Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө ЖОБО
I. Негизги жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Институттун функциялары
IV. Институттун укуктары
V. Институттун ишин уюштуруу
VI. Институттун мүлкү
VII. Институтту өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштук конструкциялар, материалдар жана буюмдар, ошондой эле имараттарды жана курулуштарды инженердик изилдөө жагындагы ведомстволук бөлүгү болуп эсептелет.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Мамкурулуштун коллегиясынын токтомдоруна жана приказдарына, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерге, конвенцияларга жана алардын тиркемелерине, ошондой эле ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына таянат.
3. Институт юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана бланктары, ошондой эле иш үчүн керектүү, белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү жана штамптары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби болот.
Институт чарбалык эсептеги мекеме катары ага бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарат, киреше берүүчү иш жүргүзүүгө жана аны колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Институттун өндүрүштүк иши Мамкурулуштун, башка министрликтердин жана ведомстволордун илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окуулук жана башка иштеринин программаларына жана тематикалык пландарына ылайык, ошондой эле менчигинин формасына карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке адамдар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Граждандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окуулук жана башка иштердин программаларын жана тематикалык пландарын Институт эреже катары заказчынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштеп чыгат жана Мамкурулуш менен макулдашылгандан кийин Институттун жетекчилиги бекитет.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2.
6. Институт жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
7. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту;
- расмий тилде: Кыргызский научно-исследовательский и проектный институт сейсмостойкого строительства при Государственном агентстве архитектуры и строительства при Правительстве Кыргызской Республики.
8. Институттун негизги милдеттери төмөнкүдөй:
- жер титирөөгө туруктуу курулуштун, жаңы курулуштук конструкцияларды, материалдарды жана буюмдарды иштеп чыгуунун келечектүү багыттары боюнча илимий-изилдөөчү, тажрыйбалык-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окуулук жана башка эксперименттик иштерди, курулуштук конструкциялардын жана буюмдардын айрым түйүндөрүнө, элементтерине, ошондой эле жалпы имараттарга, комплекстерге, инженердик тармактарга жана курулмаларга сыноолорду жана инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жер титирөөгө туруктуу жарандык турак жай, коомдук жана өнөр жайлык курулуш, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-изилдөөчү, тажрыйбалык-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окуулук жана башка жумуштарды жүргүзүү.
9. Институт тапшырылган милдеттерине жараша төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагындагы теориялык жана эксперименттик изилдөөлөр, курулуштук конструкцияларды, материалдарды жана буюмдарды иштеп чыгуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча, ошондой эле шаар куруу жана архитектура иши жагында техникалык регламенттерди жана нормативдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- ар кандай багыттагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттарды жана курулуштарды жер титирөөгө туруктуулугун, физикалык эскирүү даражасын жана техникалык абалын аныктоо максатында инженердик изилдөө;
- жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги өнөр жайлык жана жарандык багыттагы объекттер, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар боюнча, ошондой эле жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги имараттарды жана курулуштарды социалдык-соода инфраструктурасынын объекттерине, турак жай жана өндүрүштүк багыттагы объекттерге өзгөртүп пландаштыруу жана реконструкциялоо боюнча долбоордук-конструктордук иштердин ар кандай стадияларын иштеп чыгуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштук конструкциялардын, материалдардын жана буюмдардын, инженердик тармактардын, системалардын жана курулмалардын өндүрүшү жагындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин курулуштук долбоорлоо аркылуу өнөр жайлык-жарандык курулушка киргизүү;
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча ишке ашырылуучу курулушка автордук көзөмөлдү белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана курулуш экспертизасы тармагында инженердик-техникалык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштук конструкциялар, материалдар жана буюмдар, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар жагындагы, ошондой эле курулуштагы айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы илимий-маалыматтык иш жана жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоо;
- Институттун жер титирөөгө туруктуу курулуш жана курулуш экологиясы тармагындагы эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү иши;
- шаар куруу жана архитектуралык иштин ар кандай багыттары боюнча илимий-практикалык семинарларды, конференцияларды, семинар-тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө жана КМШ өлкөлөрүндө андай иш-чараларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ошондой эле Институттун милдеттеринен келип чыккан башка функцияларды аткаруу.
10. Институт төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
- белгиленген тартипте Мамкурулушка аймактык органдарды түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде соттордо доогер жана/же жоопкер катары өзүнүн атынан чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин алкагында акылуу жана акысыз кызматтарды көрсөтүүгө;
- Институттун компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзүү жөнүндө Мамкурулушка сунуштарды киргизүүгө;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулугу боюнча азыркы формаларга жооп берүүчү курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык чыгаруунун жаңы технологияларын өздөштүрүү жана эксплуатациялоо долбоорлоруна катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
11. Институтту Мамкурулуш курулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу директор жетектейт.
12. Институттун директорунун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, Институттун директоруна түз баш ийет, Институттун ишин функциялык милдеттерине ылайык уюштурат. Директор жок учурда анын милдетин директордун орун басары аткарат.
13. Институттун директору:
- өзүнүн ишинде Мамкурулуштун директоруна түз баш ийет;
- Институттун ишин жетектейт жана Институтка тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Институттун түзүмүн жана штаттык санын Мамкурулуштун директорунун бекитүүсүнө берет;
- Институттун башкармаларынын, бөлүмдөрүнүн начальниктерин, башка жооптуу адамдарын жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле Институттун финансылык-экономикалык абалына жараша эмгек акыга үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү белгилейт;
- Институттун атынан ишеним катсыз аракеттенет, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү жана башка эсептерди ачат, банк жана финансы документтерине кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иштер үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- айрым иштерди аткаруу жөнүндө эмгектик келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын колдонот;
- Институттун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн белгиленген тартипте берилген башка ыйгарым укуктарга ээ.
14. Институтта маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, долбоорлорду, архитектуралык, инженердик жана экономикалык маселелерди кароо үчүн Институттун жана башка уюмдардын квалификациялуу адистеринен кеңешүүчү орган катары архитектуралык-шаар куруу жана илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңешти Институттун директорунун орун басары жетектейт.
15. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
17. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
18. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
19. Институттун ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.