Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-августундагы №173 токтому менен бекитилди |
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тартиби
1. Ушул Тартип Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында иштеп чыгылган.
2. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынан 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө көрсөтүлөт.
2.1. Бир жолку акчалай жөлөкпул алууга укуктуу каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- каза болгондун аялы (күйөөсү);
- эгерде каза болгон никеде турбаган учурда, ата-энесинин бири.
Эгерде каза болгон никеде турбаган жана ата-энеси болбогон учурда, бир жолку акчалай жөлөкпул, каза болгон менен туруктуу бирге жашап турган, туугандык мамилелер менен байланышкан, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине төлөнөт.
2.2. Башка 2.1-пунктта каралбаган учурларда, туугандыкты аныктоо, курамына төмөнкүлөр кирген комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлеринин орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик социалдык камсыз кылуу агенттигинин директорлорунун орун басарлары комиссиянын мүчөлөрү болуп саналышат.
2.3. Материалдар комиссиянын жыйналышына зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик социалдык камсыз кылуу агенттиги тарабынан киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн тизмелердин негизинде жүргүзүлөт.
3.1. Каза болгон жарандардын тизмелери фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, жашаган жерин, паспорттук маалыматтарын (же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номурун), өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номурун, 2.1-пунктка ылайык туугандарынын фамилиясын, атын, атасынын атын жана паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен түзүлөт.
3.2. Каза болгон жарандардын тизмелеринин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу өзгөчө кырдаалдарда медициналык кызматтардын тез аракеттерин уюштуруу боюнча ыкчам штабдын начальнигинин колу коюлуп, күнү көрсөтүлүп, мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
3.3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тизмелердин бирден нускасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик социалдык камсыз кылуу агенттигине берет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик социалдык камсыз кылуу агенттиги өлгөнгө бир жолку акчалай жөлөкпул алган туугандардын тизмесин түзөт.
5. Каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө бир жолку акчалай жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тизмелерине ылайык социалдык коргоо органдарынын аймактык кассалары аркылуу төлөнөт.
6. Арыздануучунун каалоосу боюнча, анын жеке арызынын негизинде бир жолку акчалай жөлөкпулдун суммасы банктагы эсепке которулуп берилиши мүмкүн.
7. Бир жолку акчалай жөлөкпулду алыш үчүн каза болгондордун туугандары, жашаган жерлери боюнча аймактык социалдык коргоо органдарына төмөнкү документтерди көрсөтүүлөрү керек:
- арыз;
- жашаган жерин көрсөтүү менен (катталуусу боюнча), арыздануучунун инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн;
- паспорттун (18 жашка жетелек адамдар туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) көчүрмөсүн;
- аскердик билеттин көчүрмөсүн, милдеттүү түрдө түпнускасын көрсөтүү менен айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, ошондой эле МКК ККД алдын ала текшергенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин (МКК ККД) поспорттук бөлүмчөсү тарабынан берилген инсандык убактылуу күбөлүгүн;
- арыздануучунун каза болгон же өлгөн менен туугандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн (күйөөсү же аялы өлгөндө - никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн);
- соттук-медициналык корутундунун көчүрмөсүн жана нотариус же айылдык округдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн.
8. Бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөдө райондук коэффициент колдонулбайт.
9. Бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө боюнча талаш-тартыш маселелер сот тартибинде чечилет.