Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-мартындагы №164 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө ЖОБО
I. Негизги жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Функциялары
IV. Укуктары
V. Ишинин уюштурулушу
VI. "Курулушсертификаттоо" РБнын мүлкү
VII. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору (мындан ары - "Курулушсертификаттоо" РБ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) курулуш продукцияларынын шайкештигин тастыктоо, курулуш материалдарына, жабдууларга, конструкцияларга сыноо, жумушчуларды окутуу, кайра даярдоо, тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, тармактын ишканаларын маалыматтык колдоо жагында ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. "Курулушсертификаттоо" РБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Мамкурулуштун коллегиясынын токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл аралык келишимдерди, макулдашууларды, конвенцияларды жана аларга тиркемелерди, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. "Курулушсертификаттоо" РБ юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөргө жана ошондой эле иштөө үчүн зарыл болгон белгиленген үлгүдөгү мөөрлөргө жана бурч мөөрлөргө, өз алдынча баланска, банкта алыш-бериш эсепке ээ.
"Курулушсертификаттоо" РБ чарбалык эсептеги мекеме катары өзүнө бекитилген мүлктү оперативдик башкарууну жүзөгө ашырат, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга жана аны колдонууга укугу бар.
4. "Курулушсертификаттоо" РБ ушул Жободо ийкемделген функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүгүндө Мамкурулуштун Курулуштагы сертификаттоо республикалык борборунун укук мураскери болуп эсептелет.
5. "Курулушсертификаттоо" РБ юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас пр., 28.
6. "Курулушсертификаттоо" РБ жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
7. Мекеменин толук расмий аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору".
Кыскартылган аталышы:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамкурулуштун "Курулушсертификаттоо" РБ".
8. "Курулушсертификаттоо" РБ негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- курулуш продукцияларынын шайкештигин тастыктоо боюнча жумуштарды аткаруу;
- курулуш материалдарга, жабдууларга жана конструкцияларга сыноо жүргүзүү, имараттарды жана курулмаларды текшерүү;
- курулуш тармагында стандартташтыруунун улуттук тутумунун болушун, өркүндөтүлүшүн жана анын улуттук экономиканын таламдарына дал келишин камсыз кылууга катышуу;
- тармактын ишканаларын жана уюмдарын маалымат менен камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
- тармактын жумушчуларын окутуу жана кайрадан даярдоо, адистеринин квалификациясын жогорулатуу.
9. "Курулушсертификаттоо" РБ жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат.
Шайкештикти тастыктоо жагында:
- коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча курулуш продукцияларынын шайкештигин тастыктоо боюнча иштерин жүргүзөт;
- шайкештикти тастыктоо максатында курулуш продукцияларына сыноо жүргүзөт;
- сыноолордун протоколдорун жана шайкештик сертификаттарын берет;
- сертификацияланган продукцияларга инспекциялык текшерүү жүргүзөт;
- берилген шайкештик сертификаттардын колдонулушун токтотот же жокко чыгарат.
Стандартташтыруу жагында:
- КР Мамкурулушуна техникалык жөнгө салуу жагында ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
- техникалык регламенттердин, жыйынтык эрежелердин, курулуштук нормалардын жана эрежелердин, стандарттардын жана тармактын башка ченемдик документтеринин экспертизасын жүргүзөт жана иштеп чыгат;
- тармактын ченемдик документтерин эл аралык талаптар менен үндөштүрүүдө катышат.
Сыноо жагында:
- курулуштук материалдарга, жабдууларга жана конструкцияларга сыноо жүргүзөт.
Жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо, адистердин (инженердик-техникалык жумушчулардын) квалификациясын жогорулатуу жагында:
- курстардын программаларын жана тестирлөө ыкмаларын иштеп чыгат жана Мамкурулушка бекитүүгө берет;
- жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо иштерин жүргүзөт;
- инженердик-техникалык жумушчулардын квалификациясын жогорулатууну жүргүзөт.
Маалыматтык колдоо жана кызмат көрсөтүү жагында:
- тармакта колдонулган ченемдик укуктук, ченемдик техникалык, методикалык документтердин фондун түзөт;
- келишимдик шарттарда кызыкдар пайдалануучуларга документтердин көчүрмөлөрүн сатат;
- кызыкдар пайдалануучуларга тармакта колдонулган ченемдик укуктук, ченемдик техникалык документтер жөнүндө маалымат берет;
- ишканалар, уюмдар, мекемелер менен кызматташат, аларды жана өз алдынча адистерди "Курулушсертификаттоо" РБнын иш чөйрөсүндө эксперттик жана башка жумуштарды аткарууга жана жүргүзүүгө тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка укуктарын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашырат.
10. "Курулушсертификаттоо" РБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- аймактык органдарды түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча сунуштарын белгиленген тартипте Мамкурулушка киргизүүгө;
- "Курулушсертификаттоо" РБнын компетенциясына кирген маселелерди аткаруу үчүн керектүү материалдарды жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде соттордо доогер жана жана/же жоопкер катары өзүнүн атынан чыгууга;
- "Курулушсертификаттоо" РБнын компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн гранттарды, эл аралык уюмдардын каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- "Курулушсертификаттоо" РБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешчи органдарын (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзүү жөнүндө Мамкурулушка сунуштарды киргизүүгө;
- Мамкурулушка өзүнүн түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Мамкурулушуна курулуш продукциялардын (өндүрүүлөрдүн, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыздоо жана алардын техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка ченемдик документтердин талаптарына дал келбегендигин тапканда чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. "Курулушсертификаттоо" РБсын Мамкурулушунун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
12. Директордун орун басарлары бар.
Директордун орун басарлары "Курулушсертификаттоо" РБ директорунун сунушу боюнча КР Мамкурулушунун директору тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат. Алар тикеден-тике "Курулушсертификаттоо" РБ директоруна баш ийишет, функционалдык милдеттерине ылайык иштерди жүзөгө ашырышат.
Директор жок болгон кезде анын милдеттерин директордун орун басарлары аткарышат.
13. "Курулушсертификаттоо" РБнын директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз Мамкурулушунун директоруна баш ийет;
- "Курулушсертификаттоо" РБ ишине жетекчилик кылат жана милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликте болот;
- Мамкурулушунун директоруна "Курулушсертификаттоо" РБнын түзүмүн жана штаттык санын бекитүүгө берет;
- "Курулушсертификаттоо" РБнын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктерин, башка жооптуу кызматкерлерин жана кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана бошотот, ошондой эле финансылык-экономикалык абалына жараша эмгек акысына үстөктөрдү жана кошумча акыларды белгилейт;
- "Курулушсертификаттоо" РБнын атынан ишеним катсыз аракет кылат, бардык мамлекеттик органдарда жана республиканын уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо, жана ошондой эле чет өлкөлөрдө ишеним катсыз кызыкчылыктарынын өкүлү болот, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде бардык кызматкерлер үчүн милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Курулушсертификаттоо" РБнын мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт;
- белгилүү бир иштердин аткарылышы жөнүндө эмгектик макулдашууларды түзөт;
- милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн белгиленген тартипте берилген башка ыйгарым укуктарга ээ болот.
14. Түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболор "Курулушсертификаттоо" РБ негизги милдеттерине жана функцияларына негизделип иштеп чыгарылат жана жакшыртылат жана "Курулушсертификаттоо" РБ директору тарабынан бекитилет.
15. "Курулушсертификаттоо" РБнын түзүмүнө башкармалыктар, бөлүмдөр, сыноо лабораториялар, секторлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн убактылуу чыгармачыл жамааттар кирет.
16. "Курулушсертификаттоо" РБнын мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана "Курулушсертификаттоо" РБнын балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
17. "Курулушсертификаттоо" РБнын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
18. "Курулушсертификаттоо" РБны өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
20. "Курулушсертификаттоо" РБнын иш процессинде түзүлгөн документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.