Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-августундагы №173 токтому менен бекитилди |
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларынын убагында дайынсыз жоголгон жарандардын балдарына убактылуу социалдык стипендия берүүнүн тартиби
Ушул Тартип Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларынын убагында дайынсыз жоголгон жарандардын балдарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында иштеп чыгылган.
1. 2010-жылдын июнунда дайынсыз жоголгон жарандардын балдарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында тийешелүү райондун, шаардын ички, иштер органдары жоголгон тууралуу акыркы маалыматтардын күнүн көрсөтүү менен, раймамадминистрациянын (Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларынын) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө (мындан ары - ҮБКБ) жоголгон жарандардын тизмелерин жиберет.
2010-жылдын июнунда жоголгон жарандар жөнүндө жаңы маалыматтар түшкөн учурда, жаңыланган тизмелер ҮБКБ ар жума сайын (жаңы жуманын ар бир дүйшөмбүсүндө) жиберилет.
2. ҮБКБ ички иштер органдарынан жоголгон жарандардын тизмелери алынган учурдан тартып, 3-жумушчу күндүн ичинде, алардын үйүнө чыгуу менен, үй-бүлөнү жоголгон жарандын турган жери аныкталганга чейин, алар 18 жашка чыкканча балдарына убактылуу социалдык стипендия алууга укуктуу экенин кабарландырат.
3. Убактылуу социалдык стипендия жалпы көлөмдө үй-бүлөгө дайындалат жана анын жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине жол-жоболоштурулат.
4. Убактылуу социалдык стипендия алууга жоголгон жарандын өзүнүн жашы жетелек жана асырап алган, 18 жашка чыга элек балдары укуктуу.
5. Үй-бүлөгө барганда, ҮБКБ кызматкери ушул Тартипке карата 1-тиркемеге ылайык, төмөнкүлөргө убактылуу социалдык стипендия чектөө жөнүндө арызды толтурууну сунуш кылат:
- жоголгон жарандын аялына (күйөөсүнө);
- эгерде жоголгон жарандын балдары гана калган учурда - жашы жеткен улуу баласына;
- эгерде жашы жетелек балдар комкордукка\көзөмөлчүлүккө алынган учурда - камкорчуга\көзөмөлчүгө.
- эгерде жашы жетелек балдардын үстүнөн камкордук\көзөмөлчүлүк жол-жоболоштурулбаган учурда - ҮБКБ балага комкордук дайындоону артыкчылыктуу тартипте карайт.
6. Убактылуу социалдык стипендияны дайындоо жөнүндө арыз топтурулгандан кийин, арыздануучуга ушул Тартипке карата 2-тиркемеге ылайык жол-жоболоштурулган тилкат берилет.
Тилкатта, жоголгон жаран келген же жүргөн жери табылган учурда, арыздануучу 5 күндүк мөөнөттө раймамадминистрациянын (мэриянын) ҮБКБ кабарландыруусу тийиш болгон раймамадминистрациянын (мэриянын) ҮБКБ дареги жана телефону көрсөтүлүшү керек.
7. Убактылуу социалдык стипендияны дайындоо жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:
- арыздануучунун паспорту же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документ (ҮБКБ кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө);
- жашаган жеринен маалымдама;
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (ҮБКБ кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр);
- комкордукка\көзөмөлчүлүккө алуу жөнүндө чечим (убактылуу социалдык стипендия үчүн жашы жетелектин камкорчусу\көзөмөлчүсү кайрылган учурда - ҮБКБ кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө).
8. Убактылуу социалдык стипендияны дайындоо жөнүндө маселелер раймамадминистрациядагы (мэриядагы) социалдык маселелер боюнча комиссияда каралат.
9. Маселе комиссияда оң каралганда раймамадминистрация (мэрия) 2010-жылдын июнунда дайынсыз жоголгон жарандардын балдарына алты айлык мөөнөткө убактылуу социалдык стипендия дайындоону жүргүзөт.
10. Убактылуу социалдык стипендиянын көлөмү он эсептик көрсөткүчтү түзөт.
