Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-мартындагы №164 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө ЖОБО
I. Негизги жоболор
II. Департаменттин негизги милдеттери
III. Департаменттин негизги функциялары
IV. Департаменттин укуктары
V. Департаменттин ишинин уюштурулушу
VI. Департаменттин мүлкү
VII. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) ведомстволук бөлүкчө болуп эсептелет.
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Мамкурулуштун буйруктарын жана коллегиясынын токтомдорун, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, мамлекеттик же коммерциялык мекемелерде, анын ичинде чет өлкөлүк валютадагы эсептешүү жана башка эсептерге ээ. Департамент гербдүү мөөргө жана өзүнүн фирмалык белгиси, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы бар бланктарга ээ.
4. Департамент чарба жүргүзүү укугундагы ишкана катары өзүнө бекитилген мүлктү оперативдик башкарууну жүзөгө ашырат, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга жана аны колдонууга укугу бар.
5. Департаменттин карамагында Турак жай-социалдык өнүгүүнү кредиттөө фонду бар.
6. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас проспектиси 28.
7. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- социалдык, өнөр-жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объектилерди, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен турак-үйлөрдү долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген тизмелер боюнча табигый кырсыктардан жабыркаган Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасында турак-жай курулушту өнүктүрүү боюнча саясат жүргүзүү.
8. Департаменттин негизги функциялары:
- капиталдык курулушта, реконструкциялоодо, объектилерди техникалык кайра жабдууда жана оңдоо иштеринде, ошондой эле долбоорлоо-сметалык, иликтөө документацияларында жана капиталдык салымдардын көлөмүн аныктоодо бирдиктүү заказчынын функцияларын аткаруу;
- бюджеттик жана бюджеттен сырткары каржылоо менен белгиленген чекте подряддык иштердин капиталдык салымы боюнча объектилердин тизмесин даярдоо;
- колдонулуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- долбоорлоочу, куруучу уюмдар жана жабдууларды жана курулуш материалдарды тапшыруучулар менен келишимдерди түзүү;
- долбоорлоочу жана подряддык уюмдарды архитектуралык жана инженердик пландоо тапшырмалар (АПТ жана ИПТ), ошондой эле типтүү, жекече жана кайра колдонулуучу долбоорлорду ыңгайлаштыруу үчүн бардык керектүү маалыматтар менен камсыздоо;
- долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоо жана берүү графигин, анын аткарылышын долбоорлоочу уюмдар менен макулдашуу, газ менен камсыз кылууну, электр жабдууну, жылуулук берүүнү, ысык жана муздак суу менен камсыз кылууну, канализацияны, радио жана телефон каналдарды эксплуатациялоочу уюмдар менен макулдашуу, экспертиза жүргүзүүнү жана тийиштүү органдардан курууга уруксат алуу;
- долбоорлоо-сметалык документацияларга ылайык курулуштун мөөнөтүн жана сапатын техникалык шарттарды жана курулуштагы сейсмикалык нормаларды сактоо менен камсыздоо, долбоорлоо-сметалык документацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жумушчу чиймелери, иштин көлөмү өзгөртүлгөн учурда тийиштүү органдар менен макулдашуу;
- курулуш-монтаждоо, берүү-жөнгө салуу жана башка түрдөгү иштерди башкарууну уюштуруу жана камсыздоо, курулуш объектилерди эксплуатацияга киргизүүнү даярдоо;
- курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу иштерине катышуу жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга тапшырып (өткөрүп) берүүнү жүзөгө ашыруу;
- капиталдык курулуш объектилерди, реконструкциялоону жана оңдоо иштерин техникалык кайра жабдууну жабдуулар жана курулуш материалдар менен комплектештирүү;
- курулуп бүтпөгөн объектилерди консервациялоо учурунда, подрядчы менен бирге объекттин сакталышын камсыздоочу тийиштүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;
- архитектура жана курулуш органдары, долбоорлоо жана подряддык уюмдар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы заказчы-инвесторлор менен бирге аракеттешүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык тендерлерди уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун тапшырмасы боюнча объектилерди долбоорлоо, куруу менен байланышкан иштерди аткаруу;
- белгиленген тартипте, табигый кырсыктардан жабыркаган Кыргыз Республикасынын элине төлөөсүз жардам жана узак мөөнөттөгү жеңилдетилген ссудаларды берүү боюнча, ошондой эле берилген узак мөөнөттөгү жеңилдетилген ссудаларды кайтарып берүүнү камсыздоо боюнча бирдиктүү органдын функцияларын аткаруу;
