Документке
Мурунку25.12.2009

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 25-декабры № 805

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү жана" деген сөздөр алып салынсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек-

чиси, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Исаков Ж.Ы. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча

башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин ди-

ректору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрага-

сынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын мүчөлөрү:

Ибрагимов А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ат-

каруу бийлигинин аймактык органдары жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз

ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

статс-катчысы;

Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө ми-

нистрлигинин статс-катчысы;

Бекишов У.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-

тектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин

статс-катчысы;

Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Статистика комитетинин

төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу бо-

юнча);

Жолдошов А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-

кеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун баса-

ры;

Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн ре-

гиондук проблемалар секторунун башчысы;

Намазов К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

реалдуу секторду каржылоо саясаты башкармалыгы-

нын реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академия-

сынын вице-президенти;

Конокбаев К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академия-

сынын Тил таануу институтунун директору;

Канатаева Л.Д. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар ми-

нистрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-

лык-геодезиялык кызматынын геодезиялык көзөмөл

жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

Касымалиев А. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар ми-

нистрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жай-

гаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институ-

тунун директору;

Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциа-

циясынын директору (макулдашуу боюнча);

Савин В.В. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин

оперативдүү башкармалыгынын аскердик-топография-

лык кызмат бөлүмүнүн начальниги;

Конюхов А.Г. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар ми-

нистрлигинин геология башкармалыгынын начальни-

гинин орун басары.";

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:

3-пункттун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкаттоо)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8-пункттун экинчи абзацындагы "биринчи вице-премьер-министр" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Жаңы24.12.2010

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 

2009-жылдын 25-декабры № 805

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №339 токтомунун редакциясына ылайык)