Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген |
Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасын толтуруу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 393, 2014-жылдын 2-июлундагы № 365, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептер (мындан ары - эсептөө) төмөндөгүлөрдөн турат:
1) "1-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-086);
2) "2-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-087);
3) "3-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-088);
4) "4-топтун юридикалык жактарынын объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-089);
5) "4-топтун физикалык жактарынын мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-090).
2. Салык төлөөчү (мүлктүн ээси же пайдалануучусу) 1, 2 жана 3-топтордун (FORM STI - 086, 087, 088) объектилеринин мүлк салыгы боюнча эсептөөнү мүлк объектисинин эсептик каттоодо турган орду боюнча, ал эми Бишкек шаарынын четинде - салык төлөөчүнүн салыктык каттоодо турган орду боюнча берет, 4-топтогу (FORM STI - 089, 090) мүлк объектилери боюнча эсеп автотранспорттук каражаттарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда объектинин каттоодо турган жери боюнча тапшырылат.
3. Салык төлөөчү маалыматтык эсептөөнү (FORM STI - 086, 087, 088, 089, 090) берүүдө:
1) 001-ячейкада "Х" белгисин коюу менен отчеттун түрлөрүн көрсөтөт:
- "баштапкы" - отчет биринчи жолу берилип жатканда көрсөтүлөт;
- "такталган" - мурун берилген эсептөөгө салык төлөөчү толуктоолорду киргизген учурда берилет. Мисалы, такталган эсептөө арифметикалык катанын, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсүнүн натыйжасында салыктык милдеттенмени өзгөртүүгө байланыштуу болгон учурда берилет;
- "кошумча" - жыл ичинде жаңы алынган мүлк объектилери боюнча салыктык милдеттенмелер пайда болгон же сатып жиберген мүлк объектилери боюнча салыктык милдеттенмелер азайган учурда берилет. Мисалы, мүлк объектисин сатып алган же сатып жиберген учурда кошумча эсептөө берилет;
2) 201-ячейкада мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө бериле турган жыл көрсөтүлөт.
4. 102-ячейкадан баштап 111, 901 жана 902-ячейкаларга чейинки ячейкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган салык отчетторунун формасын толтуруу жана берүү тартиби тууралуу Жобого ылайык толтурулат.
2.1-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-086)
(Бөлүм КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
5. 1-графанын 300, 317, 334, 351, 368, 385, 402, 419, 436-уячаларында 1-таблицада көрсөтүлгөн мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн түрлөрүнүн аталыштары көрсөтүлөт.
1-таблица
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача үй |
Эгерде салык төлөөчүнүн бир нече мүлк объектиси болсо, анда маалыматтык эсепке мүлктүн бардык объектилери киргизилет. Мисалы, жеке адамдын үйү жана батири бар. Бул учурда эсепке: үй - "001" жана батир "002" киргизилет.
6. 2-графанын 301, 318, 335, 352, 369, 386, 403, 420, 437-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт. Мисалы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 25-үй, 5-батир. Мүлккө укукту каттоо жок болгон учурда мүлктүн иш жүзүндөгү жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
7. 3-графанын 302, 319, 336, 353, 370, 387, 404, 421, 438-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн далдаштыруу коду көрсөтүлөт. Мүлккө каттоо укугу жок болгон учурларда "0" мааниси коюлат.
8. 4-графанын 303, 320, 337, 354, 371, 388, 405, 422, 439-уячаларында мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес болуп 2-таблицага ылайык, мүлктү пайдалануучулардын коду боюнча көрсөтүлөт:
2-таблица
Коду | Мүлктү пайдалануучу |
МЭ | Менчик ээси |
ҮМЭ | Үлүштүү менчик ээси |
МЭЭ | Менчик ээси эмес |
9. 5-графанын 304, 321, 338, 355, 372, 389, 406, 423, 440-уячаларында мүлк объектисине ээлик кылган/пайдаланган айлардын саны көрсөтүлөт. Мисалы, 12, 6, 3.
10. 6-графанын 305, 322, 339, 356, 373, 390, 407, 424, 441-уячаларында 3-таблицада көрсөтүлгөн материалдын кодуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт.
3-таблица
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кыш |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана чулу бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кумблоктор, көбүкблоктор, көбүкбетон, айнек |
400 | Чийки топурак (саман, маматомолок, сокмо) |
500 | Күлблок, полистиролдук курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
11. 7-графанын 306, 323, 340, 357, 374, 391, 408, 425, 442-уячаларында мүлк объектисин пайдаланууга берген жылы көрсөтүлөт. Мисалы: 1995.
12. 8-графанын 307, 324, 341, 358, 375, 392, 409, 426, 443-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (кв.м) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндөгү маалымат болбосо, жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.
Мүлккө укуктук каттоосу жок болгон учурда, курамына тиешелүү салык кызматы органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кирген комиссия даярдаган актыга ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
13. 9-графанын 308, 325, 342, 359, 376, 393, 410, 427, 444-уячаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт. Мисалы: Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 кв.м болгон 3 бөлмөлүү батир, бул учурда салык салынбаган аянт 80 кв. метрди түзөт.
14. 10-графанын 309, 326, 343, 360, 377, 394, 411, 428, 445-уячаларында 8-графанын 307, 324, 341, 358, 375, 392, 409, 426, 443-уячаларында жана 9-графанын 308, 325, 342, 359, 376, 393, 410, 427, 444-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын айырмасы көрсөтүлөт. Мисалы, 3 бөлмөлүү батирдин жалпы аянты 120 кв. метрди түзөт, Бишкек шаары боюнча салык салынбаган 80 кв.м аянт кемитилет, ошентип 10-графада салык салынуучу 40 кв.м (120 кв.м - 80 кв.м) аянт көрсөтүлөт.
15. 11-графанын 310, 327, 344, 361, 378, 395, 412, 429, 446-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 4-таблицада берилген пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалдарына жараша мүлк объектисинин баалоо наркы (1 кв.м, сом) көрсөтүлөт.
4-таблица
Дубалдардын материалы | Пайдалануу мөөнөтү | Баалануучу наркы 1 кв.м, сом |
Кыш | 5 жылга чейин | 15000 |
5-15 жыл | 14000 | |
15-30 жыл | 13000 | |
30-45 жыл | 12000 | |
45 жылдан ашык | 10000 | |
Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
5-15 жыл | 12000 | |
15-30 жыл | 11000 | |
30-45 жыл | 10000 | |
45 жылдан ашык | 8000 | |
Курама жана чулу бетон жана темир бетон, бетон блоктору, кумблоктору, көбүкблок, көбүкбетон, айнек | 5 жылга чейин | 14000 |
5-15 жыл | 13000 | |
15-30 жыл | 12000 | |
30-45 жыл | 11000 | |
45 жылдан ашык | 10000 | |
Чийки топурак (саман, маматомолок, сокмо) | 5 жылга чейин | 10000 |
5-15 жыл | 9000 | |
15-30 жыл | 8000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашык | 5000 | |
Кулблок, полистиролдуу курулуш блогу | 5 жылга чейин | 9000 |
5-15 жыл | 8000 | |
15-30 жыл | 7000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашык | 5000 | |
Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
30 жылдан ашык | 8000 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгерде имараттын дубалынын материалы кыш болсо, пайдалануу мөөнөтү - 18 жыл, анда мүлк объектисин баалоо наркы 1 кв. метрине 13000 сомду түзөт.
16. 12-графанын 311, 328, 345, 362, 379, 396, 413, 430, 447-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык, объекттин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша салык салынган наркынын өзгөрүүсүн эске алган Кр региондук коэффициенти көрсөтүлөт. Эгерде региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
17. 13-графанын 312, 329, 346, 363, 380, 397, 414, 431, 448-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, объекттин калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объекттин салык салынган наркынын өзгөрүүсүн эске алган Кч чөлкөмдүк коэффициенти көрсөтүлөт. Эгерде чөлкөмдүк коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
18. 14-графанын 313, 330, 347, 364, 381, 398, 415, 432, 449-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонула турган Кт тармактык коэффициенти көрсөтүлөт. Эгерде тармактык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
19. 15-графанын 314, 331, 348, 365, 382, 399, 416, 433, 450-уячаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген, салык салынган базанын 0,35 пайызы өлчөмүндөгү салыктын коюму көрсөтүлөт.
20. 16-графанын 315, 332, 349, 366, 383, 400, 417, 434, 451-уячаларында салыктын суммасы (сом) көрсөтүлөт, (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа), мында 10-графанын 309, 326, 343, 360, 377, 394, 411, 428, 445-уячаларынын маанилери 11-графанын 310, 327, 344, 361, 378, 395, 412, 429, 446-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 12-графанын 311, 328, 345, 362, 379, 396, 413, 430, 447-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 13-графанын 312, 329, 346, 363, 380, 397, 414, 431, 448-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 14-графанын 313, 330, 347, 364, 381, 398, 415, 432, 449-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 15-графанын 314, 331, 348, 365, 382, 399, 416, 433, 450-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт.
21. 17-графанын 316, 333, 350, 367, 384, 401, 418, 435, 452-уячаларында түздөн-түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан жер тилкеси үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт, бирок бул мүлк объектисине карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес. Жер участогуна укукту каттоо болбогон учурда көрсөтүлгөн уячаларга "0" мааниси коюлат.
22. "Эскертүү" деген 500-511-чейинки уячалары салыкты кайрадан эсептөө менен байланышкан такталган эсептөөлөрдү берүү учурунда толтурулат, мында салык милдеттенмелеринин өзгөрүүлөрүн эске алуу менен салыктын суммасы айлар боюнча коюлат. Бул учурда "001" уячасында "такталган" деген сөздүн тушуна "X" белгиси коюлат.
221. 453 жана 454-уячаларда жыйынтыктоочу суммалар көрсөтүлөт.
222. 455-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктардан улам жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлккө салык төлөөдөн бошотуу берилет. Жеңилдиктер болбогон учурда "0" мааниси коюлат.
223. 456-уячада төлөнүүчү салыктын суммасы болуп эсептелген 453, 454 жана 455-уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
1-мисал.
Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан, кыш менен курулуп жана 1995-жылы пайдаланууга берилген, жалпы аянты 150 кв.метр болгон үч бөлмөлүү батирге салыктын суммасы төмөнкү түрдө эсептелет.
Региондук, чөлкөмдүк жана тармактык коэффициенттер 1, 1,2 жана 1 өлчөмдөрүндө белгиленген.
Салык салынуучу нарк: 13000 х 70 х 1 х 1,2 x1 = 1092000 сом.
Мүлк салыгынын суммасы: 1092000 сом х 0,35% = 3822 сом.
Түздөн-түз объекттин астында жайгашкан жер участогуна жер салыгынын суммасы - 0.
Мүлк салыгынын төлөөгө суммасы: 3822 сом.
Маалыматтык эсептөө | Салык салынбаган аянт (кв.м) | Ээлик кылуунун айларынын саны | Баалоо наркы (сом) | Жалпы аянты (кв.м) | Кр | Кч | Кт |
Баштапкы | 80 | 12 | 13000 | 150 | 1 | 1,2 | 1 |
Салык коюму | Салык суммасы | Объекттин астындагы участоктун жер салыгынын суммасы | Төлөнүүчү салыктын суммасы |
0,35 | 3822 | 0 | 3822 |
Салык төлөөчү берген маалыматтык эсептөөдө:
- 001 уячада "баштапкы" сөзүнүн тушуна "Х" белгиси коюлат;
- "Жалпы аянты" графасында - "150" мааниси, батирдин аянты көрсөтүлөт;
- Салык кодексинин 330-беренесине ылайык "Салык салынбаган аянт" графасында "80" мааниси көрсөтүлөт, анткени батир калкынын саны 500 миң жана андан жогору адамдан турган калктуу конушта жайгашкан;
- "Салык салынуучу аянт" графасында "70" мааниси, б.а. айырма көрсөтүлөт (150-80);
- "Баалануучу наркы (кв.м)" графасында пайдалануу мөөнөтү 15тен 30 жылга чейинки мүлк объектисине колдонуучу "13000" мааниси көрсөтүлөт (пайдаланууга берүү жылы - 1995-жыл);
- "Кр", "Кч" жана "Кт" графаларында коэффициенттердин мааниси көрсөтүлөт (региондук, чөлкөмдүк, тармактык);
- "Салыктын коюму" графасында "0,35" мааниси көрсөтүлөт;
- "Салыктын суммасы" графасында "салык салынуучу наркты" "салыктын коюмуна", б.а. 0,35ке көбөйтүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлөт;
- "Мүлк объектисинин астында жайгашкан жер участогуна жер салыгынын суммасы" графасында "0" мааниси көрсөтүлөт, анткени жер участогуна укуктук каттоо жок.
224. Мүлк объектисине календардык жылдан аз мөөнөткө ээлик кылган учурларда мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылуу салыгынын суммасы Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эсептелет, б.а. салыктын жылдык суммасы 12 айга бөлүнөт, андан кийин алынган маани иш жүзүндө ээлик кылуунун айларына көбөйтүлөт.
2-мисал.
Бишкек шаарынын борборунда кыштан курулган, пайдаланууга 1995-жылы берилген жана 2014-жылдын 10-июнуна чейин менчикте болгон жалпы аянты 150 кв. метрлүү үч бөлмөлүү батирдин салык суммасы төмөнкүчө аныкталат:
Мүлктү ажыратуу мезгили үчүн мүлк салыгы = мүлк салыгынын жылдык суммасы / 12 ай х 5 ай, мында салыктын суммасы 1592,5 сомду түзөт.
Мында салык төлөөчү (сатуучу) берген маалыматтык эсептөөдө:
- 001-уячада "кошумча" сөзүнүн тушуна "X" белгиси коюлат;
- 900-уячада мүлктү сатуунун датасы - 10.06.2014 көрсөтүлөт;
- "Ээлик кылуунун айларынын саны" графасында мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылуунун айларынын саны, б.а. "5" мааниси көрсөтүлөт;
- "Жалпы аянты" графасында сатылган аянттын өлчөмү, б.а. "150" мааниси көрсөтүлөт;
-"Төлөөгө салыктын суммасы" графасында салыктык милдеттенме, б.а. "1592,5 сом" мааниси көрсөтүлөт.
Бул учурда, мүлк салыгынын кийинки салык төлөөчүсү (сатып алуучу) мүлккө салык суммасын төмөнкүчө эсептейт.
Мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу мезгили үчүн мүлк салыгы = мүлк салыгынын жылдык суммасы / 12 ай х 7 ай (3822 сом/ 12 х 7 = 2229,50 сом).
Мында салык төлөөчү кошумча берген маалыматтык эсептөөдө:
- 001 уячада "кошумча" сөзүнүн тушуна эгерде кийинки салык төлөөчү мурда башка мүлк объектиси боюнча баштапкы маалыматтык эсепти берсе "Х" белгиси коюлат;
- 900-уячада сатып алуунун датасы - 10.06.2014 көрсөтүлөт;
- "Ээлик кылуунун айларынын саны" графасында - мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылуунун айларынын саны, б.а. "7" мааниси көрсөтүлөт;
- "Жалпы аянты" графасында сатып алынган аянттын өлчөмү, б.а. "150" мааниси көрсөтүлөт;
- "Төлөөгө салыктын суммасы" графасында салык милдеттенмесинин оң мааниси, б.а. "2229,50 сом" мааниси көрсөтүлөт.
225. Салыкты кайта эсептөө менен байланышкан маалыматтык эсеп берилген учурда "Эскертүү" толтурулат, мында салык милдеттенмесинин өзгөрүүлөрүн эсепке алуу менен айлар боюнча салык суммасы коюлат.
3-мисал.
Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан, кыштан курулган жана пайдаланууга 1995-жылы берилген жалпы аянты 150 кв.м болгон үч бөлмөлүү батирдин салык суммасын кайра эсептөө төмөнкүчө жүргүзүлөт.
Чөлкөмдүк коэффициенттин 0,8 өлчөмүндөгү мааниси Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен 2014-жылдын май айында бекитилген. Ал 2014-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен салык салынуучу наркы:
13000 х 70 х 1 х 1 х 1 = 910000 сом.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен мүлк салыгынын жылдык суммасы:
910000 сом х 0,35% = 3185 сом.
Маалыматтык эсептөө | Салык салынбаган аянт (кв.м) | Ээлик кылуунун айларынын саны | Баалоо наркы (сом) | Жалпы аянты (кв.м) | Кр | Кч | Кт |
Баштапкы | 80 | 12 | 13000 | 150 | 1 | 1 | 1 |
Салык коюму | Салык суммасы | Объекттин астындагы участоктун жер салыгынын суммасы | Төлөнүүчү салыктын суммасы |
0,35 | 3185 | 0 | 3185 |
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен салык салынуучу наркы:
13000 х 70 х 1 х 0,8 х 1 = 728000 сом.
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен мүлк салыгынын жылдык суммасы:
728000 сом х 0,35% = 2548 сом.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен бир айдагы салыктын суммасы:
3185 / 12 ай = 265,4 сом.
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен бир айдагы салыктын суммасы:
2548 / 12 ай = 212,3 сом.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен январь-май айларындагы мезгил үчүн салык суммасы:
265,4 х 5 ай = 1327 сом.
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен июнь-декабрь айларындагы мезгил үчүн салык суммасы:
212,3 х 7 ай = 1486,1 сом.
Чөлкөмдүк коэффициенттин өзгөрүүлөрүн эсепке алуу менен мүлк салыгынын такталган жылдык суммасы:
1327 + 1486,1 = 2813,1 сом.
Мында салык төлөөчү берген маалыматтык эсепте:
- 001 уячада "такталган" сөзүнүн тушуна "Х" белгиси коюлат;
- "Чөлкөмдүк коэффициент (Кч)" графасында өзгөртүлгөн коэффициенттин өлчөмү - 0,8 көрсөтүлөт;
- "Төлөөгө салыктын суммасы" графасында салыктын такталган суммасы - 2813,1 сом көрсөтүлөт.
"Эскертүү" төмөнкүчө толтурулат:
Айлар | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь |
Салык суммасы | 265,4 | 265,4 | 265,4 | 265,4 | 265,4 | 212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 |
3. 2-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-087)
23. 1-графанын 300, 316, 332, 348, 364, 380, 396, 412, 428-ячейкаларында 4-таблицада көрсөтүлгөн мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
|
| 4-таблица |
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | турак үй |
002 | батир |
003 | дача үйү |
004 | пансионаттар |
005 | Эс-алуу үйлөрү |
006 | санаторийлер |
007 | курорттор |
008 | өндүрүштүк |
009 | административдик |
010 | өнөр жайлык |
011 | башка капиталдык курулуштар |
012 | күркөлөр |
013 | контейнерлер |
014 | башка убактылуу имараттар |
24. 2-графанын 301, 317, 333, 349, 365, 381, 397, 413, 429-ячейкаларында кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан жеринин дареги көрсөтүлөт. Мисалы. Бишкек шаары Биринчи Май району Пушкин көчөсү, 70.
Мүлккө болгон укуктук каттоосу жок учурда мүлктүн жайгашкан дареги көрсөтүлөт.
25. 3-графанын 302, 318, 334, 350, 366, 382, 398, 414, 430-ячейкаларында кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилген мүлктүн жеке коду көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укуктук каттоосу жок учурда "0" мааниси коюлат.
26. 4-графанын 303, 319, 335, 351, 367, 383, 399, 415, 431-ячейкаларында 2-таблицага ылайык мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт.
27. 5-графанын 304, 320, 336, 352, 368, 384, 400, 416, 432-ячейкаларында 5-таблицага ылайык мүлк объектисинин тармагынын коду көрсөтүлөт.
|
| 5-таблица |
Арналуу коду | Мүлк объектисинин функционалдык тармагы |
01 | Мейманканалар, оюн-зоок жайы, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
02 | Автоунааларга май куюучу станциялар |
03 | Кичи базарлар, базарлар, соода базар комплекстери, комплекстеp |
04 | Коомдук тамактануучу ишканалар, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү |
05 | Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары |
06 | Административдик, кеңсе имараттары, бизнес-борборлор, банктар |
07 | Транспорт ишканалары, автосервис ишканалары, байланыш жана энергетика |
08 | Kopгоо-спорт-техникалык уюмдар |
09 | Айыл чарба өндүрүштүк имараттар |
10 | Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү |
11 | Өнөр жай, курулуш ишканалары |
28. 6-графанын 305, 321, 337, 353, 369, 385, 401, 417, 433-ячейкаларында мүлк объектисине ээлик кылган же пайдаланган айлардын саны көрсөтүлөт.
29. 7-графанын 306, 322, 338, 354, 370, 386, 402, 418, 434-ячейкаларында 3-таблицада көрсөтүлгөн материалдын кодуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт.
30. 8-графанын 307, 323, 339, 355, 371, 387, 403, 419, 435-ячейкаларында мүлк объектисин эксплуатациялоого киргизилген жылы көрсөтүлөт. Мисалы: 1970.
31. 9-графанын 308, 324, 340, 356, 372, 388, 404, 420, 436-ячейкаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эксплуатациялоо мөөнөтүнө караштуу мүлк объектисин баалоо наркы көрсөтүлөт (1 кв.метр сом). Мисалы, эгер имараттын дубалынын материалы - монолиттүү бетон болсо, эксплуатациялоо мөөнөтү - 37 жыл болот, анда мүлк объектисин баалоо наркы бир кв.метр үчүн 11000 сомду түзөт.
32. 10-графанын 309, 325, 341, 357, 373, 389, 405, 421, 437-ячейкаларында кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунун маалыматы боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (кв.м) көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укуктук каттоосу жок учурда салык кызматынын тиешелүү органынын, мүлк объектисин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрүнүн курамынан турган комиссия тарабынан даярдалган актынын негизинде мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
33. 11-графанын 310, 326, 342, 358, 374, 390, 406, 422, 438-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан объектинин ордуна карата салык салуу базасынын өзгөрүшүн эске алуучу Кр региондук коэффициенти көрсөтүлөт.
34. 12-графанын 311, 327, 343, 359, 375, 391, 407, 423, 439-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык эл отурукташкан жерлерде жайгашкан объектинин ордуна карата салык салуу базасынын өзгөрүшүн эске алуучу Кз зоналык коэффициенти көрсөтүлөт.
35. 13-графанын 312, 328, 344, 360, 376, 392, 408, 424, 440-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу Ко тармактык коэффициенти көрсөтүлөт.
36. 14-графанын 313, 329, 345, 361, 377, 393, 409, 425, 441-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салыктын ставкасы (%) көрсөтүлөт.
37. 15-графанын 314, 330, 346, 362, 378, 394, 410, 426, 442-ячейкаларында салыктын суммасы (сом) көрсөтүлөт, (9-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа), мында 9-графанын 308, 324, 340, 356, 372, 388, 404, 420, 436-ячейкаларынын мааниси 10-графанын 309, 325, 341, 357, 373, 389, 405, 421, 437-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 11-графанын 310, 326, 342, 358, 374, 390, 406, 422, 438-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 12-графанын 311, 327, 343, 359, 375, 391, 407, 423, 439-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 13-графанын 312, 328, 344, 360, 376, 392, 408, 424, 440-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 14-графанын 313, 329, 345, 361, 377, 393, 409, 425, 441-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
38. 16-графанын 315, 331, 347, 363, 379, 395, 411, 427, 443-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык мүлктүн объектисинде жайгашкан жер участогу үчүн төлөөгө жаткан же төлөнгөн (сом), жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт, бирок бул сумма ушул мүлк объектисине карата эсептелинген мүлк салыгынын суммасынан ашпашы керек.
39. 444 жана 445-ячейкаларда салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
40. 446-ячейкада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок учурда "0" мааниси көрсөтүлөт.
41. 447-ячейкада мүлк салыгынын төлөөгө жатуучу суммасы (сом), башкача айтканда 444, 445 жана 446-ячейкалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
42. Мүлк объектисине бир календарлык жылдан аз ээлик кылган учурда Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылган салыктын суммасы эсептелинет, башкача айтканда салыктын жылдык суммасы 12 aйга бөлүнөт жана андан кийин алынган маани иш жүзүндө ээлик кылган aйларга көбөйтүлөт.
1-мисал.
Жалпы аяты 85308 кв. метр болгон Токмок шаарында жайгашкан өндүрүштүк ишкана. Ишкананын дубалынын материалы - монолиттүү бетон, эксплуатациялоо мөөнөтү - 37 жыл. 2011-жылдын 10-май айында ишкана тарабынан кошумча товарлардын кампасы үчүн аянты 200 чарчы метр болгон имарат алынган, дубалдын материалы кыштан, эксплуатациялоо мөөнөтү 1 жыл.
2-топтогу объектилер боюнча мүлк салыгынын суммасы төмөнкүдөй жол менен эсептелинет:
Мүлк салыгы = Салык салынуучу наркы х Салыктын ставкасы,
Салык салынуучу наркы = С х Жалпы аянты х Кр х Кз х Ко,
С - аянты 1 чарчы метр болгон объекттин салык салынуучу наркы;
Кр - регионалдык коэффициент;
Кз - зоналык коэффициент;
Ко - тармактык коэффициент.
салык салынуучу наркы: 11000 х 85308 х 0,6 х 0,2 = 112606560
мүлк салыгынын суммасы: 112606560 сом х 0,8% = 900852,5 сом;
объектиде жайгашкан жер участогуна болгон жер салыгынын суммасы - 98104,2 сом (2,3 х 85308 x 0,5);
төлөнүүчү мүлк салыгы 802748,3 сом (900852,5 - 98104,2).
Маалыматтык эсеп | Ээлик кылган айлардын саны | Баалоо наркы | Жалпы аянты | Кр | Кз | Ко | Салыктын ставкасы | Салыктын суммасы | Имараттын участогунун жер салыгынын суммасы | Төлөнүүчү салыктын суммасы |
Баштапкы | 12 | 11000 | 85308 | 0,6 | 1 | 0,2 | 0,8 | 900852,5 | 98104,2 | 802748,3 |
2011-жылдын 10-май айында ишкана тарабынан жаңы имарат сатып алынгандыктан, ээлик кылган мезгил үчүн салыктын суммасы төмөнкү жол менен аныкталат:
Салык = Салыктын жылдык суммасы / 12 ай х 7 ай
2-топтогу объектилер боюнча мүлк салыгынын жылдык суммасы төмөнкүдөй жол менен эсептелинет:
салык салынуучу нарк: 15000 х 200 х 0,6 х 0,2 = 360000 сом;
мүлк салыгынын суммасы: 360000 х 0,8% = 2880 сом;
объектиде жайгашкан жер участогуна жер салыгынын суммасы: 2,3 х 200 х 0,5 = 230;
төлөнүүчү салыктын суммасы: 2880 - 230 = 2650 сом.
Жаңы объектиге иш жүзүндө ээлик кылган мезгил үчүн мүлк салыгынын суммасы:
2650 : 12 х 7 = 1545 сом.
Муну менен катар салык төлөөчү тарабынан берилүүчү маалыматтык эсептөөдө кошумча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 001-ячейкада "Х" белгиси "кошумча" деген сөздүн каршысында;
- 900-ячейкада "сатып алуу күнү": 2011-жыл 10-май;
- "аянты" графасында мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт;
- "айлардын саны" графасында сатып алынган мүлк объектиси боюнча ээлик кылган айлардын саны;
- "төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында салыктык милдеттенменин оң мааниси көрсөтүлөт.
Маалыматтык эсеп | Ээлик кылган айлардын саны | Баалоо наркы | Жалпы аянты | Кр | Кз | Ко | Салыктын ставкасы | Салыктын суммасы | Имараттын участогунун жер салыгынын суммасы | Төлөнүүчү салыктын суммасы |
Кошумча | - | 15000 | 200 | 0,6 | 1 | 0,2 | 0,8 | 2880 | 230 | 1545 |
43. Ишкана тарабынан жаңы имарат курулуп жана эксплуатациялоого киргизилген учурда, жаңы курулган объектинин мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме Салык кодексинин 331-беренесине ылайык объектти пайдаланууга алган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып же бул абалдардын кайсынысы мурда болгонуна жараша объектти пайдалана баштаган күндөн тартып келип чыгат.
Мисалы. "А" ЖЧКсы жаңы имарат курду. Эксплуатацияга 2011-жылдын 25-сентябрында киргизилген. Мындай учурда салыктык милдеттенме 2011-жылдын 1-октябрынан баштап пайда болот.
Ишкана тарабынан салык мезгили - 2011-жыл үчүн мүлк салыгы толугу менен эсептелинет.
Муну менен катар салык төлөөчү тарабынан берилүүчү маалыматтык эсептөөдө кошумча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 001-ячейкада "Х" белгиси "кошумча" деген сөздүн каршысында;
- 900-ячейкада "сатып алган күнү": 2011-жыл 25-сентябрь;
- "аянты" графасында мүлк объектисинин аянтынын өлчөмү;
- "айлардын саны" графасында "12";
- "төлөөгө жаткан салык суммасы" графасында салыктык милдеттенменин оң мааниси.
44. Мүлк объектисинин тармактык керектөөлөрү өзгөргөн учурда салыктык милдеттенме такталган эсепти берүү менен мүлк объектисинин тармактык керектөөлөрү (функционалдык арналышы) өзгөргөндүгүн эске алып эсептелинет.
45. Салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу болгон такталган эсептөө берилген учурда (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү), салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы "Эскертүү" деген көрсөтүлгөн жерге толтурулат (22-бөлүмдөгү мисалга салыштырмалуу толтурулат).
"Атайын бөлүмдүн" формасын толтуруу тартиби
46. Эгерде мүлк объектисинин тосулган дубалы ар кандай материалдардан турса, анда мүлк объектисинин салык салуу базасын эсептөө үчүн мүлк объектисинин көпчүлүктөн турган материалдары атайын бөлүм менен белгиленет.
47. 1-графада мүлктүн катар номери 4-таблицада көрсөтүлгөн мүлктүн ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
48. 2-графада мүлк объектисинин эксплуатациялоого киргизилген жылы көрсөтүлөт.
49. 3-графада мүлк объектисин курчаган дубалдын жалпы аянты (кв.метр) көрсөтүлөт.
50. 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-графаларда дубалдын материалы 3-таблицада каралган материалдын кодуна ылайык дубалдын материалы көрсөтүлөт.
51. 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-графаларда дубалга болгон тийиштүү материалынын үлүш аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт.
52. 11, 12, 13-графаларда басымдуулук кылган же тең келген материалдардын аталышы көрсөтүлөт (кв.метр).
53. 14, 15, 16-графаларда басымдуулук кылган материалдардын 1 кв.метр болгон нарктык баасы көрсөтүлөт.
54. 17-графада тең келген материалдардын 1 кв.метринин орточо наркы көрсөтүлөт (сом).
Мисалы: Эксплуатациялоо мөөнөтү 5 жылга тең келген аянттын үлүшү металлдан жана кирпичтен тургузулган мүлк объектисинин 1 кв.метpге болгон салык салуу баасы 12500 сом (15000 + 10000 сом / 2) тең келет.
4. 3-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-088)
55. 1-графанын 300, 315, 330, 345, 360, 375, 390, 405, 420-ячейкаларында 4-таблицада көрсөтүлгөн мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
56. 2-графанын 301, 316, 331, 346, 361, 375, 391, 406, 421-ячейкаларында мүлктүн жайгашкан жеринин дареги көрсөтүлөт. Мисалы, Бишкек шаары, Свердлов району, Алма-Ата көчөсү 2.
57. 3-графанын 302, 317, 332, 347, 362, 377, 392, 407, 422-ячейкаларында 2-таблицага ылайык мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт.
58. 4-графанын 303, 318, 333, 348, 363, 378, 393, 408, 423-ячейкаларында 5-таблицага ылайык мүлк объектилерине арналган коду көрсөтүлөт.
59. 5-графанын 304, 319, 334, 349, 364, 379, 394, 409, 424-ячейкаларында мүлк объектисине ээлик кылган же пайдаланган айлардын саны көрсөтүлөт. Мисалы, 12, 6.
60. 6-графанын 305, 320, 335, 350, 365, 380, 395, 410, 425-ячейкаларында 3-таблицада көрсөтүлгөн материалдардын кодуна ылайык материалдын коду көрсөтүлөт.
61. 7-графанын 306, 321, 336, 351, 366, 381, 396, 411, 426-ячейкаларында мүлк объектисин эксплуатациялоого киргизүү жылы көрсөтүлөт. Мисалы: 1989.
62. 8-графанын 307, 322, 337, 352, 367, 382, 397, 412, 427-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эксплуатациялоо мөөнөтүнө карата мүлк объектилеринин 1 кв.метр болгон баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
63. 9-графанын 308, 323, 338, 353, 368, 383, 398, 413, 428-ячейкаларында мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы м) көрсөтүлөт.
64. 10-графанын 309, 324, 339, 354, 369, 384, 399, 414, 429-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан объектинин ордуна карата салык салуу базасынын өзгөрүшүн эске алуучу Кр региондук коэффициенти көрсөтүлөт.
65. 11-графанын 310, 325, 340, 355, 370, 385, 400, 415, 430-ячейкаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык эл отурукташкан жерлерде жайгашкан объектинин ордуна карата салык салуу базасынын өзгөрүшүн эске алуучу Кз зоналык коэффициенти көрсөтүлөт.
66. 12-графанын 311, 326, 341, 356, 371, 386, 401, 416, 431-ячейкаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу Ко тармактык коэффициенти көрсөтүлөт.
67. 13-графанын 312, 327, 342, 357, 372, 387, 402, 417, 432-ячейкаларында салыктын ставкасы (%) көрсөтүлөт.
68. 14-графанын 313, 328, 343, 358, 373, 388, 403, 418, 433-ячейкаларында салыктын суммасы көрсөтүлөт (сом). (8-графа х 9-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа), мында 8-графанын 307, 322, 337, 352, 367, 382, 397, 412, 427-ячейкаларынын мааниси 9-графанын 308, 323, 338, 353, 368, 383, 398, 413, 428-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 10-графанын 309, 324, 339, 354, 369, 384, 399, 414, 429-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 11-графанын 310, 325, 340, 355, 370, 385, 400, 415, 430-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт, 12-графанын 311, 326, 341, 356, 371, 386, 401, 416, 431-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
69. 15-графанын 314, 329, 344, 359, 374, 389, 404, 419, 434-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык мүлктүн объектинде жайгашкан жер участогу үчүн төлөөгө жаткан же төлөнгөн (сом), жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт, бирок бул сумма ушул мүлк объектисине карата эсептелинген мүлккө карай салыктын суммасынан ашпашы керек.
70. 435 жана 436-ячейкаларда салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
71. 436-ячейкада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңеш тарабынан мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
72. 438-ячейкада мүлк салыгынын төлөөгө жатуучу суммасы (сом), 435, 436 жана 437-ячейкалардын айырмасы менен көрсөтүлөт.
Мисалы. Ишкердин Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 14,4 кв.м болгон 20 тонналык металл контейнери бар. Контейнердин эксплуатациялоо мөөнөтү 10 жыл. 1 кв.метр баалоо наркы 10000 сомду түзөт. Регионалдык коэффициент 1ге барабар. Зоналык коэффициент 1ге барабар. Тармактык коэффициент - 0,8. Контейнер ишкер тарабынан ижарага алынган жер участокто жайгашкан.
3-топтогу объектилер боюнча мүлк салыгынын жылдык суммасы төмөнкү жол менен эсептелинет:
Мүлк салыгы = Салык салынуучу наркы х Салыктын ставкасы,
Салык салынуучу наркы = С х Жалпы аянты х Кр х Кз х Ко,
С - аянты 1 кв.метр болгон объектинин салык салынуучу наркы;
Кр - регионалдык коэффициент;
Кз - зоналык коэффициент;
Ко - тармактык коэффициент.
Салык салынуучу наркы: 115200,0 сом (10000 х 14,4 х 1 х 1 х 0,8);
төлөнүүчү мүлк салыгы 921,6 сом (115200,0 х 0,8%).
73. Мүлк объектисине бир календарлык жылга жетпеген мезгилде ээлик кылган учурда, Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мүлк салыгынын жылдык суммасы объектиге иш жүзүндө ээлик кылган салыктын суммасы эсептелинет, башкача айтканда салыктын жылдык суммасы 12 айга бөлүнөт жана андан кийин алынган маани иш жүзүндө ээлик кылган айлардын санына көбөйтүлөт (эсептөө 42-бөлүмдөгү 1-мисалга окшош жүргүзүлөт).
74. Салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу болгон такталган эсеп берилген учурда (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү), салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы "Эскертүү" деген көрсөтүлүүчү жерге толтурулат (22-бөлүгүндөгү мисалга окшош толтурулат).
5. 4-топтун юридикалык жактарынын мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-089)
75. 1-графада 4-топтогу мүлк объектиси 6-таблицага ылайык транспорттук каражаттын белгисинин коду боюнча бөлүнөт:
|
| 6-таблица |
Белгинин коду | Белги |
А | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пункутчасына ылайык ички күйүүчү кыймылдаткычта иштөөчү транспорттук каражат |
Б | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пункутчасына ылайык ички күйүүчү кыймылдаткычы бар же ички күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорттук каражат |
В | Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорттук каражат |
76. 2-графанын 202, 210, 218, 226, 234, 242, 250, 258, 266, 274, 282, 290, 298, 306, 314, 322, 330, 338, 346, 354, 362, 370, 378, 386, 394-ячейкаларында 7-таблицада каралган кодго ылайык транспорттук каражаттын түрү көрсөтүлөт.
|
| 7-таблица |
Tpaнспорттун коду | Транспорттун аталышы |
001 | Жеңил автоунаалары, жеңил автоунаалардын базасындагы фуpгондор жана пикаптар |
002 | Жүк автоунаалары, автобустар, чакан автобустар |
003 | Өзү жүрмө машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары |
004 | Алардын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрмө машиналар жана/же механизмдер |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Башка, каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок - транспорт каражаттары |
008 | Ички күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт түрү жана баланстык баасы |
Мисалы, жүк автоунаасы - "003", жеңил автоунаасы - "001".
77. 3-графанын 203, 211, 219, 227, 235, 243, 251, 259, 267, 275, 283, 291, 299, 307, 315, 323, 331, 339, 347, 355, 363, 371, 379, 387, 395-ячейкаларында транспорттук каражаттын маркасы көрсөтүлөт. Мисалы, Тойота Ландкрузер, Ауди-80.
78. 4-графанын 204, 212, 220, 228, 236, 244, 252, 260, 268, 276, 284, 292, 300, 308, 316, 324, 332, 340, 348, 356, 364, 372, 380, 388, 396-ячейкаларында транспорттук каражаттын заводдон даярдоочу тарабынан чыккан жылы көрсөтүлөт. Мисалы, 1988.
79. 5-графанын 205, 213, 221, 229, 237, 245, 253, 261, 269, 277, 285, 293, 301, 309, 317, 325, 333, 341, 349, 357, 365, 373, 381, 389, 397-ячейкаларында кыймылдаткычтын иштөө көлөмү көрсөтүлөт (куб.см). Мисалы, 4664, 1798, 1760.
80. 6-графанын 206, 214, 222, 230, 238, 246, 254, 262, 270, 278, 286, 294, 302, 310, 318, 326, 334, 342, 350, 358, 366, 374, 382, 390, 398-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасынын негизинде, 8-таблицага ылайык иштөөчү кыймылдаткычтын көлөмүнүн ар бир 1 куб.см салыктын ставкасы (сом) көрсөтүлөт.
|
| 8-таблица |
Транспорттун коду | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Салыктын ставкасы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Салыктын ставкасы |
001 | 5 жылга чейин | 0,90 | 10-15 жыл | 0,60 |
5-10 жыл | 0,75 | 15 жылдан өйдө | 0,45 | |
002 | 5-жылга чейин | 0,75 | 10-15 жыл | 0,45 |
5-10 жыл | 0,60 | 15 жылдан өйдө | 0,30 | |
003 | 5 жылга чейин | 0,30 | 15 жылдан өйдө | 0,15 |
004 | 15 жылга чейин | 0,10 | 15 жылдан өйдө | 0,05 |
005 | 10 жылга чейин | 0,15 | 15 жылдан өйдө | 0,09 |
006 | 5 жылга чейин | 1,8 | 5 жылдан өйдө | 1,2 |
81. 7-графанын 207, 215, 223, 231, 239, 247, 255, 263, 271, 279, 287, 295, 303, 311, 319, 327, 335, 343, 351, 359, 367, 375, 383, 391, 399-ячейкаларында салыктын суммасы көрсөтүлөт (сом) (5-графа х 6-графа), башкача айтканда 5-графанын 205, 213, 221, 229, 237, 245, 253, 261, 269, 277, 285, 293, 301, 309, 317, 325, 333, 341, 349, 357, 365, 373, 381, 389, 397, 205, 213, 221, 229, 237, 245, 253, 261, 269, 277, 285, 293, 301, 309, 317, 325, 333, 341, 349, 357, 365, 373, 381, 389, 397-ячейкаларынын мааниси 6-графанын 206, 214, 222, 230, 238, 246, 254, 262, 270, 278, 286, 294, 302, 310, 318, 326, 334, 342, 350, 358, 366, 374, 382, 390, 398-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
82. 8-графанын 208, 216, 224, 232, 240, 248, 256, 264, 272, 280, 288, 296, 304, 312, 320, 328, 336, 344, 352, 360, 368, 376, 384, 392, 400-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт. Жеңилдиктер жок учурда "0" мааниси коюлат.
83. 9-графанын 209, 217, 225, 233, 241, 249, 257, 265, 273, 281, 289, 297, 305, 313, 321, 329, 337, 345, 353, 361, 369, 377, 385, 393, 401-ячейкаларында төлөнүүчү салыктын суммасы (7-графа - 8-графа), башкача айтканда 7-графанын 207, 215, 223, 231, 239, 247, 255, 263, 271, 279, 287, 295, 303, 311, 319, 327, 335, 343, 351, 359, 367, 375, 383, 391, 399-ячейкаларынын жана 8-графанын 208, 216, 224, 232, 240, 248, 256, 264, 272, 280, 288, 296, 304, 312, 320, 328, 336, 344, 352, 360, 368, 376, 384, 392, 400-ячейкаларынын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.
84. 2-графанын 402, 409-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пункутчасында каралбаган ички күйүүчү кыймылдаткычы бар - "б" белгиси боюнча 7-таблицада көрсөтүлгөн транспорттун кодуна ылайык транспорттук каражаттын түрү көрсөтүлөт.
85. 3-графанын 403, 410-ячейкаларында транспорттук каражаттардын маркасы көрсөтүлөт.
86. 5-графанын 404, 411-ячейкаларында транспорттук каражаттын баланстык наркы көрсөтүлөт.
87. 6-графанын 405, 412-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пункутчасына ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
88. 7-графанын 406, 413-ячейкаларында салыктын суммасы (сом) (5-графа х 6-графа), башкача айтканда 5-графанын 404, 411-ячейкаларынын мааниси 6-графанын 405, 412-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
89. 8-графанын 407, 414-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт.
90. 9-графанын 408, 415-ячейкаларында төлөнүүчү салыктын суммасы (7-графа - 8-графа), башкача айтканда 7-графанын 406, 413-ячейкаларынын жана 8-графанын 407, 414-ячейкаларынын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.
91. 2-графанын 416, 423-ячейкаларында 7-таблицада көрсөтүлгөн транспорттун кодуна ылайык ички күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок - "В" белгиси боюнча транспорттун түрү көрсөтүлөт.
92. 3-графанын 417, 424-ячейкаларында транспорттук каражаттын маркасы көрсөтүлөт.
93. 5-графанын 418, 425-ячейкаларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталуучу наркы көрсөтүлөт. 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген.
94 6-графанын 419, 426-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пункутчасына ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
95. 7-графанын 420, 427-ячейкаларында салыктын суммасы (сом) (5-графа х 6-графа) көрсөтүлөт, башкача айтканда 5-графанын 418, 425-ячейкаларынын мааниси 6-графанын 419, 426-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
96. 8-графанын 421, 428-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт.
97. 9-графанын 422, 429-ячейкаларында төлөнүүчү салыктын суммасы (7-графа х 8-графа), башкача айтканда 7-графанын 420, 427-ячейкаларынын жана 8-графанын 421, 428-ячейкаларынын маанилеринин айырмалары көрсөтүлөт.
98. 430, 431-ячейкаларда 4-топтогу объектилер боюнча жалпы суммалар (сом) көрсөтүлөт.
Мисалы. Ишкананын Тойота Ландкрузер автоунаа маркасындагы транспорттук каражаты бар, чыгарылган жылы - 2005, кыймылдаткычынын көлөмү - 4664. Транспорттук каражаттын эксплуатациялоо мөөнөтү 11 жыл. Кыймылдаткычтын иштөө көлөмүнүн ар бир 1 куб.см салыктын ставкасы 0,75 сом.
Салыктын суммасы 3498 сом (46664 х 0,75) түзөт.
6. 4-топтун физикалык жактарынын мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-090)
99. 1-графада 4-топтун мүлк объектиси 6-таблицага ылайык транспорттук каражаттын белгисинин коду боюнча бөлүнөт.
100. 2-графанын 202, 213, 224, 235-ячейкаларында 7-таблицада көрсөтүлгөн ички күйүүчү кыймылдаткычта иштөөчү транспорттун коду менен ылайык транспорттун түрү көрсөтүлөт. Мисалы, жеңил автоунаа - "001", жүк автоунаа - "002".
101. 3-графанын 203, 214, 225, 236-ячейкаларында 2-таблицага ылайык мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт.
102. 4-графанын 204, 215, 226, 237-ячейкаларында транспорттук каражаттын маркасы көрсөтүлөт. Мисалы, Тайота Ландкрузер, Ауди-80.
103. 5-графанын 205, 216, 227, 238-ячейкаларында транспорттук сериясы жана мамлекеттик номери көрсөтүлөт. Мисалы, В8195G.
104. 6-графанын 206, 217, 228, 239-ячейкаларында транспорттук каражаттын сериясы жана каттоосу тууралуу күбөлүктүн номери көрсөтүлөт. Мисалы, АВ 398038.
105. 7-графанын 207, 218, 229, 240-ячейкаларында завод даярдоочу тарабынан транспорттук каражаттын чыгарылган жылы көрсөтүлөт. Мисалы, 2005.
106. 8-графанын 208, 219, 230, 241-ячейкаларында салык базасы кыймылдаткычтын иштөө көлөмү (куб.см) көрсөтүлөт. Мисалы, 4664, 1798, 1760.
107. 9-графанын 209, 220, 231, 242-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пункутчасынын негизинде 8-таблицага ылайык иштөөчү кыймылдаткычтын көлөмүнүн ар бир 1 куб.см салыктын ставкасы (сом) көрсөтүлөт.
108. 10-графанын 210, 221, 232, 243-ячейкаларында салыктын суммасы (сом) (8-графа х 9-графа) көрсөтүлөт, башкача айтканда 8-графанын 208, 219, 230, 241-ячейкаларынын мааниси 9-графанын 209, 220, 231, 242-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
109. 11-графанын 211, 222, 233, 244-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт. Жеңилдиктер жок учурда "0" мааниси коюлат.
110. 12-графанын 212, 223, 234, 245-ячейкаларында төлөнүүчү салыктын суммасы (сом) (10-графа - 11-графа), башкача айтканда 10-графанын 210, 221, 232, 243-ячейкаларынын жана 11-графанын 211, 222, 233, 244-ячейкаларынын маанисинин айырмалыгы көрсөтүлөт.
111. 2-графанын 246, 256, 266-ячейкаларында ички күйүүчү кыймылдаткычы жок же Салык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгүнүн "а" пункутчасында каралбаган ички күйүүчү кыймылдаткычы бар "Б" белгиси боюнча 7-таблицада көрсөтүлгөн транспорттун колуна ылайык транспорттук каражаттын түрү көрсөтүлөт.
112. 3-графанын 247, 257, 267-ячейкаларында 2-таблицага ылайык мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт.
113. 4-графанын 248, 258, 268-ячейкаларында транспорттук каражаттын маркасы көрсөтүлөт.
114. 5-графанын 249, 259, 269-ячейкаларында транспорттук каражаттын сериясы жана мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
115. 6-графанын 250, 260, 270-ячейкаларында транспорттук каражаттын сериясы жана каттоо тууралуу күбөлүгүнүн номери көрсөтүлөт.
116. 8-графанын 251, 261, 271-ячейкаларында Салык кодексинин 325-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык аныкталуучу салыктык база баланстык баа көрсөтүлөт.
117. 9-графанын 252, 262, 272-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пупктчасына ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
118. 10-графанын 253, 263, 273-ячейкаларында салыктын суммасы (сом) (8-графа х 9-графа) көрсөтүлөт, башкача айтканда 8-графанын 251, 261, 271-ячейкаларынын мааниси 9-графанын 252, 262, 272-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
119. 11-графанын 254, 264, 274-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт.
120. 12-графанын 255, 265, 275-ячейкаларында төлөнүүчү салыктын суммасы (сом) (10-графа - 11-графа), башкача айтканда 10-графанын 253, 263, 273-ячейкаларынын жана 11-графанын 254, 264, 274-ячейкаларынын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.
121. 2-графанын 276, 285-ячейкаларында 7-таблицада көрсөтүлгөн транспорттук каражаттын кодуна ылайык, ички күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок "В" белгиси боюнча транспорттун түрү көрсөтүлөт.
122. 3-графанын 277, 286-ячейкаларында 2-таблицага ылайык мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт.
123. 4-графанын 278, 287-ячейкаларында транспорттук каражаттын маркасы көрсөтүлөт.
124. 6-графанын 279, 288-ячейкаларында транспорттук каражаттын сериясы жана каттоо тууралуу күбөлүгүнүн номери көрсөтүлөт.
125. 8-графанын 280, 289-ячейкаларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталуучу салыктык база наркы көрсөтүлөт. 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген.
126. 9-графанын 281, 290-ячейкаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
127. 10-графанын 282, 291-ячейкаларында салыктын суммасы (сом) (8-графа х 9-графа) көрсөтүлөт, башкача айтканда 8-графанын 280, 289-ячейкаларынын мааниси 9-графанын 281, 290-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.
128. 11-графанын 283, 292-ячейкаларында Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт.
129. 12-графанын 284, 293-ячейкаларында төлөнүүчү салыктын суммасы (сом) (10-графа - 11-графа), башкача айтканда 10-графанын 282, 291-ячейкаларынын жана 11-графанын 283, 292-ячейкаларынын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.
130. 294-ячейкада 4-топтун объектилери боюнча салыктын жалпы суммасы (сом) көрсөтүлөт.
Мисал. "А" жарандын "Ровер" маркасындагы автоунаасы бар, транспорттук каражаттын мамлекеттик номери жана сериясы - Е9200D, транспорттук каражаттын каттоо тууралуу номери жана сериясы - АВ 398038, чыгарылган жылы 1988, кыймылдаткычтын көлөмү 1798, салыктын ставкасы - 0,60.
Салыктын суммасы 1078,8 сомду (1798 х 0,60) түзөт.
"7. Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү берүү тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
132. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Эсептөө почта менен берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык төлөөчүдө калат, экинчи нускасы салык органына кабарлоосу бар заказдык кат менен жиберилет. Эсептөөнү заказдык кат менен почта аркылуу берүүнүн датасы болуп, кайра кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилген дата эсептелет. Эсептөөнү тапшыргандыгы тууралуу кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу берген учурда, эсептөөнү алган салык органынын кызмат адамы эсептөөнүн экинчи нускасындагы 901 жана 902-уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калган эсептөөнүн биринчи нускасына 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
134. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)