүнгөн акчалай каражаттар балдардын тамак-ашын толук уюштурууга жетишсиздик кылууда.
Жалпы билим берүүчү уюмдарды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жалпы билим берүүчү мектептерди отун менен камсыз кылуу, откананы ремонттоо жана аларды отундун альтернативалык түрүнө которуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Жаңы курулган мектептерди окуучулар эмереги менен жабдуу маселеси чечилбеген бойдон калууда, ал мектептер мындай эмеректердин жоктугунан окуучуларды кабыл ала албай жатышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- төмөнкүлөрдү өз убагында каржылоону камсыз кылсын:
2009-жылы республикалык бюджеттин каражатынан каржылануучу курулуштардын жана капиталдык курулуш объекттеринин тизмесине кирген мектептерди курууну;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык мекемелерди капиталдык ремонттоону;
окуу китептерин басып чыгарууну жана сатып алууну;
республикалык жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн катуу отун даярдоону;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин катышуусу менен 2010-жылга республикалык бюджеттин долбооруна билим берүүчү мекемелер үчүн 100,0 млн. сом суммасында окуучулар эмерегин борбордоштурулган сатып алууга каражат киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Жакырчылыкты кыскартуунун борбордоштурулган фондунун каражатынын эсебинен сатып алынуучу окуу китептерин республиканын мектептерине өз убагында жеткирүү боюнча иш жүргүзсүн;
- республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен курулуучу мектептердин мониторингин жүргүзсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге бардык мектептердин имараттарын инвентаризациялоону өткөрсүн, калктуу конуштардын демографиялык маалыматтарынын негизинде жаңы курулушка муктаждыкты аныктасын жана 2009-жылдын аягына чейин 2010-2012-жылдарда мектептерди куруу планын даярдасын;
- жылытуу сезону башталганга чейин республикалык жалпы билим берүүчү уюмдарга отун ташып жеткирүүнү камсыз кылсын;
- мектепке барбагандыгынын себептерин айкындоо менен мектепке барбаган балдардын эсебин алууну камсыз кылсын жана 2009-жылдын 20-сентябрына карата бул маселе боюнча отчет даярдасын;
- мектептик программага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын адистерин тартуу менен Жол кыймылы эрежелерин окуп үйрөнүүнү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте мектептерде мажбурлап акча алуу фактыларын түп-тамырынан бери жоюу маселесин караштырсын жана зарыл болгон учурда сунуштарын киргизсин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ата-энелерден акчалай каражаттарды мыйзамсыз жыйноо фактыларын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзсүн жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча 2009-жылдын 1-октябрына карата тийиштүү сунуштарын киргизсин.
3. Облустук мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
- 2009-жылы эксплуатациялоого киргизүү пландаштырылган мектептерди курууну өз убагында аяктап, аларды окуу эмереги жана жабдуулары менен жабдууну камсыз кылсын;
- билим берүүчү уюмдардын жаңы объекттерин курууда отундун альтернативалуу түрү менен жылытуу системасын караштырсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- окуу жылы башталганга чейин жалпы билим берүүчү уюмдардын отканаларын, жылытуу системаларын ремонттоону жана капиталдык ремонтун аякташсын;
- жылытуу сезону башталганга чейинки жергиликтүү бюджеттерден каржыланган жалпы билим берүүчү уюмдарга өз убагында жана сапаттуу отун ташып жеткирүүнү камсыз кылсын;
- 2011-жылга чейин жылытуу максатында электр энергиясын пайдалануучу билим берүү уюмдарын жергиликтүү бюджетинин каражатынын эсебинен отундун альтернативалык түрүнө акырындап өткөрүү боюнча чара көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте 2010-жылдын 1-июнунуна чейин билим берүү уюмдарынын жер участокторун, имараттарын жана курулмаларын иретке салуу жана мамлекеттик каттоого алуу боюнча ишти аякташсын;
- жыл сайын жергиликтүү бюджетти түзүүдө жалпы билим берүүчү уюмдарды жана мектепке чейинки мекемелерди зарыл эмерек, жабдуу, шаймандар менен жаңыртууга жана жабдууга жана жалпы билим берүүчү уюмдардын жер участокторун, имараттарын жана курулмаларын мамлекеттик каттоого каражат караштырсын;
- жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки уюмдарда өрткө каршы коопсуздукту чыңдоо жана коопсуздук техникасы эрежелерин аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- мектепке барбаган балдарды аныктоодо жана окууга тартууда билим берүү органдарына активдүү жардам көрсөтүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |