Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №199 токтому менен бекитилген |
2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Кириш сөз
I. Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын
андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик
программасын ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары
II. Кыргыз Республикасында 2010-2014-жылдары мамлекеттик
статистиканы өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча программа
III. Кыргыз Республикасында 2010-2014-жылдары мамлекеттик
статистиканы өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча программанын
негизги багыттары
IV. Кыргыз Республикасында 2010-2014-жылдары мамлекеттик
статистиканы өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча программанын
программалык иш-чаралары
Кыргыз Республикасында 2010-2014-жылдары мамлекеттик статистиканы өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча программа Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык системаны өнүктүрүүдө кезектеги этап (төртүнчү программа) болуп саналат.
Программанын негизи болуп БУУнун Статистикалык комиссиясы кабыл алган "Расмий статистиканын негизги принциптери", Эл аралык Валюта Фондунун Маалыматтарды таркатуунун атайын стандарты, Европа Союзуна кирген мамлекеттердин, башка эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдардын статистикалык тажрыйбасында колдонулган методологиялык принциптер менен аныктамалар жана эл аралык эксперттердин сунуштары эсептелет.
Мамлекеттик маалыматтык-статистикалык системаны мындан ары өркүндөтүү, калыптанып жаткан социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн сапатын жогорулатуу, алардын ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы N 163 токтому менен "Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасы" бекитилген.
Бул бөлүмдө, аталган Программаны аткаруунун жүрүшүндө 2006-2009-жылдары жүзөгө ашырылган иш-чараларга кыскача баяндама келтирилет.
Мыйзам ченемдүү базаны өркүндөтүү максатында, Программада каралгандай, 2007-жылдын 26-мартында N 40 Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" жаңы Мыйзамы кабыл алынып, топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен мамлекеттик статистика органдарынын заманбап шарттарындагы максаттары жана милдеттери жол-жоболоштурулду жана такталды. Жаңы мыйзам, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын негизги бөлүгү болгон, статистикалык эсепке алуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негизин бекемдетүүгө мүмкүндүк түздү.
Бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жаңы жобо бекитилди (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы N 335 Жарлыгы).
Статистикалык иштерди тартипке салуу жана оптималдаштыруу, кайталоону жокко чыгаруу жана чарба жүргүзүүчү субъектилерге түшкөн отчеттуулук жүктү жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2009-жылдын 25-мартындагы N 191 "Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө" токтом иштелип чыкты жана бекитилди.
Статистика тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көзөмөл салуу, бул чөйрөдө координацияланган чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылуу максатында жана "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамга ылайык Статистика боюнча кеңеш түзүлдү. Кеңеш жөнүндө жобо жана анын курамы өлкөнүн Президентинин Жарлыгы менен бекитилди.
2008-жылдын 19-апрелинде N 59 Кыргыз Республикасынын "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынды.
Эл аралык стандарттарга жооп берген, унификацияланган экономикалык-статистикалык классификациялардын заманбап системаларын статистикалык тажрыйбага киргизүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылды.
Экономикалык ишмердиктин түрлөрүнүн эл аралык классификаторунун улуттук версиясын мамлекеттик статистиканын бардык органдарынын тажрыйбасына толугу менен киргизүү боюнча иштер өткөрүлдү, мунун натыйжасында иштелип жаткан статистикалык көрсөткүчтөрдүн эл аралык салыштырмалуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Республиканын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору тарабынан мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу жана алып баруу боюнча уюштуруучулук биримдикти камсыз кылуу үчүн "Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификаторлорун иштеп чыгуунун жана алып баруунун тартиби" бекитилди.
Бул тартипке ылайык төмөнкү классификаторлор иштелип чыгып, тажрыйбага киргизилди : Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун 10-каралуудагы Оорулардын жана өлүмдүн себептерин эл аралык статистикалык классификациясы (ОЭК-10) БЭУ тарабынан 1995-жылы бекитилди, Төлөө жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору (Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун 2009-жылдын 17-августундагы N 37 токтому менен бекитилди), "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутуму" мамлекеттик классификатору (ААБОТ МК) (Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун 2008-жылдын 28-ноябрындагы N 1 токтому менен бекитилди), Жумушчулардын кесиптери, кызматкерлердин орундары жана тарифтик разряддарынын жалпы республикалык классификатору (КОТРЖК) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июлундагы N 21 токтому менен бекитилди), Продукциянын (товарлардын жана тейлөөлөрдүн) мамлекеттик классификатору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 26-ноябрындагы N 730 токтому менен бекитилди).
Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик регистринин (СБЖМР) толуктугун жана сапатын камсыз кылуу максатында статистикалык байкоолорду жүргүзүү үчүн бирдиктүү маалыматтык негиз катары чыккан бул регистрдин улуттук статистика системасындагы ролу жана орду кайра каралды. СБЖМРдин маалыматтык базасынын негизинде Иштиктүү активдүүлүк регистри жана Айыл чарба субъектилердин регистри түзүлдү.
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо), ошондой эле, юридикалык жакты түзбөстөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары ишмердик менен алек болгон жарандарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү системасы ишке киргизилди.
Программага ылайык иштелип чыккан Расмий статистикалык маалыматты таркатуу саясаттын алкагында статистикалык маалыматка, ошондой эле анын методологиясына, структурасына жана басылмалардын графигине карата ачыктык жана эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды. Пайдалануучулардын бардык категорияларына социалдык-экономикалык маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ачкан Кыргыз Республикасынын Улутстаткомитетинин электрондук порталынын жаңы версиясы иштелип чыкты жана жүзөгө ашырылды.
Программада каралган иш-чараларды аткарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылды. Өлкөлөрдүн жана донор-уюмдарынын гранттык каражаттарын активдүү тартуунун негизинде мамлекеттик статистика органдарынын системасы дээрлик толугу менен компьютерлештирилди. Бюджеттик каражаттар тартылбастан 2006-2009-жылдары компьютердик жабдуунун жана башка уюштуруу техниканын 390дон ашык бирдиги сатылып алынды, ал эми Улутстаткомдун шаардык, райондук жана облустук органдары кызматтык жеңил автотранспорт менен толук бойдон камсыз кылынды.
"Географиялык маалыматтык системалар" унификацияланган маалыматтык базаны түзүү боюнча иштер башталды, картографиялык материалдарды көрүү үчүн программалар иштелип чыкты, схемалык карталарды түзүү үчүн талаптар даярдалды.
Маалыматтык агымдарды өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Алгачкы статистикалык маалымат автоматташтырылган түрдө иштелип чыгып, этап-этабы менен райондук жана шаардык деңгээлден жогорку деңгээлге электрондук форматта өткөрүлүп берилет, бул, иштелип жаткан бардык статистикалык маалыматтардын орточо эсеп менен болжол менен 90 пайызын түзөт.
Статистикалык маалыматтарды автоматташтырылган түрдө киргизүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуу максатында Улутстатком электрондук документ жүгүртүү системасын комплекстүү колдонуу жана статистикалык отчеттуулук системасын уюштуруу боюнча чечимдерди Интернет аркылуу аткарууга киришти. Бул чөйрөдө биринчи кадам болуп, саламаттыкты сактоо статистика боюнча статистикалык эсепке алуунун электрондук формаларынын иштелип чыккан форматы саналат. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2006-жылдын жыйынтыктарынан баштап саламаттыкты сактоо статистикасы боюнча отчетторду электрондук форматта тапшырат.
Статистикалык системаны өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүк максаттуу программанын ийгиликтүү аткарылышы статистикалык көрсөткүчтөр системасын кескин кеңейтүүгө жана эл аралык тажрыйбага ылайык келтирүүгө жол ачты. Статистиканын бардык тармактарында мета-маалыматтарды даярдоо боюнча иш жүргүзүлүп, анын негизинде Статистикалык көрсөткүчтөр системасы иштелип чыкты.
Кыргызстан иш чараларды жүзөгө ашырууга катышкандыгына жана Кыргыз Республикасы өзүнө тийиштүү милдеттенмелерди алгандыгына байланыштуу, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшү боюнча жалпы улуттук жана мамлекеттик программаларга, ошондой эле тийиштүү эл аралык программаларга натыйжалуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү милдетин Улутстатком толук деңгээлде аткарып жатат. Ошентип, Программага ылайык 2007-жылга чейин Өнүгүүнүн Комплекстүү Негиздеринин (ӨКН) индикаторлоруна туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, баа берилип турду. Азыркы учурда Өлкөнүн Өнүгүү Стратегиясынын (ӨӨС) жана Миң жылдыктын Өнүгүү Максаттарынын (МӨМ) индикаторлоруна мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары бардык кызыккан пайдалануучуларга өз учурунда берилип турат.
Кыргыз Республикасы Эл аралык Валюта Фондунун Маалыматтарды Таркатуунун Атайын Стандартына (МТАС) кошулган өлкө болгондугунан, маалыматтарды камтуунун, мезгилдүүлүгүнүн, өз учурунда көрсөтүүнүн, пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн, аныктыгынын жана сапатынын параметрлерин катуу сактоого милдеттүү.
Изилдөөнүн тандалма ыкмаларына активдүү өтүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылып жатат. Бул максатта мындай изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча нускамалардын жана негизги билдирүүлөрдүн комплексин камтыган методологиялык сунуштар даярдалды. Калктын кирешелерин жана чыгымдарын аныктоо боюнча үй чарба статистикасы, эмгек рыногу, айыл чарба, тейлөө чөйрөсү азыркы учурда тандалма статистикалык байкоо менен камтылды.
Чөлкөмдүк статистиканы өнүктүрүү багытында "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегияны ишке ашыруу боюнча чаралар жүзөгө ашырылды. Бул максатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында экономикалык жана социалдык абалды мүнөздөөчү статистикалык көрсөткүчтөрдүн системасы иштелип чыкты. Бул система, чөлкөмдөрдө жана муниципалдык түзүлүштөрдө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инфраструктуралык дараметине баа берүү, чөлкөмдүк жана жергиликтүү деңгээлде реформаларды жүргүзүү боюнча чөлкөмдүк бийлик органдарынын ишмердигин баалоо үчүн мүмкүндүк түзөт.
Маалыматтык базанын өзгөрүлүшүнө ылайык, институционалдык секторлор жана экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча улуттук эсеп статистиканын (УЭС) көрсөткүчтөрүн эсептөө методикасы жаңыланды, бул методика, өндүрүштүк тараптан да, кирешелердин жаралышы жана колдонулушу жагынан да ички дүң продуктту эсептөөнү камсыз кылат.
УЭС концепцияларына ылайык улуттук байлыктын элементтеринин, "Чыгым-Чыгаруу" таблицаларынын көрсөткүчтөрүн эсептөө методикасы иштелип чыкты жана бекитилди.
Өндүрүш жагынан алганда кварталдык улуттук эсептердин эксперименталдык эсептөөлөрү орточо жылдык баалары менен жүргүзүлдү жана алардын методикасы даярдалды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) эл аралык эксперттеринин сунуштарына ылайык кошумча дүң наркына "өлчөө" системасын колдонуу менен аймактык деңгээлде өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индексин эсептөө методологиясы жакшыртылды.
Статистикалык маалыматтын аныктыгын жана сапатын жогорулатуу максатында бардык уюштуруу-укуктук формасындагы айыл чарба ишканалар жана уюмдар боюнча, ошондой эле дыйкан (фермер) чарбалардын жана жарандардын көмөкчү чарбаларынын категориялары боюнча алгачкы маалыматтардын базасы түзүлдү.
Инвестициялардын жана подряддык иштердин көлөмүн эсептөөнүн толуктугун камсыз кылуу максатында курулуштагы көмүскө экономика боюнча нарктык көрсөткүчтөрү эсептелди. Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү жана кетүү агымдары боюнча маалыматтардын базасы түзүлүп, квартал сайын жаңыланып турат. Райондук жана шаардык деңгээлинде чет өлкөлүк инвестициялар боюнча маалыматтарды алууга мүмкүндүк берген программалык-методологиялык камсыздоо иштелип чыкты.
Жүк жана жүргүнчү ташуу, ошондой эле соода, мейманканалар жана ресторандардын жүгүртүүсүнүн физикалык көлөмүнүн индексин эсептөө методикасы иштелип чыкты. Жеке ишкерлер (жеке адамдар) тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн айрым түрлөрүн эсепке алуу жана баалоо боюнча методологиялык жоболор жана сунуштар даярдалды. Чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмүн ай сайын эсептөөнү камсыз кылган статистикалык отчеттуулук иштелип чыгып, аткарууга кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети менен бирге 2006-жылы өткөрүлгөн калктын жумуштуулугун бир жолку изилдөөнүн жыйынтыктары даярдалды жана басылып чыкты. Жаңы түзүлгөн жана жоюулган жумушчу орундарынын санын эсепке алуунун методикасы жана статистикалык отчеттуулук формасы иштелип чыкты, аларга ылайык 2005-2008-жылдардын эмгек ресурстарынын балансы эсептелди.
Үй чарбалардын тандалма изилдөөсүнүн маалыматтарынын негизинде калктын анык кирешелерин эсептөө методуна өтүү иштери жүзөгө ашырылды.
Керектөө бааларын мүнөздөөчү статистикалык базаны калыптандырууну жакшыртуу максатында бардык деңгээлдеги администрациялык-аймактык түзүлүштөрдү камтыган өзгөрүүлөрүн байкоо географиясы кеңейтилди.
Эл аралык стандарттарга ылайык УЭСтин талаптарына салыштырмалуу ишканалардын финансы статистикасынын көрсөткүчтөрүн адаптациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мурда эсепке алынбаган айыл чарба продукциясынын бир катар түрлөрү боюнча экспорттун көлөмүн баалоо методологиясы иштелип чыкты. "Күзгүдөй" салыштырмалууну өткөрүү үчүн негизги өнөк-өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын тышкы соодасы боюнча маалыматтар менен алмашуу ишке ашырылууда. Бүтүмдөрдүн түрлөрү боюнча тышкы соода статистиканы калыптандыруу үчүн программалык камсыздоо иштелип чыкты.
Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун 10-каралуудагы Оорулардын жана өлүмдүн себептерин эл аралык статистикалык классификациясы (ОЭК-10) статистикалык тажрыйбага киргизилди жана БСУ сунуш кылынган тирүү/жансыз төрөлүү критерийлерине өтүү ишке ашырылды. Натыйжада, өлкө калкынын ден соолугунун абалын мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөрү болуп саналган, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн эл аралык көрсөткүчтөргө салыштыруу үчүн жол ачылды.
Глобалдуу экологиялык конвенцияларды ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында дараметти күчөтүү боюнча статистикалык отчеттуулук системасы жаңыланды.
Программада каралган кадрлар менен камсыздоо иш чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик статистиканын эки миңден ашык кызматкерлери жана адистери кайра окутулду жана квалификациясын жогорулатышты. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызматы жөнүндө" Мыйзамына ылайык бош кызмат орундарынын ээлөө тартиби боюнча конкурстук негизге өтүү ишке ашырылды.
Жалпы жонунан 2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасында статистикалык маалыматтык системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун негизинде эмгек, финансылык жана материалдык ресурстардын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушул мезгилдин ичинде бюджеттик финансылык каражаттарынын экономиясы 143 миллиондон ашык сомду түздү. Мамлекеттик статистика органдарынын уюштуруу структурасын оптималдаштыруунун жана жакшыртуунун натыйжасында 190дон ашык адам бошотулду.
2010-2014-жылдары мамлекеттик статистиканы өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча программа (мындан ары Программа) келе жаткан беш жылдык мезгилге Кыргыз Республикасында статистикалык тажрыйба жана методология боюнча өнүгүүнүн башкы багыттарын аныктоочу программалык документ болуп саналат.
Программанын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык, улуттук маалыматтык-статистикалык системанын потенциалын мындан ары бекемдетүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
Башкы максаттардын ичине төмөнкүлөр кирет: бийлик органдарынын жана мамлекеттик башкаруунун талаптарын натыйжалуу жана сапаттуу маалыматтык камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн жалпы улуттук жана мамлекеттик программаларынын мониторинги, экономикалык-статистикалык маалыматтар менен мамлекеттер аралык жана эл аралык алмашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу, пайдалануучулардын кеңири катмарлары үчүн статистика тармагында мамлекеттик маалыматтык кызмат көрсөтүүнүн ачык тутумун түзүү.
Орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк перспективада мамлекеттик статистиканын өнүгүүсүнүн башкы артыкчылыктарын (негизги багыттарын) камсыз кылуучу милдеттерди чечүүнүн негизинде аталган максаттар ишке ашырылат.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкү эң негизги милдеттер аткарылышы керек: маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүүнүн негизинде статистикалык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу, статистикалык көрсөткүчтөрдүн аныктыгын камсыз кылуу, маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процесстерин оптималдаштыруу, статистикалык маалыматтарды чыгаруу үчүн ведомстволук жана администрациялык булактарды толук пайдалануу.
Мамлекеттик статистика органдарынын уюштуруу структурасын өркүндөтүү тармагында, эмгек, материалдык жана финансылык ресурстарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн өбөлгө түзүү чөйрөсүндө тажрыйбалык милдеттердин чечилиши каралды.
Программанын максаттарына жана милдеттерине ылайык 2010-2014-жылдары мамлекеттик статистиканы өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды.
Статистикалык маалымат системасынын натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуучу эң маанилүү багыты болуп, борбордук деңгээлдей эле, чөлкөмдүк деңгээлде да уюштуруу структурасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын комплексинин ишке ашырылышы эсептелет. Буга жараша, анын жыйынтыктарына таянып, функционалдык талдоо жүргүзүү каралган, ошондой эле мамлекеттик статистика органдарынын структурасын оптималдаштыруу жана жөнгө салуу боюнча иш-чаралар, пайдасыз жана кайталанып турган милдеттерди кыскартуу боюнча иш-чаралардын иштелип чыгышы каралган.
Статистиканы уюштурууну жакшыртуу боюнча иш-чаралардын системасында маанилүү фактор болуп, мамлекеттик статистика тутумунун ичиндеги статистикалык маалымат агымдарын туура бөлүштүрүү эсептелет. Бул багыт, өндүрүштүк процесстерди башкаруу жана статистикалык маалыматтарды чогултуу ыкмалардын системасын кайра уюштурууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамынын негизги жоболорунун бири болуп, мамлекеттик статистиканын муктаждыктары үчүн статистикалык жана администрациялык маалыматтарды кеңири пайдалануу боюнча министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүү системасын түзүү зарылдыгы саналат. Бул багыт, тийиштүү статистикалык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгууда зарыл болгон бирдиктүү стандарттарды жана жалпыга таанылган эрежелерди сактоонун негизинде ишке ашырылат.
Мамлекеттик статистика органдарынын ишмердигинин фундаменталдуу негизи болуп, Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик регистринин (СБЖМР) жүргүзүлүшү жана актуалдаштырылышы эсептелет. Бул багытта өлкөнүн бүт аймагында чарба жүргүзүүчү субъектилерди толук бойдон идентификациялоо жана эсепке алуу боюнча иш-чаралар комплексинин жүзөгө ашырылышы каралды.
Бул иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча башкы милдет болуп, статистиканын өзүнүн да, тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик башкаруунун башка органдарынын муктаждыктары үчүн да ведомстволук реестрлердин өз ара аракеттенүү системасынын иштелип чыгышы саналат.
Мамлекеттик статистиканын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү боюнча принципиалдуу жаңы багыт болуп, чарба жүргүзүүчү субъектилерден статистикалык маалыматты алуунун электрондук системасына өтүү, ошондой эле пайдалануучулардын бардык категорияларын маалыматтык-статистикалык тейлөө тармагында тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында электрондук өкмөттүн принциптерин кеңири колдонуу эсептелет.
Статистикалык системаны өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча милдеттердин чечилиши маалыматтык-коммуникациялык технологияларда бир катар принципиалдуу өзгөрүүлөрдү билдирет. Бул багыт, маалыматты "Интранет-Статистика" байланыштын электрондук каналдары боюнча өткөрүү жана алмашуу боюнча бирдиктүү республикалык түйүндү түзүү жолу менен мамлекеттик статистиканын борбордук жана аймактык органдарын маалыматтык-эсептөө кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган негизги органы катары чыккан Улутстаткомунун Башкы эсептөө борборунун дараметин бекемдетүүгө таянат.
Ошондой эле, Улутстаткомунун маалыматтык-коммуникациялык системасынын Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тийиштүү системалары менен өз ара натыйжалуу аракеттенүү боюнча иш-чаралардын системасынын ишке ашырылышы каралган.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө заманбап жана жогорку технологиялык программаларды, ошондой эле, өндүрүштүк процесстерге өзүмдүк программалык-технологиялык иштеп чыгууларды киргизүүнүн негизинде маалыматтык-эсептөө иштерди программалык камсыздоо тармагында принципиалдык жаңы саясаттын иштелип чыгышы каралган.
Улуттук эсеп системасы. 2010-2014-жылдардын ичинде эл аралык тажрыйбада таанылган эрежелерге жана стандарттарга ылайык, утурумдук түзөтүүлөрдү эсепке алуу менен, кварталдык улуттук эсептөөлөргө өтүү процесси аякталышы керек. Методологиялык жактан алганда улуттук эсеп системасында эң татаал болуп саналган финансылык эсептөөнүн иштелип чыгышы зарыл. Чөлкөмдүк дүң продукттун көрсөткүчтөрүн салыштырмалуу баа менен туруктуу эсептөө жана басып чыгаруу иштерин жүзөгө ашыруу керек.
Ошондой эле, көмүскө экономиканын параметрлерин жана масштабын эсептөө методологиясынын жакшыртылышы зарыл.
Өнөр жай статистикасы. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө өнөр жайда биринчи улуттук экономикалык каттоону өткөрүү боюнча методологияны иштеп чыгуу керек, анын натыйжасында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны, алардын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө толук маалымат алууга жана республиканын өнөр жай секторунун азыркы учурдагы абалын мүнөздөөчү башка билдирүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Инновациялык ишмердик тармагында статистикалык эсепти жакшыртуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылат.
Айыл чарба статистикасы. Экономиканын агрардык секторунун абалын мүнөздөөчү статистикалык маалыматтын сапатын жогорулатуу үчүн айыл чарба продукцияны өндүрүүчүлөрүнүн регистрин түзүү боюнча иштердин аякталышы каралды, анын негизинде айыл чарбанын абалы боюнча ар түрдүү маселелерге тандалма изилдөө жүргүзүлөт.
Азык-түлүк коопсуздугун бекемдетүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу максатында өлкө үчүн стратегиялык маанилүү азык-түлүк ресурстарынын жана тамак-аш азыктарынын илимий жактан негизделген азык-түлүк балансын иштеп чыгуу системасын жакшыртуу боюнча чаралар жүзөгө ашырылат.
Алдыда турган айыл чарба каттоонун уюштуруу-методологиялык камсыздоосу иштелип чыгат.
Инвестиция жана курулуш статистикасы. Өлкөнүн экономикасына сарпталган чет өлкөлүк инвестицияларды толук жана кеңири эсепке алуу боюнча тийиштүү методологиялык жоболор иштелип чыгат.
Формалдуу эмес сектордо курулуш иштеринин жана тейлөөлөрүнүн масштабын жана көлөмүн аныктоо методологиясын жакшыртуу боюнча иштердин улантылышы зарыл.
Керектөө рыногунун статистикасы. Керектөө рыногундагы формалдуу эмес сектордун чоң көлөмүн эске алуу менен бирге калкка көрсөтүлгөн тейлөө чөйрөсүндө көмүскө экономиканын жана формалдуу эмес жумуштуулуктун көлөмүн баалоо методологиясын жакшыртуу керек.
Эмгек рыногунун жана жумуштуулуктун статистикасы. Ички жана тышкы эмгек миграциянын масштабына статистикалык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын түзүү боюнча уюштуруу-методологиялык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу керек. Калкты иш менен камсыз кылууга байланыштуу маселелердин курчтугун эске алганда, формалдуу эмес жумуштуулуктун көлөмүн эсептөө жана баалоо менен бирге жумушчу күчүн изилдөө боюнча иштеп жаткан системаны анык жумуштуулуктун масштабын аныктоо жагынан жакшыртуу зарыл.
Базар мамилелер шартында калыптанган эмгек рыногундагы анык абалына ылайык эмгек ресурстарынын балансын эсептөө методологиясы кайра каралышы керек жана эмгек чыгымдарынын балансын эсептөө методологиясын иштеп чыгуу зарыл.
Тандалма изилдөө статистикасы. Экономиканын ар түрдүү тармактарында жана секторлорунда туруктуу тандалма изилдөөлөр тажрыйбасын методологиялык камсыздоо жана кеңейтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу керек.
Баалардын статистикасы. Баалардын статистикасы тармагында негизги багыт болуп, керектөө бааларынын, ошондой эле эл аралык тажрыйбада жалпыга таанылган эрежелерге жана стандарттарга ылайык келген, жалпы методологиялык жана уюштуруучулук принциптерине таянган, экономиканын бардык тармактарында жана секторлорунда товарларды жана тейлөөлөрдү өндүрүүчүлөрдүн бааларынын жана тарифтеринин статистикалык мониторингдин бирдиктүү системасын түзүү саналат.
Баалардын статистикасы тармагында эң негизги компонент болуп, эл аралык салыштырмалуулар программасына катышуу жана анын негизинде валюталардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетин аныктоо эсептелет.
Ишкана жана финансы статистикасы. Финансы статистика чөйрөсүндө эң негизги багыт болуп, чарба жүргүзүүчү субъектилердин финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ОФЭС) өтүү шартында статистикалык көрсөткүчтөрдүн структурасын оптималдаштыруу жана курамын кайра кароо эсептелет.
Отун-энергетикалык ресурстардын статистикасы. Бул чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн отун-энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө структурасындагы өзгөрүүлөрдү баалоо максатында Кыргыз Республикасынын жана анын чөлкөмдөрүнүн отун-энергетикалык балансын иштеп чыгуу боюнча кеңири методологияны түзүү жана өркүндөтүү керек.
Товарлардын жана тейлөөлөрдүн тышкы соода статистикасы. Товарлардын жана тейлөөлөрдүн тышкы соода статистикасынын бир катар багыттары боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу технологияларын эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайык келтирүү боюнча уюштуруу-методологиялык иш-чаралар комплексин камсыз кылуу керек. Ошондой эле, тышкы соода операцияларынын көлөмүн негизги өнөк-өлкөлөр менен "күзгүдөй" салыштырмалуулардын методологиясынын иштелип чыгышы зарыл.
Демографиялык статистика. Калктын курактык-жыныстык мүнөздөмөлөрүн, төрөлүү жана өлүү, жашоонун узактыгы, калктын тышкы жана ички миграциянын көрсөткүчтөрүн камтыган, өлкөнүн демографиялык божомолуна карата методологиялык жоболордун системасы иштелип чыгышы керек.
Демографиялык статистика тармагында маалыматты чогултуу боюнча прогрессивдүү ыкмаларына өтүүнү камсыз кылуу максатында тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен бирге Кыргыз Республикасынын Калкынын регистрин түзүү боюнча уюштуруу-методологиялык иш-чаралардын комплекси иштелип чыгышы керек, келечекте мунун натыйжасында кымбат баалуу жана салтка айланган эл каттоолордон баш тартууга жол ачылмак.
Социалдык статистика жана айлана чөйрө статистикасы. Төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыруу каралды:
- эл аралык чөйрөдө салыштырмалуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн билим берүү статистиканын көрсөткүчтөрүн өркүндөтүү;
- саламаттыкты сактоо статистиканын макулдашылган системасын түзүү максатында маалыматтык агымдарды оптималдаштыруу;
- эркектердин жана аялдардын абалы, ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жашоо деңгээли туурасында маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн гендерлик жактан бөлүштүрүлгөн көрсөткүчтөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү;
- эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайык, калдыктар менен иштөө, жаратылышты коргоого кеткен чыгымдар жана башка индикаторлорду алганда, айлана чөйрө статистикасынын тажрыйбасын жана методологиясын жакшыртуу.
Чөлкөмдүк статистика тармагында негизги багыт болуп, төмөнкү иш-чаралардын негизинде мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын (өзгөчө райондук жана шаардык бөлүмчөлөрүнүн) уюштуруучулук-методологиялык жана материалдык-техникалык дараметин бекемдетүү эсептелет:
- статистикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун программалык-технологиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу;
- алардын ишмердигин натыйжалуу методология менен камсыз кылуу;
- респонденттерге түшкөн жүктү төмөндөтүү жана эки жолку кайталоодон качуу максатында статистикалык маалыматтардын агымдарын натыйжалуу унификациялоо жана регламентациялоо;
- алгачкы бөлүмчөлөрдүн аймактык түзүлүштөрүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн (борбордон бекитилгендеринен башка) структурасын жана курамын тандоодо өз алдынчалыкты берүү;
- статистикалык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу маселелери боюнча мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын ишмердигин баалоо критерийлерди иштеп чыгуу жана алардын негизинде тийиштүү жетекчилердин өз ишмердигинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу;
- муниципалдык түзүлүштөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен муниципалдык статистиканы түзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарында (айылдык округдарда) статистикалык маалыматты чогулткан экономист-статистиктерди мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын карамагына өткөрүп берүү жолу менен бул органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
Ушул программада каралган чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылган негизги багыттарынын бири болуп, статистикалык тажрыйба жана методология маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдетүү жана кеңейтүү саналат.
КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин чегинде методологиялык маселелер боюнча кызматташтык, ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин ортосунда маалыматтар менен алмашуу кызматташтыгы уланат.
Норвегиянын жана Финляндиянын статистикалык кызматтары менен бир катар долбоорлордун ишке ашырылышы каралууда, алар төмөнкүгө багытталган:
- маалыматтык технологияларды өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында укуктук бирдиктердин регистрин түзүү;
- статистикалык максаттар үчүн администрациялык маалыматтарды натыйжалуу колдонуу;
- улуттук эсептердин өнүгүшү;
- статистиканын ар түрдүү тармактарында маалыматтардын сапатын жакшыртуу.
Дүйнөлүк банк, Өнүгүүнүн Ислам банкы, Эл аралык валюта фонду, БУУнун статистикалык кызматтары (Азия жана Тынч океан чөлкөмүнүн өлкөлөрү үчүн БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссия (БУУ ЭСКАТО), БУУ ЕЭК), Өнүгүү жана кызматташтык боюнча түркия агенттиги (ӨКТА), ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган башка эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен кызматташтык уланат.
Программанын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылган маанилүү багыттарынын бири болуп мамлекеттик статистиканын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу эсептелет.
Буга байланыштуу ушул иштин формалары жана ыкмалары төмөнкү негизде кайра каралат:
- мамлекеттик статистика органдарында иштеген адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча адистештирилген окуу программаларын иштеп чыгуу;
- Улутстаткомдун Окуу борборунун ишмердигин мамлекеттик статистика системасынын муктаждыктары үчүн гана кадрларды кесиптик даярдоого кайра багыттоо;
- мамлекеттик статистиканын райондук (шаардык) жана облустук башкармалыктарынын адистерин Улутстаткомдун борбордук аппаратында жана анын Башкы эсептөө борборунда, өзгөчө программалык-технологиялык камсыз кылуу жана өнүккөн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды тажрыйбага киргизүү маселелери боюнча, туруктуу түрдөгү стажировкадан өтүү системасын ишке киргизүү.
Ушул Программанын иш-чараларынын жүзөгө ашырылышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен жыл сайын мамлекеттик статистика органдарын күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын чегинде, ошондой эле, өлкөлөр жана эл аралык донор-уюмдар эл аралык кызматташтык чегинде бөлүп берген гранттардын эсебинен каржыланат.
Катар № | Иш чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | |
1. Мыйзам ченемдүү базасы | |||||
1.1 | Азыркы учурдагы мыйзамдарга, ошондой эле эл аралык тажрыйбада таанылган эрежелерге жана стандарттарга ылайык келтирүү максатында мамлекеттик статистиканын нормативдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана талдоо | Улутстатком | 2010- 2014 (жылдык графиктерге ылайык) | Мамлекеттик статистиканын маселелери боюнча нормативдик- укуктук документтердин долбоорлорун даярдоо
| |
1.2 | Кыргыз Республикасынын Президентинин» Кыргыз Республикасында 2012-жылы айыл чарба каттоону жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгынын долбоорун даярдоо | Улутстатком | 2010 | Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында 2012-жылы айыл чарба каттоону жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгы
| |
2. Статистиканы уюштурууну жакшыртуу | |||||
Уюштуруу структурасын жакшыртуу | |||||
2.1 | Мамлекеттик статистика органдарынын азыркы учурдагы уюштуруу структурасына функционалдык талдоо жүргүзүү | Улутстатком | 2010 | Тажрыйбалык аракеттер | |
2.2 | Борбордук аппараттын, мамлекеттик статистиканын аймактык жана ведомстволук органдарынын жаңы уюштуруу структурасынын долбоорун иштеп чыгуу жана даярдоо | Улутстатком | 2010- 2011 | Структуралык өзгөрүүлөр | |
2.3 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында статистикалык маалыматты чогулткан экономист-статистиктерди мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын карамагына өткөрүп берүү боюнча сунуштарды даярдоо | Улутстатком, жергиликтүү мамадмини- страциялар (макулдашуу боюнча) | 2010- 2011 | Тийиштүү нормативдик- укуктук документтердин долбоорлорун даярдоо | |
Сапатты башкаруу | |||||
2.4 | Статистикалык маалыматтын сапатын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011- 2014 | Методологиялык сунуштар | |
Статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу системасы | |||||
2.5 | Статистикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун бардык деңгээлдеринде анын агымдарын оптималдаштыруу жана бөлүштүрүү | Улутстатком | 2011- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер (өзгөчө уюштуруу план боюнча) | |
2.6 | Респонденттерге түшкөн жүктү төмөндөтүү жана эки жолку кайталоодон качуу максатында статистикалык отчеттуулук формаларынын курамын жана структурасын жакшыртуу | Улутстатком, министрликтер, ведомстволор | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер (өзгөчө уюштуруу план боюнча) | |
2.7 | Чарба жүргүзүүчү субъектилерден алынган статистикалык отчеттуулукту байланыштын электрондук каналдары аркылуу чогултуунун кагазсыз технологиясына өтүү боюнча иш-чаралардын системасын иштеп чыгуу | Улутстатком, министрликтер, ведомстволор | 2010- 2011 | Тажрыйбалык аракеттер (өзгөчө уюштуруу план боюнча) | |
2.8 | Айылдык округдардын товар өндүрүүчүлөрүн статистикалык эсепке алуу максатында »Чарбалык китепти» алып баруунун электрондук форматына өтүү | Улутстатком, КРдин ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), КРдин Айыл чарба министрлиги | 2010- 2011 | Тажрыйбалык аракеттер (өзгөчө уюштуруу план боюнча) | |
Статистикалык көрсөткүчтөр системасын өркүндөтүү | |||||
2.9 | Төмөнкү көрсөткүчтөрдү толук чагылдырууга багытталган статистикалык индикаторлордун системасын актуалдаштыруу: - миң жылдыктын өнүгүү максаттары (МӨМ); - гендерлик жактан бөлүштүрүлгөн көрсөткүчтөр; - экономикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн көрсөткүчтөрү | Улутстатком, министрлик- тер, ведомстволор | 2010- 2014 | Нускамалык- методологиялык материалдар | |
Классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү системасынын өнүгүшү | |||||
2.10 | «Кыргыз Республикасында экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү системасын (ЭСМ ККБС) иштеп чыгуунун жана алып баруунун тартибинин» жаңы версиясын кайра карап чыгуу жана даярдоо | Улутстатком, министрлик- тер, ведомстволор | 2011 | Нормативдик документтердин пакети | |
2.11 | Экономикалык жана социалдык маалыматтын классификаторлорун алып баруу жана автоматташтырылган коштоо боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011 | Программалык документтердин пакети | |
2.12 | Экономикалык ишмердиктин түрлөрүнүн эл аралык классификаторунун жаңы версиясына ылайык (ПАСЕ) «Экономикалык ишмердиктин түрлөрү» мамлекеттик классификаторунун (ЭИМК-3) жаңы версиясын ишке киргизүү | Улутстатком, министрлик- тер, ведомстволор | 2010- 2011 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору, нормативдик документтердин пакети | |
2.13 | Экономикалык ишмердиктин түрлөрүнүн эл аралык классификаторунун жаңы версиясына ылайык (ПАСЕ) Продукциялардын (товарлардын жана тейлөөлөрдөн) мамлекеттик классификаторун (ПМСК) ишке киргизүү | Улутстатком, министрликтер, ведомстволор | 2010 - 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
Статистикалык регистрлердин системасы | |||||
2.14 | SQL 2005 негизинде жалпы мамлекеттик регистрин (СБЖМР) актуалдаштыруу жана алып баруу боюнча жаңы программалык камсыздоону ишке киргизүү | Улутстатком | 2010 - 2011 | Программалык камсыздоо | |
2.15 | Тармактык статистикалык регистрлерди алып барууну камсыз кылууга багытталган жаңы программалык продуктуларды иштеп чыгуу жана кайра кароо | Улутстатком | 2013 | Программалык камсыздоо | |
2.16 | Статистикалык регистрлерди актуалдаштыруу жана алып баруу боюнча методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010 | Нормативдик документтердин пакети | |
2.17 | Статистикалык регистрлердин системасын актуалдаштыруу | Улутстатком, министрлик- тер, ведомстволор | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
2.18 | Жергиликтүү бирдиктердин маалыматтык базасын жана ишмердик түрлөрүнүн бирдиктеринин маалыматтык базасын түзүү жана алып баруу боюнча программалык- технологиялык камсыздоону иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011 | Маалыматтык базасы | |
Ведомстволор аралык өз ара байланыш | |||||
2.19 | Төмөнкү маселелер боюнча мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара байланышуу системасын түзүү: - статистикалык маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана таркатуу боюнча иштерди координациялоо; - ведомстволук статистикалык маалыматтарды даярдоо учурунда эл аралык жана мамлекеттик классификацияларды министрликтердин, администрациялык ведомстволордун иш тажрыйбасына киргизүү; - администрациялык маалыматтарды мамлекеттик статистиканын муктаждыктары үчүн пайдалануу; - ведомстволук статистикалык системалардын технологиялык жана техникалык шайкеш болуусун камсыз кылуу | Улутстатком, министрликтер, ведомстволор | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
Мамлекеттик, мамлекет аралык жана эл аралык программалардын жана пландарынын мониторинги | |||||
2.20 | Өлкөнүн Өнүгүү Стратегиясын (ӨӨС) ишке ашырууну маалыматтык камсыздоо | Улутстатком, министрлик- тер, ведомстволор | 2010- 2011 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасы | |
2.21 | Миң жылдыктын Өнүгүү Максаттарынын (МӨМ) индикаторлорунун мониторинги жана маалыматтык камсыздоосу | Улутстатком, министрлик- тер, ведомстволор | 2010- 2014 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасы | |
2.22 | Экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн мамлекеттик программаларын жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык программаларды ишке ашыруунун мониторинги жана маалыматтык камсыздоосу | Улутстатком | 2010- 2014 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасы | |
Маалыматтарды басып чыгаруу жана таркатуу | |||||
2.23 | Статистикалык маалыматтарды таркатуунун электрондук каражаттары менен салтка айланган каражаттардын айкалуушусунун негизинде статистикалык маалыматтарды таркатуу системасын жакшыртуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
2.24 | Калкты жана пайдалануучулардын башка категорияларын республиканын социалдык- экономикалык абалы туурасында туруктуу маалымдоо үчүн массалык маалымат каражаттары менен өз ара байланышууну күчөтүү максатында Улутстаткомдун пресс-кызматын уюштуруу | Улутстатком | 2010- 2011 | Тажрыйбалык аракеттер | |
2.25 | Пресса жана коомчулуктун өкүлдөрү үчүн окуу семинарларды өткөрүү, китеп ярмаркаларына жана башка иш-чараларга катышуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Уюштуруу иш-чаралары | |
3. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | |||||
Улутстаткомдун WЕВ-сайтын өнүктүрүү жана модернизациялоо | |||||
3.1 | Пайдалануучулар үчүн WЕВ- сайтта жайгаштырылган маалыматтык базалардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана навигациянын ыңгайлуу шарттары боюнча системаны түзүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Системаны модернизациялоо | |
3.2 | WЕВ-беттерин мамлекеттик жана англис тилинде алып барууну камсыз кылуу | Улутстатком | 2010- 2011 | Системаны модернизациялоо | |
3.3 | WEВ-сайтта жайгаштырылган маалыматтык базаны туруктуу актуалдаштыруу жана жаңыртуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Системаны модернизациялоо | |
3.4 | Улутстаткомдун WЕВ- сайтында статистиканын аймактык органдарынын Интернет-өкүлдөрүн камтыган корпоративдик WЕВ-системаны иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Системаны модернизациялоо | |
Технологиялык жана техникалык камсыздоо | |||||
3.5 | Мамлекеттик статистиканын бардык деңгээлдеги аймактык органдарын заманбап технологиялык жана техникалык каражаттар менен кайра жабдуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
3.6 | VPN »Интранет-Статистика» технологиянын негизинде бирдиктүү корпоративдик республикалык түйүндү түзүү | Улутстатком | 2010- 2011 | Долбоордук иш-чаралар | |
3.7 | Телефон байланышынын салтка айланган каражаттарын каржылоого кеткен бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн IР-телефонияны уюштуруу жана унификацияланган коммуникациялар системасын түзүү | Улутстатком, КРдин Транспорт жана коммуника- циялар министрлиги | 2011- 2012 | Долбоордук иш-чаралар | |
3.8 | Сitrix технологиянын негизинде терминалдык пайдалануу мүмкүнчүлүгү системасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011- 2012 | Долбоордук иш-чаралар | |
3.9 | Мамлекеттик статистиканын облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын башкармалыктары менен видеоконференцбайланыш системасын ишке киргизүү | Улутстатком, КРдин Транспорт жана коммуника- циялар министрлиги | 2011- 2013 | Долбоордук иш-чаралар | |
3.10 | Улутстаткомдун маалыматтык чөйрөсүнүн коопсуздук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | Улутстатком | 2012- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
3.11 | Мамлекеттик статистика органдарынын системасында технологиялык чечимдерди оптималдаштыруу жана өндүрүштүк процесстерди программалык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2011 | Концепциянын долбоору | |
3.12 | Виртуалдык сервердик чечимдеринин технологияларын колдонуу менен маалыматтык процесстерди иштеп чыгуу | Улутстатком | 2013- 2014 | Долбоордук иш-чаралар | |
3.13 | Улутстаткомдун маалыматтык- коммуникациялык системасынын Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тийиштүү маалыматтык системалары менен өз ара байланышуу боюнча иш-чаралар системасын жүзөгө ашыруу | Улутстатком | 2013- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4. Экономикалык статистика | |||||
Улуттук Эсеп Системасы | |||||
4.1 | 2008-жылдагы УЭСтин аныктамаларын жана концепцияларын улуттук статистика тажрыйбасына киргизүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.2 | Байкоого алынбаган экономиканын параметрлерин баалоо методологиясын өркүндөтүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.3 | Холдинг пайдасын жана материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарын аныктоо методикасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.4 | Кварталдык улуттук эсептөөлөрдү өркүндөтүү (ТАСИС программасы боюнча техникалык жардам, Статистика 11) | Улутстатком | 2010- 2011 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.5 | Тармактар аралык балансынын көрсөткүчтөрүн эсептөөнү өркүндөтүү («Чыгым-Чыгаруу» таблицалары) | Улутстатком | 2010 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.6 | Негизги фонддорду жана негизги капиталдын керектөөсүн баалоо боюнча методологияны жана методиканы жакшыртуу | Улутстатком | 2010- 2011 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.7. | Финансылык эсепти түзүү методологиясын иштеп чыгуу жана анын эксперименталдык эсептөөсү | Улутстатком | 2010- 2012 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.8 | Активдерде болгон башка өзгөрүүлөрүн түзүү методологиясын иштеп чыгуу жана алардын эксперименталдык эсептөөсү: - активдердин көлөмүндөгү башка өзгөрүүлөрүнүн эсеби; - кайра баалоонун эсеби; - нейтралдык холдинг пайдасынын/чыгашасынын эсеби; - анык холдинг пайдасынын/чыгашасынын эсеби | Улутстатком | 2013 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.9. | Баланстык эсептерди түзүү методологиясын иштеп чыгуу жана алардын эксперименталдык эсептөөсү: - алгачкы баланс; - баланстагы өзгөрүүлөр; - акыркы баланс | Улутстатком | 2014 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
4.10 | Чөлкөмдүк дүң продуктун кезектеги жана салыштырмалуу баа менен эсептөө методологиясын жана методикасын өркүндөтүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Нускамалык- методикалык материалдардын пакети | |
Өнөр жай статистикасы | |||||
4.11 | Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү | Улутстатком | 2010- 2011 | Басылмалардын материалдары | |
4.12 | Өнөр жайдагы инновациялык процесстерге статистикалык байкоо жүргүзүүнүн комплекстүү системасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011- 2012 | Көрсөткүчтөрдүн системасы жана методологиялык жабдуу | |
4.13 | Өлкөнүн энергетикалык секторунун комплекстүү өнүгүшүн баалоо боюнча көрсөткүчтөрдүн системасын иштеп чыгуу | Улутстатком, КРдин Энергетика министрлиги | 2010- 2012 | Көрсөткүчтөрдүн системасы | |
4.14 | Экономикалык ишмердиктин түрү жана аймак боюнча өнөр жай продукция жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн статистикалык жабдууларды иштеп чыгуу жана макулдашуу | Улутстатком, КР Экономикалык тескөө министрлиги | 2010- 2014 | Статистикалык жабдуулар (формалар, нускамалар) | |
Айыл чарба статистикасы | |||||
4.15 | Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Айыл чарба регистринин (АЧР) маалыматтык базасын актуалдаштыруу | Улутстатком | 2010 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.16 | Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн актуалдаштырылган регистринин маалыматтык базасында негизги айыл чарба тармактарында туруктуу тандалма изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Тандалма изилдөө (өзгөчө уюштуруу план боюнча) | |
4.17 | Тамактануунун негизги продуктуларын өндүрүү жана керектөө балансын эсептөө боюнча жакшыртылган методиканы иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010 | Нормативдик документтердин пакети | |
Инвестиция жана курулуш статистикасы | |||||
4.18 | Тике чет өлкөлүк инвестициялардын статистикасын төлөө балансы боюнча жаңы эл аралык колдонмого ылайык келтирүү | Улутстатком, КРдин Улуттук банкы | 2011 | Нормативдик документтердин пакети | |
4.19 | Инвестиция жана курулуш статистикасы боюнча статистикалык жабдууларды кайра кароо | Улутстатком | 2012 | Нормативдик документтердин пакети | |
4.20 | Жеке ишкерлер тарабынан аткарылган долбоорлоочалгындоо, курулуш жана оңдоо иштердин көлөмүн эсептөө методиканы иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011 | Нормативдик документтердин пакети | |
4.21 | Курулуш иштеринин өндүрүшүнө кеткен баалардын индексинин жаңы моделин иштеп чыгуу | КРдин Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамагенттиги, Улутстатком | 2013 | Нормативдик документтердин пакети | |
Керектөө рыногунун жана тейлөөлөрдүн статистикасы | |||||
4.22 | Көмүскө жана формалдуу эмес ишмердикти эске алуу менен бирге, тейлөө статистикасынын кыска мөөнөттүк көрсөткүчтөрүн чогултууну жана иштетүүнү уюштуруу методологиясын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010 | Нормативдик документтердин пакети | |
4.23 | Төмөнкү тармактар боюнча баалардын жакшыртылган индекстеринин системасын иштеп чыгуу: - дүң соода; - калкка көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн түрлөрү; - маалыматтык- коммуникациялык технологиялар | Улутстатком | 2012- 2014 | Нормативдик документтердин пакети | |
4.24 | Билим берүү чөйрөсүндө маалыматтык- коммуникациялык технологияларды пайдаланууга статистикалык байкоону уюштуруу үчүн программаны жана статистикалык жабдууларды иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011 | Тандалма изилдөө | |
Эмгек рыногунун статистикасы | |||||
4.25 | Эмгек миграция маселелери боюнча үй чарбаларга тандалма изилдөө уюштуруу жана жүргүзүү | Улутстатком | 2010- 2011 | Методология, изилдөө жүргүзүү, талдоо жана жыйынтыктарын чыгаруу | |
4.26 | Жумуштуулук, киреше булактары, эмгек миграция маселелер боюнча 2009-ж. эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын талдоону иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Басылмалар, талдоо материалдары | |
4.27 | Эмгек ресурстарынын жылдык баланстарын эсептөө үчүн көрсөткүчтөрдүн жакшыртылган системасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2011 жыл сайын | Статистикалык жабдуулар (формалар, нускамалар) | |
4.28 | УЭСтин чегинде товарларды, иштерди жана тейлөөлөрдү өндүрүүдө эмгектин жалпыланган чыгымдарын аныктоо боюнча методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2012 | Нормативдик документтердин пакети | |
Үй чарбалардын кирешелери менен чыгымдарынын статистикасы, калктын бейкутчулугу жана жакырчылыгы | |||||
4.29 | 2009-жылдагы эл каттоонун базасынын негизинде үй чарбаларды тандоонун дизайнын жакшыртуу | Улутстатком | 2010 | Тандоо | |
4.30 | Тамактануунун негизги продуктулары боюнча балансты эсептөө методикасын жакшыртуу | Улутстатком | 2010 | Методика | |
4.31 | 2012-2014-жылдар үчүн тандоо ротациясын пландаштыруу | Улутстатком | 2011 | Тандоо | |
4.32 | Үй чарбаларды жүргүзүлүп жаткан тандалма изилдөөлөргө тартуу боюнча чаралардын системасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Нормативдик документтердин пакети | |
4.33 | Microdata Management Toolkit пакетин колдонуу менен үй чарбаларга изилдөө жүргүзүүнүн маалыматтарын архивациялоо | Улутстатком | 2012- 2014 | Пакетти колдонуу | |
Баалардын статистикасы | |||||
4.34 | Бирдиктүү методологиялык жана уюштуруучулук принциптерине негизделген баалар статистикасынын жалпы системасын түзүү боюнча концепцияны иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.35 | 2011-жылдын маалыматтары боюнча эл аралык салыштыруулар үчүн статистикалык маалыматтарды макулдашуу жана чогултуу | Улутстатком | 2010- 2013 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.36 | Турак жай рыногунда баалардын индексин эсептөө методологиясын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010 | Методологиялык жобо | |
4.37 | Керектөө бааларынын индексин эсептөөдө сапатты камсыз кылган утурумдук түзөтүүлөрдүн методикасын иштеп чыгуу | Улутстатком, Улуттук банк (макулдашуу боюнча) | 2011 | Методика | |
Ишканалардын статистикасы жана финансы статистикасы, чакан ишкерчиликти кошкондо | |||||
4.38 | Экономиканын реалдуу секторунда иштеген субъектилердин финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугун чогултууну жана иштеп чыгууну статистикалык тажрыйбага киргизүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.39 | Экономиканын реалдуу секторунда иштеген субъектилердин бухгалтердик (финансылык) отчетторду чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча пилоттук изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн даярдоо иштерин өткөрүү | Улутстатком, КРдин Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы | 2010 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.40 | Акционердик коомдордун 2010-жылдын бухгалтердик (финансылык) отчетторун чогултуу жана иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.41 | Чарбачылык шериктештиктердин жана коомчулуктардын 2011-жылдын бухгалтердик (финансылык) отчетторун чогултуу жана иштеп чыгуу | Улутстатком | 2012 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.42 | Экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын жалпыланган бухгалтердик (финансылык) отчетторун чогултуу, иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | Улутстатком | 2013- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
Тышкы сооданын жана отун-энергетикалык ресурстардын статистикасы | |||||
4.43 | Тышкы соода операциялардын көлөмүн негизги өнөк-өлкөлөр менен »күзгүдөй» салыштыруунун методикасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010 | Методика | |
4.44 | Отун-энергетикалык ресурстардын балансын толук эсептөө үчүн чакан жана орто ишкерчиликтин, дыйкан чарбаларынын субъектилерине изилдөө жүргүзүү | Улутстатком | 2010 | Методика, тажрыйбалык аракеттер | |
4.45 | Чөлкөмдөр боюнча (ички агымдарды эсепке алганда) Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансын түзүү методологиясын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2011 | Методология | |
4.46 | «Пилоттук» облус боюнча (ички агымдарды эсепке алганда) отун- энергетикалык балансын түзүү | Улутстатком | 2012 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.47 | Облустар боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук отун-энергетикалык балансын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2013 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.48 | Импорттолгон товарлардын маалыматтык базасын ФОБ баасы менен иштеп чыгуу | Улутстатком, Улуттук банк (макулдашуу боюнча) | 2011 | Тажрыйбалык аракеттер | |
4.49 | Азыркы эл аралык сунуштарды кайра карап чыгууну эсепке алуу менен бирге товарлардын тышкы соодасын уюштуруу боюнча методологиялык жоболорду өркүндөтүү | Улутстатком | 2013- 2014 | Методология | |
4.50 | Азыркы эл аралык сунуштарды кайра карап чыгууну эсепке алуу менен бирге тейлөөлөрдүн тышкы соодасын уюштуруу боюнча методологиялык жоболорду өркүндөтүү | Улутстатком | 2013- 2014 | Методология | |
5. Социалдык статистика | |||||
Демографиялык статистика | |||||
5.1 | Өлкөдө жана анын чөлкөмдөрүндө демографиялык абалды божомолдоо - перспективага берилген Демографиялык божомолду ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан аткаруу | Улутстатком, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, башка министрликтер жана ведомстволор | 2010- 2011 | Методология | |
5.2. | Ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамында Кыргыз Республикасынын Калк регистрин түзүү боюнча уюштуруу иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу | КРдин Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Улутстатком, министрликтер, ведомстволор | 2010- 2014 | Иш-чаралар комплекси | |
Саламаттыкты сактоо статистикасы | |||||
5.3 | Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу боюнча нускамаларды жакшыртуу | Улутстатком, КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги | 2010- 2014 | Статистикалык жабдуулар (формалар, нускамалар) | |
Гендерлик статистика | |||||
5.4 | Гендерлик жагынан бөлүштүрүлгөн көрсөткүчтөрдүн маалыматтык базасын кеңейтүү | Улутстатком | 010 | Маалыматтык базасы | |
5.5 | Гендерлик статистиканын актуалдуу маселелери боюнча тандалма изилдөө жүргүзүү | Улутстатком | 2010 | Тандалма изилдөө | |
Дене тарбия жана спорт статистикасы | |||||
5.6 | Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формаларын жакшыртуу | Улутстатком, КРдин Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 2010- 2014 | Статистикалык отчеттуулук | |
Билим берүү жана илим статистикасы | |||||
5.7 | Билим берүү мекемелеринин ишмердигине статистикалык байкоо жүргүзүүнүн унификацияланган бирдиктүү электрондук системасын түзүү | Улутстатком, Билим берүү жана илим министрлиги | 2010- 2014 (этап менен) | Статистикалык байкоонун электрондук системасы | |
Маданият жана искусство статистикасы | |||||
5.8 | Маданият статистикасынын азыркы маалыматтык камсыздоосун жана көрсөткүчтөр системасын талдоо; маданият чөйрөсүндө статистикалык байкоону жакшыртуунун методологиялык негиздери | Улутстатком, КРдин Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги | 2010- 2014 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасы | |
Турак жай фондунун жана коммуналдык чарба ишмердигинин статистикасы | |||||
5.9 | 2009-ж. эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын тематикалык маселелер боюнча талдоо | Улутстатком | Уюштуруу план боюнча | Талдоо материалы | |
Туризмдин статистикасы | |||||
5.10 | Туристтик объектилердин (жайгашуунун коллективдик каражаттарынын) тейлөөлөрүнөн пайдаланган адамдарга бир жолку статистикалык байкоо жүргүзүү, статистикалык жабдууларды даярдоо | Улутстатком | Уюштуруу план боюнча | Тандалма изилдөө | |
Кылмыштуулуктун жана укук бузууларынын статистикасы | |||||
5.11 | Статистикалык көрсөткүчтөрдүн маалыматтык базасын кеңейтүү | Улутстатком, КРдин ИИМ, КРдин Башкы прокуратура- сы (макулдашуу боюнча), КРдин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы | 2010- 2014 | Маалыматтык базасы | |
5.12
| Зомбулук маселеси боюнча тандалма изилдөө жүргүзүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Тандалма изилдөө | |
Жаратылыш ресурстардын жана айлана чөйрөнү коргоонун статистикасы | |||||
5.13 | Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия (ЧЕКБА) өлкөлөрүндө экологиялык көрсөткүчтөрдө колдонуунун Жетектөөчү принциптерине ылайык, айлана чөйрөнү коргоонун статистикалык көрсөткүчтөрүнүн комплекстүү системасын иштеп чыгуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасы | |
6. Региондук статистика | |||||
6.1 | Статистиканын аймактык органдарынын материалдык- техникалык базасын бекемдетүү | Улутстатком, жергиликтүү мамадминист- рациялар (макулдашуу боюнча) | 2010- 2014 (этап боюнча) | Тажрыйбалык аракеттер | |
6.2 | Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн өзгөрүү шартында маалыматтык агымдарды өркүндөтүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
6.3 | Маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүү үчүн колдонулган чөлкөмдүк социалдык-экономикалык индикаторлордун системасын актуалдаштырууну камсыз кылуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасы | |
6.4 | Чөлкөмдүк дүң продукттун (ЧДП) салыштырмалуу баа менен эсептөөсүн камсыз кылуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
Ишке ашыруу формасы | |||||
7. Эл аралык кызматташтык | |||||
7.1 | Мамлекеттик статистика өнүгүүсүнүн артыктуу багыттары боюнча долбоордук сунуштарды уюштуруу жана даярдоо | Улутстатком | 2010- 2014 | Иштетилген долбоорлор | |
7.2 | Эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдар, улуттук статистикалык кызматтар менен кызматташтыкты уюштуруу | Улутстатком, улуттук статистика- лык кызматтар | 2010- 2014 | Тажрыйбалык аракеттер | |
7.3 | Эл аралык, экономикалык жана статистикалык уюмдарды маалымат менен камсыз кылууну уюштуруу | Улутстатком | 2010- 2014 | Маалыматтарды көрсөтүү | |
8. Администрациялык жана кадрлык камсыздоо | |||||
Кесиптик деңгээлди жогорулатуу | |||||
8.1. | Мамлекеттик статистика органдарында иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу жана аларды даярдоо максатында статистиканын ар кайсы тармактары боюнча үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн заманбап системасын түзүү | Улутстатком | 2010 | Окутуу программалары | |
8.2 | Мамлекеттик статистиканын облустук, шаардык жана райондук органдарынын бардык деңгээлдеринде адистерди окутуу | Улутстатком | 2010- 2014 | Окутуу программалары | |
8.3 | Программалык-технологиялык камсыздоо, алдыңкы маалыматтык- коммуникациялык технологияларды тажрыйбага киргизүү маселелери боюнча мамлекеттик статистика органдарынын адистерин туруктуу стажировкадан өткөрүү | Улутстатком | 2010- 2014 | Семинарларды өткөрүү планы | |
Администрациялык камсыздоо | |||||
8.4 | Кадрларга болгон талапты аныктоо: - мамлекеттик статистика органдарын квалификациялуу жана компетенттүү кадрлар менен камсыз кылуу; - техникалык жана маалыматтык камсыздоонун (ТМК) заманбап системасынын негизинде кадрлык процесстерин башкарууну өркүндөтүү; - мамлекеттик статистиканын аймактык органдарында иштеген кадрлардын автоматташтырылган эсебин түзүү; - кадрлык кыймылдардын системасын түзүү (ротация), кадрлардын резервин түзүү; - кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана аларды даярдоо системасын эл аралык стандарттар боюнча өркүндөтүү | Улутстатком, Кыргыз мамлекеттик улуттук университет (макулдашуу боюнча), КРдин Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | 2010- 2014 | Иш-чаралар планы | |
9. Программанын мониторинги | |||||
9.1 | Программанын мониторинги | Улутстатком | Жарым жылда 1 жолу | Иш жөнүндө отчет
| |
|
|
|
|
|
|