Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө ЖОБО
I. Негизги жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Институттун функциялары
IV. Институттун укуктары
V. Институттун ишин уюштуруу
VI. Институттун мүлкү
VII. Институтту өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) архитектура жана курулуш жаатындагы ведомстволук бөлүкчөсү болуп эсептелет.
2. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөргө жана бланктарга, ошондой эле иштөө үчүн зарыл болгон белгиленген үлгүдөгү мөөрлөргө жана штамптарга, өз алдынча баланска, банкта алыш-бериш эсебине ээ.
Институт, чарбалык эсептеги уюм катары өзүнө бекитилген мүлктү оперативдик башкарууну жүзөгө ашырат, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга жана аны колдонууга укугу бар.
4. Институт жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 172.
6. Институттун толук расмий аталышы:
- Мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту;
- Расмий тилде: Кыргызский научно-исследовательский и проектный институт по градостроительству при Государственном агенстве архитектуры и строительства при Правительстве Кыргызской Республики.
7. Институттун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаар куруу жана архитектуранын келечектүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү камсыз кылуу, райондук пландоонун, шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын негизги пландарынын, схемаларын жана долбоорлорун, турак жай райондорун, кичи райондорду жана коомдук борборлорду толук пландоонун жана куруунун долбоорлорун иштеп чыгуу;
- архитектура жана шаар курулуштун келечектүү багыттары боюнча долбоордук, илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
- долбоордук-мерчемдик курулуш комплексинин документацияларын, райондук мерчемдик долбоорлору жана схемалары, шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын негизги пландарын, турак жай райондорун, кичи райондорду жана коомдук борборлорду толук пландоонун жана куруунун, ошондой эле курулмалардын жана имараттардын айрым шаар куруу түйүндөрүн иштеп чыгуу.
8. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгат жана нормативдик документтерди архитектура жана шаар куруу боюнча стандартташтырууну оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзөт, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу кадастрын түзөт;
- илимий-маалыматтык ишти, архитектура жана шаар куруу, инженердик системалар, айлана чөйрөнү коргоодогу жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоону жүзөгө ашырат;
- тарыхый мурасты өздөштүрүүнүн теориялык маселелерин жана шаарларды реконструкциялоону иштеп чыгат;
- архитектура жана шаар куруу тармагындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышат;
- архитектура жана курулуш тармагындагы илимий жана техникалык жетишүүлөрдү курулуштук долбоорлоо, райондук пландаштыруу жана инженердик курулуш аркылуу турак жай-жарандык курулушка киргизет;
- эксперименттик жана типтүү долбоорлорду иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында башкы пландардын жана толук пландаштыруу долбоорлорунун ишке ашыруусуна мониторинг жүргүзөт;
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча жүргүзүлүүчү курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөлдүк жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
9. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- аймактык органдарды түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча Мамкурулушка белгиленген тартипте сунуштарын киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана материалдарды, белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин алкагында акыга жана акысыз кызмат көрсөтүүгө;
- Институттун компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн гранттарды, эл аралык уюмдардын каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңеш берүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор) түзүү жөнүндө Мамкурулушка сунуштар киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
10. Институтту Мамкурулушунун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана бошоткон директор жетектейт.
11. Институттун директорунун орун басары болот, директордун орун басарлары Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулушунун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат. Директор жок учурда, анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
12. Институттун директору:
- өзүнүн ишинде Мамкурулушунун директоруна түздөн-түз баш ийет;
- Институттун ишин жетектейт жана Институтка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот;
- Институттун түзүмүн жана штаттык санын Мамкурулуштун директорунун бекитүүсүнө берет;
- Институттун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктерин, башка жооптуу адамдарын жана кызматкерлерин кызматка дайындай жана бошотот, ошондой эле Институттун финансылык-экономикалык абалына жараша эмгек акыга үстөктөрдү жана кошумча акы төлөөлөрдү белгилейт;
- Институттун атынан ишеним катсыз аракеттенет, бардык мамлекеттик органдарда жана республиканын уюмдарында анын кызыкчылыктарынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансы документтерине кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктарды чыгарат, Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдер кабыл алат жана финансылык-чарбачылык иш үчүн толук жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чара көрөт;
- белгилүү бир иштерди аткаруу жөнүндө эмгек келишимдерин түзөт;
- Институттун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн белгиленген тартипте берилген башка ыйгарым укуктарга ээ болот.
13. Институтта маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, долбоорлорду, архитектуралык, инженердик жана экономикалык маселелерди караштыруу үчүн Институттун жана башка уюмдардын квалификациялуу адистеринин ичинен кеңеш берүүчү орган катары архитектуралык-шаар куруу жана илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңешти Институттун директорунун орун басары башкарат.
14. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген жана Институттун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Институттан негизги фонддорду, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
18. Институттун иш процессинде түзүлгөн документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.