Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IIсессиясы
2017-жылдын 18-январы №2
“Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019 -жылдардагы болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровдун докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандыраалык деп табылсын.
2. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017 - жылга көлөмү 5678.0 мин сом суммасында бекитилсин.(бюджет-5538.0 мин сом,атайын каражат 140,0 мин сом).
3. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы болжолдуу бюджети 5779,7 мин сом, 2019-жылга болжолдуу бюджети 6096,8 мин сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн тарнспорт салыгына 50,0 мин сом жана там арка салыгына 6,0 мин сом жалпысы 56,0 мин сом кошумча киреше болуп бекитилсин.
5. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2017- жылга тузулгөн штат бирдиги бекитилсин.
6. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозунун өзгөрүшүүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү ,жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген билдирмелердин негизинде чектөө планын өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнун башчысы Н.Өсөровдун мидеттендирилсин.
7.2017-жылга Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү грант биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга сарпталсын.
8. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жана башка төлөмдөрдү белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткаруунун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн башчысы Арапбай уулу Азимшахка милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекс жөнундөгү» Мыйзамына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип,айдын кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровко жүктөлсүн.
10. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси жөнүндө 16.05.2016-жылдагы №60 мыйзамдын 24-беренесине ылайык 50,0 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөттүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
11. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн КР Өкмөтүнүн № 403 токтомунун негизинде 4,0 айыл башчы жана 2,0 аскерге чакыруу жана паспорт стол штаттык бирдиги киргизилсин.
12. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2017-жылга кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийгис 150,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана бул акча каражаттын максаттуу пайдалануу жарандык коргоо комиссиясынын чечими аркылуу иштеттүү милдеттендирилсин.
13. АРИС тарабынан берилүүчү техниканы сатып алуу үчүн өздүк салым катары 500,0 мин сом акча каражаты каралсын.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Турменовко жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А. |