11. Бийик тоолуу жана алыскы чөлкөмдөрдүн жашоочуларына убактылуу социалдык стипендия райондук коэффицинети эсепке алуусуз дайындалат.
12. Убактылуу социалдык стипендияны төлөө ай сайын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрияларын финансылык бөлүмдөрү аркылуу, раймамадминистрациялардын финасылык бөлүмдөрү тарабынан ведомостор боюнча жүзөгө ашырылат.
13. Убактылуу социалдык стипендияны төлөөгө ведомосттордо төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
- убактылуу социалдык стипендияны алуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- дайынсыз жоголгон жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты;
- убактылуу социалдык стипендияны алуучунун жашаган дареги;
- төлөнгөн убактылуу социалдык стипендиянын жалпы суммасы;
- убактылуу социалдык стипендия алынган айлар;
- убактылуу социалдык стипендия алынган күн;
- алуучунун колу.
14. Убактылуу социалдык стипендиялар алынган ведомосттор өзүнчө папкада тигилет.
15. Жоголгон жаран келген же жүргөн жери табылган учурда, ички иштер органдары ушул факты жөнүндө 5 күндүн ичинде ҮБКБ кабарландырууга милдеттүү.
16. Жоголгон жаран келген же жүргөн жери табылган же өлүгүн тапкан учурда, маалыматтын булагына (ички иштер органдары, туугандары, ж.б.) карабастан, убактылуу социалдык стипендияны төлөө жоголгон жарандын жүргөн жери табылган андан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
17. Жоголгон жарандын жүргөнү жөнүндө маалыматтар болбогон күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин, ҮБКБ жоголгондун туугандары менен макулдашуу боюнча жаранды өлгөн деп таануу жөнүндө сотко кайрылат.
18. Өлгөнү жөнүндө күбөлүк жана соттун тийешелүү чечими алынганда өлгөн деп таанылган жарандын үй-бүлөсүнө, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында, социалдык колдоо көрсөтүлөт.
19. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм өзүнүн ишмилдеттерин аткаруу үчүн контрактарды түзүү жолу менен башка уюмдарды тартууга укуктуу.
20. Социалдык стипендияларды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21. Раймамадминистрациялар, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары убактылуу социалдык стипендияларды каржылоого билдирмелерди ай сайын түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.
22. Убактылуу социалдык стипендияларды төлөөнүн отчеттуулугу жана көзөмөлү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
| Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларынын убагында жоголгон жарандардын балдарына убактылуу социалдык стипендия берүүнүн Тартибине карата 1-Тиркеме |
Мен _______________________________________________________________________
(арыздануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________________________ дареги боюнча жашоочу
менин _________________________________________________________________________
(күйөөм, аялым, атам, энем - керегин жаз)
_______________________________________________________________________________
(жоголгондун фамилиясы, аты, атасынын аты)
убактылуу жоктугун компенсациялоочу убактылуу социалдык стипендия дайындоону өтүнөм, жоголгондун жүргөн жери аныкталган учурда, 5 күндүн ичинде мамадминистрациянын үй-бөлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кабарлоого милдеттенем.
Арыздануучунун колу _______________ арыз толтурулган күн ________
| Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларынын убагында жоголгон жарандардын балдарына убактылуу социалдык стипендия берүүнүн Тартибине карата 2-Тиркеме |
Мен ___________________________________________________ убактылуу социалдык стипендияны төлөөнүн бардык шарттары менен тааныштым жана убактылуу социалдык стипендияны төлөөгө таасир этүүчү жагдайлар өзгөрүлгөн учурда, 5 күндүк мөөнөттө раймамадминистрациянын ҮБКБ кабарландырууга милдеттенем. Күнү арыздануучунун колу _________ арыздануучунун колу _______________
Раймамадминистрациянын ПБКБ дареги: ________________________________________ Раймамадминистрациянын ПБКБ телефону: ______________________________________ (маалыматты рай(шаар)мамадминистрациянын ПБКБ адиси толтурат) |