Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 2-февралындагы
№ 56 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна жана "Кыргыз Республикасынын казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик бюджетке келип түшкөн орду толтурулган каражаттардын эсебин иретке салуу максатында иштелип чыккан жана экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштардан, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтуруулардан, социалдык чегерүүлөрдөн жана чарба субъекттерине карата мамлекеттин үлүшү 51 проценттен ашуунду түзгөн чарба субъекттеринен башка) Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын атайын эсебине мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшкөн орду толтурулган каражаттардын эсебин алууну жөнгө салат.
2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын (Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик финансылык полиция кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Башкы прокуратура) ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджетке которула турган, айкындалган укук бузуулар актысы боюнча каражаттардын ордун толтуруунун бирдиктүү тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын атайын эсептерине 30 процент которулууга тийиш болгон ордун толтуруулардын түрлөрү
3. Бул Нускамага ылайык мурда алынган бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер боюнча кайтарылган каражаттар түрүндө орду толтурулган каражаттар жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын көмөгү алдында айкындалган Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары салыктык же бажы төлөмдөрүн жашыруу фактысы боюнча каражаттар бөлүштүрүлүүгө тийиш.
4. Жогоруда аталган каражаттар мамлекеттин кирешесине толук көлөмдө которулууга тийиш.
III. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекеттин кирешесине ордун толтурууга алынган каражаттарды чегерүүнүн жана эсебин алуунун тартиби
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн токтомунун негизинде мыйзамдуу күчүнө кирген, соттун чечиминин негизиндеги жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн акчалай каражаттар мамлекеттик бюджеттин кирешесине чарба субъектинин салыктык катталган жери боюнча казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн транзиттик эсеби аркылуу толугу менен чегерилет.
6. Бюджеттик ссудаларды, чет өлкөлүк кредиттерди жана башка булактардын эсебинен берилген кредиттерди кайтаруу эсебине келип түшкөн жана экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча укук коргоо органдарынын көмөгү алдында орду толтурулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Борбордук казыналыктын тийиштүү эсептерине чегерилет (эсептердин тизмеси 1-тиркемеде).
7. Укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине толтурууга алынган салыктык жана бажы төлөмдөрүнүн эсеби бекитилген бюджеттик классификацияларга ылайык жүргүзүлөт.
IV. Айкындалган укук бузуулар актылары боюнча каражаттарды чегерүүнүн жана аларды бөлүштүрүүнүн тартиби
8. Атайын эсепке мамлекетке ордун толтурууга алынган каражаттардын суммасынын 30 проценти өлчөмүндөгү сыйлык акы түрүндөгү акча каражаттарын өз убагында чегерүү үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы казыналыктын тийиштүү региондук бөлүмүнө (б.а. мамлекетке акчалай каражаттардын ордун толтуруу жери боюнча) төмөнкүдөй документтерди жиберет:
- кат жүзүндө кайрылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен түзүлгөн салыштырып текшерүү актысы;
- төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
- 30 процентти чегерүү жөнүндө билдирме (2-тиркемеге ылайык);
- мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын көчүрмөсү, укук коргоо органынын тергөөчүсүнүн токтому.
9. Укук коргоо органдарынын салыктык же бажы төлөмдөрүн тейлеген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык органдары менен салыштырып текшерүү актысында орду толтурулган каражаттардын 30 процентин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын атайын эсептерине чегерүү үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- документтин номери;
- акча каражаттарынын суммасы;
- салыктын же төлөмдүн түрү;
- тийиштүү мамлекеттик органдын мөөрү;
- ыйгарым укуктуу адамдын колу.
10. Бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди кайтаруу боюнча каражаттардын келип түшүүсүн камсыз кылган укук коргоо органдары айкындалган укук бузуулар актыларына ылайык мамлекеттин бюджетинин кирешесинин ордун толтурууга алынган каражаттардын келип түшүүсү жөнүндө салыштырып текшерүү актысын түзүшөт (салыштырып текшерүү актысынын формасы 3-тиркемеде).
11. Салыштырып текшерүү актысы ай сайын тийиштүү тараптар үчүн бөлүштүрүлүүчү 3 нускада түзүлөт:
- отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө күбөлөндүрүлгөн актынын 1-нускасы тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан Борбордук казыналыкка берилет;
- 2-нускасы укук коргоо органында калат.
12. Борбордук казыналык ар бир айдын 25ине чейинки мөөнөттө берилген салыштырып текшерүү актысынын жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына орду толтурулган сумманын 23 процентин чегерүү жөнүндө билдирменин негизинде бюджеттин киреше бөлүгүн чегерилген каражаттарга тең суммага азайтуу менен көрсөтүлгөн билдирмелердеги реквизиттер боюнча укук коргоо органдарынын атайын казыналык эсептерине которот.
13. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жазык иштерин козгоо боюнча мурда берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер каражаттарын кайтаруу каражаттары түрүндө орду толтурулган каражаттар боюнча 2009-жылдын 26-октябрына чейин акча каражаттарын которууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы жана анын региондук бөлүмдөрү жүргүзөт.
14. Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгы жана казыналыктын региондук бөлүмдөрүнө берүү үчүн милдеттүү болуп саналган укук коргоо органдарынын билдирмесинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- укук коргоо органынын юридикалык дареги жана аталышы;
- казыналык атайын эсептин номери;
- 30 процент өлчөмүндө чегерүү жүргүзүлгөн салыктын, бажы жыйымынын, бюджеттик ссуданын же кредиттин түрүнүн коду жана аталышы;
- акчалай каражаттардын суммасы.
15. Билдирмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын акчалай каражаттардын бюджетке түшүүсүнө байкоо жүргүзгөн аймактык бөлүмдөрүнүн жооптуу адамдары кол коюуга тийиш болгон 3 нускада түзүлөт. Билдирме Борбордук казыналыкка жана казыналыктын региондук бөлүмдөрүнө көрсөтүү үчүн милдеттүү болуп саналат. Билдирменин формасы салыктын, бажы төлөмүнүн ар бир түрү жана башка төлөмдөр боюнча өзүнчө толтурулат.
16. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү укук коргоо органдары берген документтерге ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын билдирмесинде көрсөтүлгөн 30 процент өлчөмүндөгү акчалай каражатты (төлөм тапшырмасы аркылуу) чегерүүнү бюджеттин киреше бөлүгүн сый акы катары органдын 30 процент суммасына тең суммага азайтуу менен укук коргоо органынын атайын эсебине чегерүүнү жүргүзөт.
17. Өлчөмү 100,0 миң сомдон ашкан, республикалык бюджеттен которулуучу 30 процент чегерүүлөрдүн суммалары боюнча укук коргоо органынын атайын эсебине чегерүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кат жүзүндөгү уруксат берүүсүнүн негизинде жүргүзүлөт.
18. Укук коргоо органы тарабынан алынган суммада Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча сметаны көбөйтүү жүргүзүлөт.
19. 30 проценттик чегерүүлөрдү которуу жол-жоболору аяктагандан кийин: билдирменин 1-нускасы казыналык органдарында калат, 2-нускасы укук коргоо органына берилет, 3-нускасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын органына берилет.
V. Жоопкерчилик
20. Экономикалык жана кызматтык кылмыш-жаза иштери боюнча күнөөлүү адам мамлекетке зыяндын ордун толтуруунун натыйжасында өзүнүн атайын эсебине келип түшкөн чегерилген атайын акчалай каражаттардын тууралыгы жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын өзү көтөрөт.
VI. Отчеттуулук
21. 30 процент өлчөмүндөгү каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын отчеттуулугу белгиленген казыналык жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Атайын эсептер боюнча отчет берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен графикке ылайык жүргүзүлөт.