Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген |
Башка маалымат булактарынан салык кызматынын органдары тарабынан алынган документалдык маалыматтарын жана мүлк объектилерин функционалдык дайындоосу жана/же салык базасынын таралуусу жана/же мүлккө болгон укугу каттоодон өтпөгөн учурда, мүлк объектилеринин аянтын жана дубалдардынматериалдарын, басымдуу кылган дубал материалдарын, мүлк объектилеринин тармактык шаймандарын аныктоо (функционалдык дайындоо) ТАРТИБИ
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары салык кодекси) 327-беренесинин 3, 4, 6 жана 10-бөлүктөрүнө ылайык иштелип чыккан жана аныктоо тартибин бекитет:
- мүлк объектилеринин тармактык шаймандары (функционалдык бекитүү);
- эгер 1, 2, 3 топтогу мүлк объектилери материалдардын бир нече түрлөрүнөн түзүлгөн учурларда дубал материалынын басымдуулугун;
- башка маалымат булактарынан салык кызматынын органдары тарабынан алынган документалдык маалыматтары жана мүлк объектилерин функционалдык дайындоосу жана/же салык базасынын таралуусу жана/же мүлккө болгон укугу каттоодон өтпөгөн учурда мүлк объектилеринин аянтын жана дубалдардын материалдарын, басымдуу кылган дубал материалдарын.
2. 2-3-топтогу мүлк объектилеринин тармактык шаймандары (мындан ары ушул главада - мүлк объектилери) ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн колдонулуучу кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик салык органы тарабынан берилген атайын техникалык паспортто көрсөтүлгөн салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн саны, мүлк объектилеринен тышкары аныкталат.
3. Эгер мүлк объектилерин колдонуу, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн саны боюнча техникалык паспортто көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү дайындоодон тышкары болсо, тармактык керек-жарактар мүлк объектисин функционалдык колдонуудан тышкары аныкталат.
4. Эгер мүлк объектилеринин тармактык керек-жарактары (функционалдык дайындоо) календардык жылдын ичинде өзгөрсө, мүлк салыгы боюнча салык милдеттери мүлк объектилеринин тармактык керек-жарактарын (функционалдык дайындоо) өзгөртүүнү эсепке алуу менен эсептелинет.
5. Мүлк объектилеринин салык салуу баасын эсептөөдө дубалдын материалында басымдуулук кылган материал негиз болуп алынат.
6. 1-топтун мүлк объектилери үчүн жалпы аянт кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик салык органы тарабынан берилген салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн санынын техникалык паспортунда көрсөтүлгөн ички өлчөмү боюнча мүлктүн жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
Техникалык паспорт жок болгон учурда жалпы аянт кыймылсыз мүлк бирлигинин тышкы өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтын, ал эми имараттын ичиндеги өзүнчө жайлар жана квартиралар үчүн ички өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат.
7. Эгер мүлк объектилеринин дубалдары ар кандай материалдардан тургузулган болсо, ички өлчөмү боюнча мүлк объектинин салык салуу аянтынын өлчөмү боюнча көбүрөөк тосулган материал басымдуулук кылат.
Сырткы дубалдарды тосуучу аянтчанын өлчөмү ар кандай материалдардан болсо жана бири-бирине тең келсе, бир квадрат метрдин салык салуу базасына дубалдын бардык материалдарынын орто арифметикалык баасы колдонулат.
Мисалы:
Аянты 5-жылдык мөөнөткө эксплуатациялоого жаткан кирпичтен жана металлдан тургузулган мүлк объектилеринин бир квадрат метринин нарктык баасы 12500 сомго (15000 сом + 10000 сом/2) тең.
8. Дубалдын басымдуу кылган материалын аныктоо үчүн ар кандай материалдан тосулган дубалдын аянттарын дубалдардын материалдарын топтоштуруудан тышкары Салык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүндө каралгандай суммалоо керек:
- кирпичтен тургузулган дубалдар;
- жыгачтын тургузулган дубалдар;
- айнектен, пенобетондон, пеноблоктон, пескоблоктон, бетон блокторунан, темир бетондордон, монолит бетонунан жана башка жыйымдардан тургузулган дубалдар;
- бышпаган топурактан тургузулган дубалдар (саман, гуваляк, сокмо);
- курулуш полистиролдук блоктордон жана шлакоблоктордон тургузулган дубалдар;
- металлдан тургузулган дубалдар;
- убактылуу имараттардын материалдарынан жана башка материалдардан тургузулган дубалдар.
