Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 1
Боо-Терек айыл аймагында жашаган жер үлүштөрүн албай жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген транштын негизинде жер үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы Боо-Терек айыл аймагында жашаган жер үлүштөрүн албай жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген транштын негизинде жер үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө башкы адис Э.Бейшебаевдин маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айыл аймагындагы жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен:
“ Көк-Жар”, “Камбар – 30”, “Көкөтай” , “Стан-90”, “Назаралы”, “Доку”, “Алтын-Дөбө” “Айтыш” массивдеринен Боо-Терек айыл аймагында жашаган жер үлүштөрүн албай жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген транштын негизинде жер үлүштөрү бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Э.Бейшебаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымкулова |