Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 4
Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан балык көлмөнүн ээлери Т.Кайназаров жана Т.Мураталиевдердин арызы жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан балык көлмөнүн ээлери Т.Кайназаров жана Т.Мураталиевдердин арызын карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан балык көлмөнүн ээлери Т.Кайназаров жана Т.Мураталиевдердин арызы боюнча 2016-жылдын жаз айларында катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкындап көлмөлөрүн балыгы менен кошо суу алып кеткендигине байланыштуу 2016-жылдын жер салыгынан 3 (үч) жылдык мөөнөт менен бошотулсун .
2. 3 (үч) жыл мөөнөтү өткөндөн кийин көлмөлөрдүн жер салыгын төлөө көлмөлөрдүн ээлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Р.Молтоевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымкулова |