| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230, 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. КМБМСтан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды
берүүнүн тартиби
III. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз
мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби
IV. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан каттоо ишинен
документтердин көчүрмөсүн берүүнүн тартиби
1-тиркеме. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо
жөнүндө маалымкат
2-тиркеме. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо
жөнүндө маалымкат
3-тиркеме. Кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкат
4-тиркеме. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик
реестринен көчүрмө
5-тиркеме. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүдөн баш
тартуу жөнүндө корутунду
6-тиркеме. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүдөн баш
тартуу жөнүндө билдирүү
7-тиркеме. Жергиликтүү каттоо органынан кыймылсыз мүлк
жөнүндө маалымат алууга арыз
8-тиркеме. Кыймылсыз мүлк бирдиги тууралуу арызды кабыл алууну
жана маалымат берүүнү каттоо журналы
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (мындан ары - КМБМС) кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин (мындан ары - Департамент) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыймылсыз мүлктүн бирдигине болгон укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык берилет.
II. КМБМСтан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби
3. Катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар КМБМСтан онлайн режиминде Департаменттин Интернет-порталы аркылуу берилет, мында идентификациялоо системасы, суроо-талаптарды аутентификациялоо жана ыйгарым укуктарды текшерүү колдонулат.
4. КМБМС - кыймылсыз мүлккө укуктардын автоматташтырылган реестри.
5. Катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар КМБМСтан бир жолку жана келишимдик негизде, колдонуучуну автордоштуруу жолу менен берилет.
6. КМБМСтан онлайн режиминде төмөнкүдөй маалымат берилиши мүмкүн:
- Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө, бул көчүрмөдө "Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтар камтылат (4-тиркеме);
- кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар жөнүндө маалымат;
"- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат (9-тиркеме) кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар.
- кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары;
- кыймылсыз мүлк рыногунун анализи;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кыймылсыз мүлк жөнүндө башка маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук жок болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
6-2. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук бар болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Айрым адамдын кыймылсыз мүлкүнө болгон укугу жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтар "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аталган адамдарга берилет.
8. Департамент көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын наркы (кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар, маалымкаттар жана КМБМСтан көчүрмөлөр) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин белгиленген тартипте бекитилет.
9. КМБМСтан маалыматтар акы төлөө негизинде берилет.
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар (кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар, маалымкаттар жана КМБМСтан көчүрмөлөр) КМБМСти күтүүгө жана өнүктүрүүгө жумшалат.
III. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби
11. Белгиленген үлгүдөгү арыздын бланкында (7-тиркеме) берилгенде кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар маалымкаттар жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр түрүндө жергиликтүү каттоо органдары тарабынан берилет.
12. Маалыматтар белгиленген формадагы бланкта, суроо-талап берилген кыймылсыз мүлктүн каттоо ишиндеги маалыматтарга ылайык берилип, жергиликтүү каттоо органынын каттоочусу тарабынан таризделип, ага ыйгарым укуктуу адамдар кол коюп, жергиликтүү каттоо органынын мөөрү менен ырасталат. Укук ээсинин же анын ишенимдүү адамынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча каттоо карточкасы карап чыгуу үчүн жергиликтүү каттоо органынын каттоочусу тарабынан берилет.
13. Маалыматтарды берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Акы төлөө арыз берилгенде жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция арызга тиркелет.
14. Жергиликтүү каттоо органы суралып жаткан маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган монополияга каршы орган менен макулдашып аныктаган мөөнөттө арыз ээсине берет же негиздүү баш тартууну жазуу жүзүндө (6-тиркеме) берет. Суралган маалыматтарды берүүдөн баш тартуу арыз ээси тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жергиликтүү каттоо органдары берүүчү маалыматтар маалымат берүү учуруна карата кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
16. Кыймылсыз мүлктүн мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар акыркы техникалык иликтөөнүн учуруна карата алынган маалыматтарды чагылдырат.
17. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө документ болуп эсептелет, ал кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастайт жана өзүн күбөлөндүргөн документти көрсөткөн адамга жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.
Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө пособиелерди, жеңилдиктерди алуу, кыймылсыз мүлк бирдиктерине болгон менчик укугун ырастоо жана башка максаттар үчүн берилет..Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө учурдагы иликтөөсүз эле берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
18. (Биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат (№ 3 форма, 3-тиркеме) жергиликтүү каттоо органынын маалыматы боюнча арыз ээсинде кыймылсыз мүлккө болгон катталган укугу жок болгон учурда берилет. Эгерде жергиликтүү каттоо органынын архивинде арыз ээсинин атына документтер бар болуп, бирок алар мамлекеттик каттоодон өтпөсө, анда берилүүчү маалымкатта бул жөнүндө эскертүү түрүндө жазылат.
Жер участогунун иш жүзүндөгү аянтынын же курулманын негизги аянтынын укукту белгилөөчү документте аталган аянтка туура келбей калышы, жеке менчиктеги жер участогунда кыймылсыз мүлктүн арналышын өзгөртпөгөн кошумча курулмалардын, чарбалык курулмалардын курулушу жана курулмаларды реконструкциялоонун жүргүзүлүшү маалымкатты берүүдөн баш тартууга негиз болуп эсептелбейт.
19. Мурда техникалык инвентаризациялоо бюросунун (ТИБ) органында катталып, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле маалыматтарды берүү учурунда системалуу каттоосу аяктай элек кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалымат Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин гана берилет.
Укук ээсинин суроо-талабы боюнча жергиликтүү каттоо органы ошол укук ээсинин укугу бар кыймылсыз мүлк объектти жөнүндө маалыматтарды алган адамдар тууралуу маалыматтарды берет.
Салык салуу максаттары үчүн арыз ээсинин суроо-табалы боюнча кыймылсыз мүлктүн бааланган наркы жөнүндө маалыматтарды, ушул кыймылсыз мүлккө болгон мурда каттоодон өткөн укуктар жөнүндө маалыматтарды, кыймылсыз мүлктүн кадастрдык планынын көчүрмөлөрүн кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык маалыматтарды жергиликтүү каттоо органы берет.
20. Белгиленген үлгүдөгү бланкта кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү тууралуу келип түшкөн арыздар жана маалыматтарды берүү кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу арыздарды жана ал маалыматтарды берүүнү каттоо журналына (8-тиркеме) катталат. Кириш каттар боюнча келген, маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар, ошондой эле алар боюнча берилген маалыматтар жергиликтүү каттоо органынын жалпы бөлүмүндө катталат. Маалымат берүү тууралуу суроо-талап жалпы бөлүм аркылуу түшкөндө, суроо-талап жалпы бөлүмдүн түшкөн документтер журналына катталат жана документтерди кабыл алуу жана берүү залына документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адиске токтоосуз берилет.; Ошол эле учурда жеке жактардын суроо-талаптарын кошпогондо, маалымат алуу жөнүндө суроо-талаптар төмөнкүдөй болууга тийиш:
- фирмалык бланкта болушу, же бурчтук штамп коюлушу керек;
- чыгыш номуру жана датасы болушу керек;
- суроо-талап берген органдын жетекчиси кол коюшу керек;
- суроо-талап негиздүү болушу керек.
Жергиликтүү каттоо органынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арыз, берилген маалыматтан көчүрмөсү, кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду (5-тиркеме) маалымат берилген кыймылсыз мүлктүн объектисинин каттоо ишине тиркелет, ал эми ал жок болсо, өзүнчө папкага тиркелет.
21. Каттоонун автоматташтырылган системасы (КАС) киргизилген жергиликтүү каттоо органдарында арыздар кабыл алынып, ал эми кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арыздарды жана берилген маалыматтарды каттоо журналы (8-тиркеме) электрондук түрдө жүргүзүлөт.
22. Маалымат берүү мөөнөтү сакталбаган учурда арыздын өз убагында аткарылбай калышына күнөөкөр адис кызматтык милдеттерин бузгандыгы үчүн тартип жоопкерчилигин тартат (арыздын өз убагында аткарылбай калышынын себептери жөнүндө түшүнүк кат каттоо ишинде сакталат). Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган монополияга каршы орган менен макулдашып аныктаган мөөнөттүн коэффициенти бар иштердин мөөнөттөрү сакталбаган учурда айырма кардарга милдеттүү түрдө кайтарылып берилет, мында аткарылган иштердин көлөмү жана мөөнөтү эске алынат.
23. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.
IV. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан каттоо ишинен документтердин көчүрмөсүн берүүнүн тартиби
24. Каттоо ишинен документтердин көчүрмөсү берилген арыздын негизинде (7-тиркеме), "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдарга берилет.
Каттоо ишиндеги документтерден алынган көчүрмөлөргө "Көчүрмө туура" деген жазуу жазылат. Документтердин көчүрмөсүнө башкармалыктын негизги каттоочусу кол коюп, ал жергиликтүү каттоо органынын мөөрү менен ырасталат.
1-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап
6 айдын ичинде жарактуу
№ 1 форма
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө
МААЛЫМКАТ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап
6 айдын ичинде жарактуу
№ 2 форма
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө
МААЛЫМКАТ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап 6 айдын ичинде жарактуу
№ 3 форма Кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкат
Берилет _____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) __________________________________________________ жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын маалыматы боюнча _______________________________________________________________________ ________________________________________ кыймылсыз мүлк катталган эмес. (арыз ээсинин аты-жөнү)
Эскертүү:
|
4-тиркеме
Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө
Берилет _____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________ (маалымат сурап жаткан жеке жактын аты-жөнү, ____________________________________________________________________________ юридикалык жактын толук аталышы)
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду____________________________________________________________________________
Дареги:_____________________ облусу _______________________ району __________________________________________________________ айыл округу, калктуу конуштун аталышы ______________________________________________ ____________________________________ көчөсү, № _________ кв. № ________ Кыймылсыз мүлктүн түрү ________________________________________________
Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө маалымат
Жалпы менчиктеги жер участогуна укук жөнүндө маалымат
Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары жөнүндө маалымат
Кыймылсыз мүлк бирдигине татаалдыктардын (чектөөлөрдүн) жоктугу же бардыгы жөнүндө маалымат
МО
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5-тиркеме
__________________________________________________________________ Жергиликтүү каттоо органынын аталышы
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартуу жөнүндө КОРУТУНДУ
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду ____________________________ ____________________________________________________________________________ Дареги: ____________________ облусу ___________________________________________ району айыл округу ___________________________________________________________ калктуу конуштун аталышы _____________________________________________________ ____________________________________ көчөсү № _______ № ______ квартира 20__-жылдын «__»______________ № _____ арызы боюнча берилген документтерди кароонун жыйынтыгында, төмөнкүлөрдүн негизде маалымат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды: ____________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________
|
6-тиркеме
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду _____________________________ Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги ____________________________________________ _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________ Ушуну менен арыз ээсине билдиребиз ____________________________________________ _____________________________________________________________________________ (аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы) 20__-жылдын «__» _______________ № ______________ арызы боюнча берилген документтерди кароонун жыйынтыгында, _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________ негизинде МААЛЫМАТ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ жөнүндө чечим кабыл алынды.
МО
|
7-тиркеме
Жергиликтүү каттоо органынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат алууга арыз
Жеке жак үчүн: Арыз ээсинин аты-жөнү: ______________________________________________________ Жашаган жери (дареги): _________________________ тел. __________________________ Өзүн күбөлөндүрүүчү документ: түрү ___________ сериясы № _________ берилген __________________________________ берилген күнү _____________ ____-жылдын «__» _________________________ ишеним каттын негизинде _____________________________ атынан иштеген
Юридикалык жак үчүн: Юридикалык жактын толук аталышы ____________________________________________ Күбөлүктүн каттоо номери ________________________________ почталык дареги ____________________________________________ тел. ______________ Аты-жөнү (жетекчинин же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) ________________ _______________________________________________________________________ негизинде (кайсы документтин) _________________________________________ Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду ┌─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┬─┬─┐ ┌─┬─┬─┬─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┬─┐ └─┘ └─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┘ Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги _________________________________ Төмөнкү документтерди берүүнү суранам:
Маалыматты тез аранын ичинде берүүнү суранам ___________________________________________________________________________, (графа тез аранын ичинде каттоо керек болсо толтурулат) мөөнөттүн коэффициенти _______________________________________, аткаруу мөөнөтү (күн, саат) ______________________________________________________________________ Техникалык өлчөмдөрдө өзгөрүүлөр жок. Арыз ээсинин колу ________________________ Төлөнгөндүгү тууралуу документ тиркелет: түрү _________ № ________ ____________________________________________________________ суммасында
Күнү 20__-жылдын «__» __________________
Арыз ээсинин колу: _______________________________________________
Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистин аты-жөнү ______ жана колу _____________________________________________________________
Арыздын түшкөн күнү 20__-жылдын «__» _____________
|
8-тиркеме
Кыймылсыз мүлк бирдиги тууралуу арызды кабыл алууну жана маалымат берүүнү каттоо журналы
Эскертүү: Журнал акы төлөө негизинде арыз берилгенде толтурулат. № 1 графада жазуунун катар номери көрсөтүлөт; № 2 графада арыз берүү убагы, күнү, айы, жылы көрсөтүлөт; № 3 графада маалымат сурап жаткан органдын аталышы көрсөтүлөт; № 4 графада кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду жана дареги көрсөтүлөт; № 5 графада берилген маалыматтын түрү көрсөтүлөт (күрөөгө маалымкат, сатуу, белекке берүү, алмашуу, мураска кирүү ж.б.); № 6 графада квитанциянын номери жана төлөнгөн сумма көрсөтүлөт; № 7 графада документтерди кабыл алган, документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистин аты-жөнү көрсөтүлөт; № 8 графада маалымат берилген күн, ай, жыл көрсөтүлөт; № 9 маалымат алган жактын аты-жөнү көрсөтүлөт жана колу коюлат. 9-тиркеме
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________
Берилди __________________________________________________________ (жеке адамдын аты-жөнү, маалыматты суратып жаткан _______________________________________________________________________ юридикалык жактын толук аталышы) Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________ Дареги: ____________________________ облусу _______________ району __________________________________________________________ айыл округу. Калктуу конуштун аталышы: ________________________________________ _____________________________ көчөсү,№_________,№______________ кв. Кыймылсыз мүлктүн түрү: __________________________________________ Пайдалануунун түрү: ______________________________________________ Максаттуу арналышы: ______________________________________________
Кыймылсыз мүлккө менчик укугунун таржымалы
┌──┬─────────────┬──────────┬───────┬────┬────────────────┬───────────┐ │№ │ Менчик │ Мамлекет-│ Токто-│Үлүш│ Жалпы │ Кыймылсыз │ │ │ ээси/ээлери │ тик │ тулган│ │ биргелешкен/ │ мүлк │ │ │ (жеке │ каттоодон│ датасы│ │ жалпы үлүштүк/ │ бирдигине │ │ │ адамдын │ өткөн │ │ │ менчик │ укукту │ │ │ аты-жөнү же │ │ │ │ │ ырастоочу │ │ │ датасы │ │ │ │ │документтер│ │ │ юридикалык │ │ │ │ │ │ │ │ жактын │ │ │ │ │ │ │ │ аталышы) │ │ │ │ │ │ ├──┼─────────────┼──────────┼───────┼────┼────────────────┼───────────┤ │ │ │ │ │ │ │ │ └──┴─────────────┴──────────┴───────┴────┴────────────────┴───────────┘
Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары жөнүндө таржымал
┌───┬────────┬──────────────┬─────────────────┬───────────┬───────────┐ │№│ Пайда │ Пайда алууга │ Кыймылсыз │Мамлекеттик│Токтотулган│ │ │ алууга │ укукту │ мүлктүн чектөө │ каттоодон │ датасы │ │ │ укугу │ ырастоочу │ салынган │ өткөн │ │ │ │ │ бенефициардык│ бирдигинин │ датасы │ │ │ │ │ документ │ идентификациялык│ │ │ │ │ │ │ коду │ │ │ ├───┼────────┼──────────────┼─────────────────┼───────────┼───────────┤ │ │ │ │ │ │ │ └───┴────────┴──────────────┴─────────────────┴───────────┴───────────┘
Кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн жок же бар экендиги жөнүндө таржымал
┌───┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────┬───────────┐ │№│Бенефициардык│ Чектөөнүн │ Чектөөгө │Мамлекеттик│Токтотулган│ │ │бирдик же жак│ түрү │ документ │ каттоодон │ датасы │ │ │ │ │ │ өткөн │ │ │ │ │ │ │ датасы │ │ ├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤ │ │ │ │ │ │ │ └───┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────┴───────────┘
М.О.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын начальниги ______________ ________________________ (начальниктин (начальниктин аты жөнү) колу)
Каттоочу __________________ ____________________________________ (каттоочунун колу) (каттоочунун аты жөнү)". 10-тиркеме
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________, 00:00
Берилди _________________________________________________________, (арыз ээсинин аты-жөнү) Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтарына ылайык ________________________________________________________________ (жеке жактын аты-жөнү, юридикалык жактын толук аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган эмес.
М.О.
Адис _________________ _________________________________________ (колу) (аты-жөнү)".
11-тиркеме
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________, 00:00
Берилди __________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматына ылайык ___________________________________________________________________ (жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган: ┌───┬─────────┬──────────────┬─────────┬──────────────┬───────┬───────┐ │КМБ│ Дареги │ Арналышы │ Пайдала-│Кыймылсыз мүлк│ Кат- │ Токто-│ │ко-│ │ │ нуу │ бирдигине │ талган│ тулган│ │ду │ │ │ формасы│ болгон укукту│ датасы│ датасы│ │ │ │ │ │ ырастоочу │ │ │ │ │ │ │ │ документтер │ │ │ ├───┼─────────┼──────────────┼─────────┼──────────────┼───────┼───────┤ ├───┼─────────┼──────────────┼─────────┼──────────────┼───────┼───────┤ └───┴─────────┴──────────────┴─────────┴──────────────┴───────┴───────┘
М.О.
Адис _________________ _________________________________________ (колу) (аты-жөнү)".
|