9. Салык кодексинин 332-беренесине ылайык мүлк объектисинин учеттук каттоодон өткөн жери боюнча салык органына берилүүчү ар кандай материалдар менен тосулган топтолгон аянтчанын өлчөмдөрү салык төлөөчү тарабынан мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн атайын бөлүмүндө көрсөтүлөт.
10. Мүлк объекти боюнча салык төлөөчү тарабынан аныкталган салык базасынын таралуусу жана/же салык төлөөчүнүн мүлк укугу катталбаган жана/же функционалдык даярдоо учурунда, башка маалымат булактарынан салык кызматынын органдары тарабынан алынган документалдык маалыматтар менен мүлк объектилеринин аянты жана дубалдын материалы салык салуу максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын (мындан ары - комиссия) чечими менен түзүлгөн атайын Комиссия тарабынан аныкталат.
11. Комиссия курамында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо боюнча мамлекеттик органынын жана аймактык салык органдарынын ыйгарым өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын усулдук, уюштуруучулук жана башка иштерин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жүргүзөт.
12. Ушул Тартиптин 10-пунктунда белгиленген фактылар пайда болгон учурда салык кызматынын аймактык органы Салык кодексинин 332-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссияга кат менен кайрылуусу керек.
13. Мүлк объектисинин факт түрүндөгү көрсөткүчтөрү бар болгон учурда Комиссия:
- анын аянтын аныктоо үчүн мүлк объектин ченөө жүргүзүлөт: өзүнчө турган объекттин же кабаттын сырткы периметри боюнча; имараттын ичинде жайгашкан жана бир кабатты толугу менен ээлебеген квартиранын жана өзүнчө жайлар үчүн ички ченөө боюнча;
- дубалдын материалы аныкталат;
- мүлк объектиси турган жер участогунун аянтын аныктайт;
- мүлк объектисинин функционалдык дайындоосу аныкталат;
- эксплуатациялоо мөөнөтү аныкталат.
Кыймылсыз мүлк объектинин катталуусу боюнча салык кызматынын аймактык салык органдарына жана ошондой эле мүлк объектинин факт түрүндө колдонулушуна карай өткөрүлүп берилүүчү мүлк объекти боюнча салык милдеттеринин суммаларын аныктоо үчүн ченөө жыйынтыгы акт түрүндө үч нускада түзүлөт.
14. Комиссиянын акты түзүлгөн күндөн тартып мүлк объекти боюнча салык милдеттерин эсептөөгө же кайра эсептөөгө жатат.
15. Өз милдеттерин туура жана толук аткарбагандыгы, аракетсиздиги жана мыйзамга ылайыксыз иштерди жасагандыгы үчүн комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жооп берет.
16. Салык төлөөчүлөр төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) комиссия мүчөлөрүн атайын аймактын ичине жана административдик, өндүрүштүк, складдык жана башка жайларга киргизүүгө;
2) мүлк объекти менен байланышкан баштапкы оозеки документтерди, маалыматтарды, аныктамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
17. Эгер салык төлөөчү мыйзамсыз түрдө комиссиянын ишине кандайдыр бир тоскоолдуктарды келтире турган болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликти тартат.
18. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын жооптуу адамы Салык кодексинин 114-беренесине ылайык мүлк салыгы боюнча салык төлөөчүнүн салык милдетин туура аныкталышын текшерүүнүн жетишерлиги үчүн маанилүү болгон учурларды тактоо максатында мүлктүк жана документалдык текшерүү жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчүнүн аймагын жана имаратын изилдөө жүргүзүүгө укуктуу.
19. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан объекттин ээси болуп саналган салык төлөөчү текшерүү жүргүзүү процессине катышса болот.
20. Ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан белгиленген учурларда фото жана кино съемкаларды жасоо, видео жаздыруу, тийиштүү документтердин көчүрмөсүн чыгаруу жүргүзүлөт.
21. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы изилдөө акты менен толтурулат же текшерүү материалдарында көрсөтүлөт.