Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-октябры № 3
Боо-Терек айылынын көчөлөрүнүн жашоочулары тарабынан кызыл сызыкты жана жол эрежесин бузгандар боюнча чара көрүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы Боо-Терек айылынын көчөлөрүнүн жашоочулары тарабынан кызыл сызыкты жана жол эрежесин бузгандар боюнча адис У.Рыспаевдин маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылынын көчөлөрүнүн жашоочулары тарабынан көчөнүн чегинен чыгып кеткендерге жана жол эрежесин бузгандарга 5000( беш) сом өлчөмүндө айыл өкмөтү тарабынан айып ( штраф) салынсын .
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн адиси У.Рыспаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымкулова |