Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө ЖОБО
I. Негизги жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин укуктары
V. Ишкердикти уюштуруу
VI. Департаменттин мүлкү
VII. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) долбоорлоо жана сметалык иш кагаздарына экспертиза жүргүзүү жаатындагы ведомстволук бөлүгү болуп саналат.
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Мамкурулуштун буйруктарын, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилде аталышы жазылган мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар.
Департамент өзүнө бекитилген мүлктөргө оперативдик башкаруу жүргүзөт, колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык киреше алып келүүчү иш аракеттерди жүргүзүү жана аларга башкаруу жүргүзүү укугуна ээ. Экономикалык негизи болуп өзүн өзү каржылоо жана өзүн актоо эсептелет.
Департаменттин курамында төмөнкү аймактык органдары бар:
- Түштүк филиалы, жайгашкан жери Ош шаары;
- Ысык-Көл өкүлчүлүгү - жайгашкан жери Каракол шаары;
- Талас өкүлчүлүгү - жайгашкан жери Талас шаары;
- Нарын өкүлчүлүгү - жайгашкан жери Нарын шаары;
- Жалал-Абад өкүлчүлүгү - жайгашкан жери Жалал-Абад шаары.
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
5. Департамент жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаменти";
- расмий тилде: "Департамент государственной экспертизы при Государственном агентстве архитектуры и строительства при Правительстве Кыргызской Республики".
Мекеменин кыскартылган аталышы: Мамкурулуштун Мамэкспертиза департаменти.
7. Департаменттин негизги милдеттери болуп эсептелет:
- куруу объектерин долборлоо тармагында техникалык регламенттин талаптарын, куруу ченемин жана эрежелерин, шаар куруу, архитектура жана курулуш тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын сактоо боюнча техникалык саясат жүргүзүү;
- шаар куруу документтерине, энергия үнөмдөө боюнча долбоордук чечимдерге, илимий-изилдөө иштерине, иштелип чыккан ченемдик-техникалык документтерге, социалдык инфраструктуранын, транспорттук, инженердик өнүктүрүү долбоорлоруна жана схемасына, аймактарды көрктөндүрүүгө, долбоордук-конструктордук жана техникалык иштеп чыгууларга экспертиза жүргүзүү:
- долбоорлордун сапатын жана келечекте курулуучу объектердин техникалык-экономикалык шартын аныктоо.
8. Департамент жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- долбоорлордун көлөмдүк-пландоо жана архитектуралык-көркөм чечимине талдоо жүргүзүү, илимий-техникалык жетишкендиктерди эсепке алуу жана курулуш тармагындагы конструкцияларга, буюмдарга, материалдарга, аларды даярдоого, чогултууга жана монтаждоого, инженердик жабдууга жана жайлуулук деңгээлине, инженердик түйүндөр жана коммуникациялар менен камсыздоого, курулушту уюштуруу долбоорлорунун натыйжалуулугуна колдонуу, негизги жана принциптик позициялар боюнча ар бир курулуп жаткан объектке техникалык-экономикалык талдоо жүргүзүү;
- бекемдигин, бышыктыгын, туруктуулугун, узакка чыдамдуулугун эске алуу менен долбоорлук чечимдерде нормативдик-техникалык жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу;
- курулуш аянтынын жер титирөөгө туруктуулугуна жараша сейсмикалык таасирлерге эсептелген имараттарды жана курулмаларды, курулуш конструкцияларын жана анын элементтерин долбоорлоо нормаларынын сакталышын текшерүү;
- долбоорлордун сапат маселелери боюнча долбоорлордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, каралып жаткан объекттердеги капиталдык салымдарды колдонуунун натыйжалуулугун, чыгармачылык жетишкендиктерди анализдөө жана авторлордун, долбоорлоо институттарынын, башка юридикалык жана жеке тараптардын ишкердигин баалоо;
- реалдуу-критикалык эксплуатациялык шарттарда имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттардын, курулмалардын, курулуш конструкцияларынын өзгөчө жооптуу бөлүктөрүнүн айрым элементтеринин, анын ичинде чоң узундуктагы асма конструкциялардын, чоң узундукка созулган консолдук элементтердин, пландагы кичине өлчөмдүү бийик курулмалардын, табигый коррозияга чалдыгышын эсепке алуу менен ачык металлдан жасалган бөлүкчөлөрүнүн жана ширетилген бирикмелеринин инженердик-техникалык эсептөөлөрүнүн тууралыгын текшерүү;
- технологиянын өзгөчөлүгүн жана курулуштук өндүрүштү уюштурууну эске алуу менен курулуш монтаждоо иштеринин бардык негизги түрлөрүнүн эсептик сыйымдуулугун жана каралуучу объекттин курулушунун узактык мөөнөтүн текшерүү;
- жер кыртышынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун (чөгүү, нымдуулугу жана башка өзгөчө кооптуу кыртыштык шарттар) текшерүү;
- имараттарга жана курулмаларга техникалык-экономикалык баалоо жүргүзүү;
- бардык түрдөгү инвестициялык-курулуш долбоорлоруна, анын ичинде чет өлкөлүк инвестициялык-курулуш долбоорлоруна, тендердик долбоорлоо-техникалык чечимдерге, техникалык-экономикалык негиздемелерге жана эсептөөлөргө экспертиза жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын кыймылсыз мүлк объекттерине экспертиза жүргүзүү жана наркын баалоону рецензиялоо;
- долбоорлоодо жана курууда илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин колдонуу, финансылык, материалдык, отун-энергетикалык, эмгек ресурстарын пайдаланууну эске алуу менен өндүрүш-өнөржайлык, турак жай-жарандык, айыл чарбалык, жол чарбалык, суу чарбалык, энергетикалык багыттагы, селден коргоочу жана жээк чыңдоочу курулмаларды, туризм, спорт, коммуналдык чарба, байланыш жана коммуникация, инженердик жабдууларды, башка арналыштагы системаларды жана тармактарды куруу объекттерине долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү.
Департаменттин корутундусу бардык заказчылар, долбоорлоо институттары, долбоордун авторлору, подрядчылардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
9. Департаменттин төмөнкү укуктары бар:
- белгиленген тартипте аймактык органдарды түзүүгө, кайрадан уюштурууга жана жоюуга Мамкурулушка сунуш киргизүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардан керектүү материалдарды, маалыматтарды сурап алууга;
- ыйгарым укуктарынын чегинде соттордо доочу/жоопкер катары өз атынан чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишинин чегинде акы төлөмө жана акысыз кызмат көрсөтүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды тартууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешме органдарын (кеңеш, комиссия, топ) түзүүгө Мамкурулушка сунуш киргизүгө;
- долбоорлоо уюмдары жана заказ берүүчүлөр милдеттүү түрдө аткарууга жаткан, керектүү учурда, оптималдуу долбоорлук чечимди тандоо үчүн татаал курулуш конструкциядагы жана татаал техникалык процесстеги ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын долбоорлоруна (же бир бөлүгүнө) кошумча варианттарын иштеп чыгуу үчүн Мамкурулушка сунуш киргизүүгө;
- долбоорлордун сапатын баалоонун негизинде Департамент бекемдүүлүктү камсыздоо, көтөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу, жер титирөөгө туруктуулугу, узакка чыдамдуулугу, курулуштун жылуулугу, архитектура жана шаар куруу, технологиялар, инженердик түйүндөр жана жабдуулар, капиталдык салымды колдонуу маселелери боюнча мамлекеттик курулуш нормаларын жана стандарттарын бузуулар боюнча Мамкурулуштун тийиштүү корутундусун айкын чара көрүү үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
10. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
11. Директордун орун басары бар.
Департаменттин директорунун орун басары Департаменттин директорунун сунушу менен Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат. Ал Департаменттин директоруна баш ийет жана өзүнүн функционалдык милдеттеринин негизинде иш жүргүзөт. Директор жок кезде анын милдетин директордун орун басары аткарат.
12. Департаменттин директору:
- өз ишинде Мамкурулуштун директоруна түздөн-түз баш ийет;
- Департаменттин ишин башкарат, милдеттердин жана функцияларынын аткарылышына жооп берет;
- Мамкурулуштун директоруна Департаменттин түзүмүн жана штаттык тартибин бекитүүгө берет;
- Департаменттин бөлүмдөрүнүн начальниктерин, кызматкерлерин жана башка жооптуу кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, каржылык-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек маянасына кошумча төлөмдөрдү аныктайт;
- белгилүү иштерди аткарууга эмгектик келишимдерди, макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет, бул Жободо белгиленген функцияларды турмушка ашырууга керектүү иш кагаздарга кол коет;
- ишеним катсыз эле Департаменттин атынан иш жүргүзөт, республиканын бардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Департаменттин атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсеп ачат, банктык жана финансылык иш кагаздарына кол коет;
- финансы каражаттарын жана мүлктөрдү башкаруу чечимдерин кабыл алат жана финансалык-чарбалык иш аракеттерине толук жооп берет;
- административдик укук бузуулар боюнча иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде административдик жаза берет;
- Департаменттин функцияларын жана тапшырмаларын аткарууда белгилүү тартипте берилген башка укуктарга да ээ.
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана айланма каражаттар, ошондой эле Департаменттин балансында көрсөтүлген оперативдик башкаруу укугунда бекитилип берилген материалдык баалуулуктар түзөт.
14. Департаментте негизги фондун, айланма фондун жана колодонуудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
15. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Департаментти кайрадан түзүүдө же жоюуда кызматтан бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялар төлөнөт, башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
17. Департаменттин иш аракети токтотулган учурда, иш учурунда топтолгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду" тууралуу Мыйзамына ылайык сакталат.