Сравнение редакций…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Документтерди берүүнүн тартиби
3. Компенсация төлөө тартиби
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыс зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге компенсация чектөөнүн жана республикалык бюджеттин каражатынан төлөөнүн эрежесин белгилейт.
1.3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге карата гана колдонулат.
1.4. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 28-июнундагы № 33 "Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыс зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому жана башка нормативдик укуктук актылар менен аныкталат.
1.5. Социалдык жардам Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге акчалай эмес эсептешүү менен көрсөтүлөт.
2.1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттердин тизмесин райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары түзүшөт.
2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаарларда жана райондордо):
- компенсация алуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүнө беришет жана алар менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компанияларына беришет;
- квартал сайын мониторинг жүргүзүшөт жана анын натыйжасы боюнча такталган тизмелерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүнө беришет жана алар менен макулдашкандан кийин бөлүштүрүүчү электр компанияларына беришет.
2.3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттердин берилген тизмесине ылайык керектелген электр энергиясы үчүн компенсация алууга эсептөөлөрдү түзүшөт, керектелүүчү акча каражаттарын аныкташат жана бөлүштүрүүчү электр компаниялары менен макулдашып, райондун (шаардын) жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы бекиткенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиркелген № 1 формага ылайык беришет.
2.4. Берилген керектөөлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге компенсация төлөө үчүн акча каражатынын көлөмүн аныктайт.
2.5. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттер үчүн компенсация алуучуларынын тизмеси тиешелүү жылга бир жолу түзүлөт.
2.6. Тизмелерди тариздөөгө жана берилген документтердин тууралыгына жеке жоопкерчиликти айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары тартат.
3.1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аймактык финансылык бөлүмчөлөрдүн берилген эсептөөлөрүнө ылайык ай сайын акча каражатын бөлөт.
3.2. Акча каражаттары казыналыктын региондук бөлүмчөлөрүнө түшкөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган тургундарга керектелген электр энергиясына компенсация төлөө үчүн акча каражаттарынын түшкөндүгү жөнүндө райондук жана шаардык аймактык финансылык бөлүмчөлөргө кабарлайт.
3.3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансылык бөлүмчөлөрү өз алдынча башкаруу органдары берген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге компенсация берүү үчүн бөлүштүрүүчү энергетика компанияларга финансы каражаттарын бөлүштүрөт.
3.4. Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компаниялары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бөлүп көрсөтүп, абоненттерге (керектөөчүлөргө) төлөө үчүн квитанцияларды (билдирмелерди) беришет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансылык бөлүмдөрүнө төлөө үчүн эсептерди ай сайын беришет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген тизмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган жашоочуларына колдонулган электр энергиясы үчүн карызды эсептелген суммага тындырышат;
- берилген тизмеге ылайык (ар бир абонент боюнча) колдонулган электр энергиясы үчүн карызды жойгондугу жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансылык бөлүмчөлөрүнө ай сайын беришет;
- ар бир төлөм үчүн карызды жоюуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген тизме боюнча так жүргүзүшөт.
3.5. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган жашоочуларына колдонулган электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын өз убагында которуу үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлөт.
№ 1 форма
Бекитилди
Район же шаар башчысы
Колу жана мөөрү
┌──────────────────┬───────────────┬────────┬─────────────────────────┐
│Региондун аталышы │ Алуучулардын │ Жылдык │ Анын ичинде кварталдар │
│ │(абоненттердин)│керектөө│ боюнча: │
│ │ саны │ ├────┬────┬─────┬────┬────┤
│ │ │ │ I │ II │ III │ IV │ │
├──────────────────┼───────────────┼────────┼────┼────┼─────┼────┼────┤
│Район, анын │ │ │ │ │ │ │ │
│ичинде: │ │ │ │ │ │ │ │

│Айыл өкмөтү │ │ │ │ │ │ │ │

└──────────────────┴───────────────┴────────┴────┴────┴─────┴────┴────┘
Колу жана мөөрү
Финбөлүмдүн начальниги
Бөлүштүрүүчү электр
компаниясынын начальниги
|
|
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Документтерди берүүнүн тартиби
3. Компенсация төлөө тартиби
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыс зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге компенсация чектөөнүн жана республикалык бюджеттин каражатынан төлөөнүн эрежесин белгилейт.
1.3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге карата гана колдонулат.
1.4. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 28-июнундагы № 33 "Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыс зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому жана башка нормативдик укуктук актылар менен аныкталат.
1.5. Социалдык жардам Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге акчалай эмес эсептешүү менен көрсөтүлөт.
2.1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттердин тизмесин райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары түзүшөт.
2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаарларда жана райондордо):
- компенсация алуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүнө беришет жана алар менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компанияларына беришет;
- квартал сайын мониторинг жүргүзүшөт жана анын натыйжасы боюнча такталган тизмелерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүнө беришет жана алар менен макулдашкандан кийин бөлүштүрүүчү электр компанияларына беришет.
2.3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттердин берилген тизмесине ылайык керектелген электр энергиясы үчүн компенсация алууга эсептөөлөрдү түзүшөт, керектелүүчү акча каражаттарын аныкташат жана бөлүштүрүүчү электр компаниялары менен макулдашып, райондун (шаардын) жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы бекиткенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиркелген № 1 формага ылайык беришет.
2.4. Берилген керектөөлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттерге компенсация төлөө үчүн акча каражатынын көлөмүн аныктайт.
2.5. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган абоненттер үчүн компенсация алуучуларынын тизмеси тиешелүү жылга бир жолу түзүлөт.
2.6. Тизмелерди тариздөөгө жана берилген документтердин тууралыгына жеке жоопкерчиликти айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
3.1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берилген эсептөөлөргө ылайык квартал сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын казыначылыктын региондук бөлүмдөрүндөгү эсептерге акча каражатын бөлөт.
3.2. Казыначылыктын региондук бөлүмдөрүнө акча каражаты түшкөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансы бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган тургундарына керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөөгө акча каражаты түшкөндүгү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирет.
3.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансы каражатын бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар боюнча Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттерине керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө үчүн тизмеге ылайык бөлүштүрүшөт.
3.4. Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компаниялары:
- электр энергиясын керектөөнүн белгиленген нормаларына ылайык бөлүүнү көрсөтүү менен абоненттерге (керектөөчүлөргө) төлөөгө квитанцияларды беришет;
- ай сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төлөөгө эсептерди беришет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган тургундарына керектелген электр энергиясы үчүн которулган суммага карыздарын жоюшат;
- ай сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдарына берилген тизмеге ылайык (ар бир абонент боюнча) керектелген электр энергиясы үчүн карыздарды жойгондугу жөнүндө маалыматтарды берип турушат;
- карыздарды жоюуну ар бир төлөмгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген тизмесине так ылайыкта жүргүзүшөт.
3.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансы бөлүмдөрүнө берилген тизмелерге ылайык карыздардын жоюлгандыгы, калдыктар жана керектелген энергиясы үчүн карыздар жөнүндө маалыматтарды берип турушат;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган тургундарына керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын өз учурунда которууга жеке жоопкерчилик тартышат.