Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 8
Боо-Терек айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 30-апрель 2015-жылдагы № 25/1 буйругунун негизинде Боо-терек айыл аймагынын 11-июнь 2015-жылы № 02-4/54 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Боо-Терек айыл аймагынын Боо-терек калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын тарабынан даярдалган Боо-Терек айыл аймагынын Боо-Терек калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Алымкулова |