Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 2
Боо-Терек айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун 2016-жылы пайдаланбай бош калган жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы Боо-Терек айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун 2016-жылы пайдаланбай бош калган жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө башкы адис Э.Бейшебаевдин маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Боо-Терек айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун 2016-жылы бош калган жерлерине ауцион өткөрүлсүн.
2.Аукционду уюштуруу жана өткөрүү жагы башкы адис Э.Бейшебаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымкулова |