Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-сентябры №559
Орозо айт жана Курман айт жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында:
- 2009-жылдын 20-сентябры Орозо айт майрам күнү;
- 2009-жылдын 27-ноябры Курман айт майрам күнү деп жарыялансын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | И.Чудинов |