- турак жай курулушун өнүктүрүү программасы, турак жай рыногун түзүү, турак жай проблемаларды чечүүгө жаңы мамилелерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программасын аткарууну координациялоо;
- турак жайды узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөө системасын жана турак жай курулушту кредиттөөнүн башка түрлөрүн киргизүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
9. Департамент өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү укуктарга ээ болот:
- Мамкурулушка аймактык органдарды түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча сунуштарын киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана материалдарды, белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин алкагында акыга жана акысыз кызмат көрсөтүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн гранттарды, эл аралык уюмдардын каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңеш берүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор) түзүү жөнүндө Мамкурулушка сунуштар киргизүүгө;
- турак жай курулушу, турак жай курулуштарын инженердик инфраструктура менен камсыз кылуу максаты үчүн жер пайдалануу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен өз ара аракеттенүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарына, прокуратура органдарына, сот органдарына тийиштүү материалдарды жана күнөөлүү адамдарды жана курулуш ишинин субъекттерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө доо арыздарын жөнөтүүгө жана курулуш подряддык келишимдин шарттарын, нормативдик документтердин, долбоордук документтердин талаптарын жана долбоордон, нормативдик-техникалык документтерден четтөө менен курулуш иштерин жүргүзүүдөн, курулуштук-монтаждык жана башка иштерди сапатсыз аткаруудан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
- Мамкурулушка турак жай жана жарандык курулуш, социалдык жана инженердик инфраструктура программаларын ишке ашыруу боюнча сунуштар киргизүүгө;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чет өлкөлүк инвесторлорду белгиленген тартипте тартууга жана заказчиктин ролун аткарууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик баалуу кагаздар менен иштөөнү жүзөгө ашырууга;
- турак жай, социалдык, өнөр-жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин куруу үчүн белгиленген тартипте жер участокторун алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
10. Департамент өндүрүштүк иш-аракетинин маселелеринде Кыргыз Республикасынын Мамкурулушуна отчет берет.
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
Департаменттин директорунун орун басары болот. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Ал тикеден-тике Департаменттин директоруна баш ийет, функционалдык милдеттерине ылайык иштерди жүзөгө ашырат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
12. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бийлик укуктарынын чегинде:
- Департаменттин ишине жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликте болот;
- Департаменттин башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчыларын, башка жооптуу адамдарды жана кызматчыларды, Турак жай-социалдык өнүгүүнү кредиттөө фондунун директорун кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, ошондой эле институттун финансылык-экономикалык абалына жараша эмгек акыларга кошумча акыларды жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иштерге толук жоопкерчиликте болот;
- аныкталган иштерди аткаруу жөнүндө эмгек келишимдерди түзөт, чыгашалар сметасына ылайык эмгек келишими боюнча жана айкалыштыруу боюнча эмгек акынын көлөмүн аныктайт;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иш-аракетин жүргүзөт, анын кызыкчылыктарын бардык мамлекеттик органдарда жана республиканын уюмдарында көрсөтөт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептик жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- Департаменттин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн белгиленген тартипте ыйгарылган башка укуктарга ээ.
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртмө каражаттар, ошондой эле балансында көрсөтүлгөн жана оперативдик башкарууга бекитилген Департаменттин материалдык баалуулуктары түзөт.
14. Департаменттен негизги фонддорду, жүгүртмө каражаттарды жана пайдаланган мүлктөрүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
15. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
17. Департаменттин иш процессинде түзүлгөн документтер, аны жойгон учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.