Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы 295 токтому менен бекитилген |
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында курулган турак жайды менчик укугуна берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. 2010-жылдын июнунда үйлөрү талкаланган Кыргыз Республикасынын жарандары; жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, ошондой эле Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында каза болгон, дайынсыз жоголгон адамдардын балдары (мындан ары - жарандар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмесине ылайык турак жайды биринчи кезекте алууга укуктуу.
3. Жарандар турак жайды биринчи кезекте алууга өтүнүч бергенде, аларга менчик укугунда тиешелүү болгон жер участоктору талкаланган турак жай үйлөрү жана курулмалары менен муниципалдык менчикке ыктыярдуу түрдө белгиленген тартипте өткөрүп берилет.
4. Жарандар өздөрүнө менчик укугунда тиешелүү болгон жер участокторун муниципалдык менчикке ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүүдөн баш тарткан учурда аталган адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы N 164 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жабыр тарткан адамдарга объекттерди курууга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык жеке турак жай үйүн калыбына келтирүү же куруу үчүн ссуда алууга укуктуу.
5. Көп квартиралуу үйлөрдөн (квартиралар: 1 бөлмөлүү, 2 бөлмөлүү, 3 бөлмөлүү) берилүүчү турак жайдын жалпы аянты талкаланган турак үйдүн жайгашкан жери боюнча катталган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша аныкталат, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бир адам үчүн турак жай аянтынын нормалары эске алынат.
6. Бир категориядагы жарандардын арыздарын кароодо биринчи кезек үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына, үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнүн санына (багуучусуна), үй-бүлөдөгү 1, 2-топтогу майыптардын бар экендигине жараша аныкталат.
7. Турак жайды биринчи кезекте алуу үчүн арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү;
- жер участогун ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү жөнүндө арыз, ага үй-бүлөнүн жашы жеткен бардык мүчөлөрү кол коет (жер участогу бар болсо);
- жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат же үй китебинен көчүрмө (бар болсо);
- Жер участогуна менчик укугу жөнүндө актынын көчүрмөсү (бар болсо);
- 2010-жылдын июнундагы окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиянын изилдөө актысы;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен турак жайсыз калгандыгы же турак жайы талкалангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымкаты;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен үй-бүлө мүчөсү каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрү үчүн);
- 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен майып болгондугу жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкаты (майып болгон адамдар үчүн);
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен үй-бүлө мүчөсүн дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими (туугандары дайынсыз жоголгон үй-бүлө мүчөлөрү үчүн).
8. Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын кезегинин тизмесин түзүүнү балдардын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү жок болгон учурда балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жарандар берген арыздардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү комиссиялар (мындан ары - комиссиялар) жүргүзөт.
9. Комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү кеңештердин чечими менен түзүлөт жана бекитилет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү киргизилет:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнүн;
- жабыр тарткан адамдардын өкүлдөрү;
- жарандык коомчулуктун (ӨЭУ) өкүлдөрү.
10. Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын же жарандардын турак жайды биринчи кезекте алуу үчүн арыз берүүсүнүн фактысын комиссия эсепке алуу журналына каттайт.
11. Комиссия жыйындарын мезгилдүү, бирок 10 күндө бир жолудан кем эмес өткөрөт.
12. Комиссия балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардан же жарандардан түшкөн арыздарды белгиленген тартипте изилдейт жана чечим кабыл алат, бул чечим тиешелүү протокол менен таризделет, чечим комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү бар болгондо көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
13. Комиссиялардын протоколдору ушул Жобонун 7-пунктунда аталган арыздар жана документтер тиркелип, Мамкомиссиянын жактыруусуна 3 жумушчу күндүн ичинде жиберилет.
14. Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар жарандарга турак жай берүү жөнүндө комиссиянын Мамкомиссия жактырган чечими турак жайды жарандын менчигине берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кабыл алууга негиз болуп эсептелет.
15. Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар жарандардын арыздарын кароонун натыйжаларын Мамкомиссия чечим кабыл алгандан кийин 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде комиссиялар жарандарга маалымдайт.
16. 2010-жылдын июнунда үйлөрү талкаланган жарандарга турак жайды менчикке берүү турак жайды жер участогуна алмашуу келишимин түзүү жолу менен таризделет, ал келишим жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү органда катталууга тийиш.
17. Комиссиянын чечимине каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттануу берилиши мүмкүн.
18. 2010-жылдын июнь окуяларында документтер жоголуп кеткендигинин айынан документтери жок болсо жана аларды арыз берүү учурунда калыбына келтирүүгө мүмкүндүк болбосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий түрдө кайрылуу жолу менен жарандарга документтерди калыбына келтирүү же аталган фактыларды ырастоо үчүн көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.